А. Акматалиев: “Манаска” комплекстүү мамиле керек
“Манас” эпосу тууралуу мыйзам долбоорун Президент Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтту. Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору окумуштуу Абдылдажан Акматалиевди ушул темада кепке чакырдык.
– Мына кечээ президент “Манас” эпосун жайылтып, даңазалоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөттү. Бул мыйзам долбоордо бир топ жакшы иштер көрсөтүлүптүр. Муну биздин “Азаттыктын” угармандары, күйөрмандары да абдан кубаттап атышат. Мыйзам долбоорунун алкагында иш адегенде эмнеден башталыш керек?
– Бул эң жакшы иш болду. Анткени “Манас” эпосуна өзгөчө статус бериш керек эле. Ошол миң жылдыктан кийин “Манас” эпосуна көңүл бурулбай, кайдыгерлик менен карап келген элек. Азыр эми өзгөчө көңүл бурулат го деп ойлойбуз. Эң башкысы бул “Манастын” тексттерин Сагынай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин, Чокморовдун, Сазановдун, Жээковдун, Мусулманкуловдун, Тоголок Молдонун тексттерин элге жеткириш керек. Жөн эле “Манас” деп Манастын аты менен эле жашап келдик. Бирок конкреттүү иштер жасалган жок.
Эң биринчи “Манас” деген эмне экендигин түшүндүргөн тексттерди өз-өзүнчө вариант кылып жарыялаш керек. Экинчиден, ар түрдүү катмарлар бар да, окуучулар, студенттер, жалпы калың масса бар, ошолорго ылайыкташтырып туруп, ошолордун табитине, деңгээлине жараша, мисалы “Библия” сыяктуу эле кичинекей бала бакчадан баштап керектүү, сүрөттүү иллюстративдүү материалдар менен жабдылган ар түрдүү форматтагы жана формадагы китептерди чыгарыш керек.
Анан кол жазмалар, жазылып алынган тасмалар бар, ошолордун баардыгын калыбына келтириш керек. Мисалы УТРКда, биздин кол жазмалар бөлүмүндө манасчылардан жазып алган пленкалар бар. Мына ошолордун бардыгын калыбына келтириш керек, системага салыш керек, анан Манасты изилдөөгө комплекстүү көңүл буруш керек. Мына ошентип ар түрдүү формада жайылтыш керек.
– Абдылдажан мырза, өзүңүзгө белгилүү болгондой, мурун Манастын жети осуяты деп идеология катары иштелип чыгып, элге жайылтуу боюнча иш аракеттер жүрбөдү беле. Бирок мен билгенден ошол мектеп дубалында илинген бойдон эле калды. Азыркы иш чаралар да ошондой болуп калат деген кооптонуу жокпу?
– Жок, андай болбош керек. Биз аны башыбыздан өткөрүп, жөн эле идеология деп “Манасты” окутпай, окубай туруп эле айта бердик да. Эми биз кан, жаныбызга, аң-сезимибизге “Манасты” бала бакчадан баштап ар түрдүү деңгээлде сиңире бериш керек. Бул биздин күндөлүк жашообузда болуш керек. Ал эми мунун кээ бирибиз жомок деп, кээ бирибиз легенда деп, кээ бирибиз байыркы турмуш деп артка кылчайып атабыз деген ойлордон алыс болушубуз керек деп ойлойм.
– Ошол мыйзам долбоордо илимий иликтөө иштерин жүргүзүү жөнүндө айтылыптыр.
– Илимий иликтөөлөр жүрүш керек жаңы көз караш менен. Совет учурунда көп эле изилдөөлөр жүргөн Манас боюнча, дүйнөлүк окумуштуулар кайрылган. Бирок Совет учурундагы идеология байланыштуу көп нерселер айтылбай калган да. Мына тарыхыбыз, жашоо турмушубуз, улуттук аң-сезимибиз. Мына ушулардын баардыгын эле “Манастан” тапса болот да. Ошолорду философия, тил, медицина, тарых, астрономия, география, дегеле баардык илимди байланыштырып комплекстүү изилдөө зарыл деп ойлойм.
Элеонора Бейшенбек кызы, “Азаттык”, 01.04.2010-ж.