Бишкектеги Кино үйүндө француз тилиндеги фильмдер көрсөтүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-март күндөрү Бишкектеги Кино үйүндө төрт француз тилиндеги фильмдер көрсөтүлөт.

8545_1Франкофония жумалыгынын алкагында көрсөтүлө турган тасмалардын арасында режиссер Шарль Бинаменин “Морис Ришар” аттуу белгилүү хоккейчи жөнүндөгү фильми бар. Анда хоккей боюнча бир катар рекордду койгон Морис Ришардын оюн аянтындагы таланты даңазаланат.

1414_2Мындан тышкары бельгиялык режиссер Жако Ван Дормелдин “Тото-каарман” (“Тото-герой”) тасмасы бар. Бул фильмде төрөт үйүндө чыккан өртүн кесепетинен улам өзүн кошунасы Альфред Кант менен алмаштырып коюшкан деп ишенген Томдун тагдыры тууралуу баяндалат.

3Француз тилиндеги тасмаларды көрсөтүүнү Жамиля Сарауинин “Баракат” аттуу фильми улантат. Аталган тасмада 1990-жылдардагы Алжирдеги жарандык согуштун жүрүшүндө күйөөсүн жоготуп, аны издөөгө чыккан Амелинин жолдо көргөн азап-тозогу сүрөттөлөт.

4Франкофония жумалыгынын алкагында көрсөтүлө турган тасмаларды 14-март күнү Швейцария режиссеру Урсула Мейердин “Үй” деген фильми жыйынтыктайт. Бул фильмде айыл жеринде кароосуз калган көчө боюндагы жалгыз үйдө жашаган бир үй-бүлөнүн турмушу чагылдырылган.

Эске сала кетсек, Бишкектеги Франкофония жумалыгы 12-марттан 16-мартка чейин созулуп, анда бир катар маданий иш чаралар өткөрүлөт.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 10.03.2010-ж.

Эбепке себеп дегендей. Париждин бир нече фотосүртүмдөрү:

IMG_1368

IMG_1374

IMG_1381

IMG_1387

IMG_1401

IMG_1428

IMG_1475

IMG_1476

IMG_1425

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.