Азамат Болгонбаев: Ок атуулар кайталанбашы үчүн биринчи кезекте маданиятты көтөрүү керек

08_1Кыргызстанда 7-апрелдеги окуялар кайра кайталанбашы үчүн биринчи кезекте экономиканы эмес, маданиятты көтөрүү керек. Экономика өнүкмөйүн өлкө өнүкпөйт деген лозунгдар чындыкка жатпайт. Мындай оюн бүгүн “Биримдик” жаштар кыймылынын мүчөсү, белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев билдирди.

“Кайрадан ок атууларга жол бербөө үчүн экономиканы эмес, күч структураларын эмес, биз кайра-кайра мактанып келген туризмди да эмес, эң биринчи маданиятты көтөрүп чыгуу керек. Эмне үчүн биринчи кезекте маданиятты колдош керек? Алсак, “Манасты” көтөрүп чыгуу менен ал кыргыз жаштарынын мыйзамы да, конституциясы да болушу керек деп эсептейм. Ошондой эле кыргыздын улуттук каада-салтын, өнөрүн колдоп чыгуу зарыл. Ошондо гана мындай окуялар Кыргызстанда кайталанбайт жана болбойт”, – дейт Азамат Болгонбаев.

Төкмө акындын пикиринде, маданият тармагына бүгүнкү күндө маданиятты түшүнгөн, аны колдогон адамдын келиши керек.

Эске сала кетсек, “Биримдик” жаштар кыймылы Бишкектеги Жаш Гвардия бульварын баатырлар аллеясы же даңк аллеясы деп атоону жана Киев-Жаш Гвардиянын кесилишинде окко учкандарга эстелик тургузууну сунуштап жатышат.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 13.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.