Кино үйүндө жаңы дебют

31-мартта Бишкектеги Кино үйүндө режиссер Эрнест Абдыжапаровдун өнөрканасынан чыккан 10 режиссер кинодогу дебюттарын көпчүлүк сынына койду. Кыска метраждуу тасмалардын бет ачарына өлкөдөгү белгилүү, ат-баштуу режиссерлор келип, чыгармаларга өз баасын беришти.

Гулира Үркүмбаева бизнес жаатында гана шугулданып, тээ балалыгында эңсеген кино тартуу тилегин буга чейин купуя сактап келгенин айтат:
– Жан дүйнөмдө гана жашачу деп айтсам болот. Сыртка, ачыкка чыгарчу эмесмин. Бирок жан дүйнөмдө чыгармачылык жашап келгенден улам киного тартууга белсенип келгем.

Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун өнөрканасынан таалим алгандан кийин, кино тарта алаарына ишеними күчөгөн Гулира “Сен бар жерде” аттуу алгачкы тасмасын тартып, 31-мартта Кино үйүндө ал чыгарма көрүүчүлөр тарабынан өтө жылуу кабыл алынды.

Тасмада кыргыз кызын жактырып калган түрк студентинин махабаты лирикалуу жана ары романтикалык мүнөздө баяндалат.

Гулирадай эле Эрнест Абдыжапаровдун кино өндүрүшү боюнча өнөркөнасынан таалим алган он адам бул күнү өз чыгармаларын тартынбастан көпчүлүк сынына кое алышты.

Алардын арасында 6-10 минуттук комедиялык, социалдык, философиялык мазмуну бар тасмалар болду.

Бул кыска метраждуу фильмдер өтө кызыктуу келип көрөрмандардын купулуна толуп турганы ар бир кинодон кийинки дүркүрөгөн кол чабуулардан сезилип турду.

Тасмалардын бет ачаарына өлкөдөгү белгилүү режиссерлор Артыкбай Сүйүндүков, Темир Бирназаров, Садык Шер-Нияз келип, кино сынчы катары өз ойлорун ортого салышты.

Кино дүйнөсүнө өзү деле жаңы аралашып жатканын айткан режиссер Садык Шер-Нияз жаш киночуларга ыраазылыгын билдирип өттү.
– Силердин эмгегиңерчынын айтканда чоң эрдик. Мына бул жерде кыргыз кереметин жасаган аксакалдарыбыз да отурат. Бирок ойлонуп көрөлүчү. Тарыхка кайрылсак, ошол режиссерлорго миллиондогон акчалар берилип, бардык техника менен камсыздалып, бүткүл Кыргызстан ошолорду көтөрүп урматтаганда тартылган да ошол “кыргыз кремети”. Анан бүгүнкү күнү ушул балдар өздөрүнүн тыйыны менен “кино тартам” деп аракет кылышын эрдик деп эсептейм. Мына ушуларга кол чабалы бүгүн.

Шакирттери эмгектери жылуу кабыл алынганына режиссер Эрнест Абдыжапаров да кубанычын билдирип, кино дүйнөсүнө аралашкысы келген дээринде бар жаштарга дайым өнөрканасынын эшииги ачык экенин белгилеп өттү.
– Мастер-класстарымды дагы өрчүтүш, өзгөрүү киргизиш деген ойго келип атам. Кинолорду залдын кабыл алганына карап кубануу, албетте, болуп атат. Себеби киного эч кандай тиешеси жок адамдар кызыктуу кылып, элге жагымдуу кылып кино тартып атканы ыраазы кылбай койбойт.

Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун кино тартуу боюнча өнөрканасы бул жылы 5-апрелде өз ишин баштайт.

Элен Куленбекова, “Азаттык”, 01.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.