Эшмамбет Байсеит уулу

Байсеит уулу, Эшмамбет (1870, азыркы Токтогул району, Кырк-Казык кыштагы – 1926, Талас, Чечекти жайлоосу) — кыргыздын төкмө ырчысы. Токтогулдун эң жакын шакирти. Ырчылыгы он беш жашында башталган. Ырларын комуз менен коштоп аткарган. 1885-ж. оор турмуштун айынан Кетмен-Төбөгө барып, ал жерде көп жыл турган. Чыгармачылыгынын алгачкы мезгилинде эски коомдук турмуштун, уруу идеологиясынын таасиринен улам акын бай-манаптардын зоболосун көтөрүүгө кызмат кылуучу ырлар да чыгарган. Эшмамбеттин ырларындагы демократтык тенденциянын тереңдеши жана ырчылык чеберчилигинин жетилишине Токтогул көп таасир берген. Токтогул Сибирге айдалганга чейин да, сүргүндөн келгенден кийин да Эшмамбет улуу акын менен бир жүрүп, ырчылык өнөрүн өркүндөткөн, таалим-тарбия алган. Токтогул экөөнүн бийлөөчү тапты, кожо-молдолорду ашкерелеген «Токтогул менен Эшмамбеттин эшен-калпаларга карата ырдаганы», «Папы калпа», «Ак туяк» ж. б. алым сабак ырлары белгилуу. Эшмамбеттин өзүнөн да дин өкүлдөрүн ашкерелеген социалдык маанидеги сатиралык чыгармалар калган. Эшмамбет айтыш өнөрүнүн устаты болгон. Анын Жеңи жок, Жачыбай, Курман, Найманбай, Алтынай, Нурмолдо, Чоңду, Барпы,,Калык ж. б. менен ар түрдүү тематикадагы, ар кыл мазмундагы айтыштары бар. Табият көркүнө, дыйкандарга, жаштарга арналган оригиналдуу чыгармалардын да автору. Эшмамбеттин санат, терме ырларын замандаштары айрыкча жогору баалашкан. Эшмамбеттин революсиядан кийинки чыгармачылыгында Ленинди, жаңы заманды даңазалаган ырлары («Ленинге ыракмат», «Өкүмөткө ыракмат», «Жаштарга») маанилүү орун ээлейт. Эшмамбет «Жаныш-Байыш», «Кедейкан», «Саринжи-Бекей» эпосторун да айткан.

«Уикипедиядан» алынды

 

Ырлар

САНАТ

Өмүр жашоо бардыгы
Келбейт экен бүркүмгө.
Чын акылың жетишсе
Чыныңды бурба күкүмгө.
Бул жашоонун чоң жолу
Сала берет түркүмгө.

Жер бетинде тирилик
Жайнай берет тирилип.
Алда кайда созулат
Аккан дайра ийрилип.
Адамзаттын өмүрү
Ага берет киринип.

Дат жукпас сары алтынга
Таасириң болот баркыңда.
Кезегиң барда эр жигит
Күмүш өңдүү жаркылда.
Аргымак аттай арышта
Атагың калсын артыңда.

Кылкылдаган кымыздай
Кызыткан болчу жашчылык.
Дене бойду от жакпай
Ысыткан болчу жашчылык.

Күркүрөп аккан дайранын
Шарындайсың жашчылык.
Чайга кошкон аарынын
Балындайсың жашчылык.
Кетээриңде от болуп
Жалындайсың жашчылык.
Бир кеткен соң экинчи
Табылбайсың жашчылык
Баркын билбей жаш кезде
Болот тура масчылык.
Сагынсам да кайрадан
Келбейсиң го бастырып.
Ак куулар канат каккандай
Учуп кетти жашчылык.
Кашыма бир конду да
Сызып кетти жашчылык.
Асмандагы Күн, Айдын
Жаркыны го жашчылык.
Ардактаган адамдын
Алтыны го жашчылык.
Саябандуу бай терек
Салкыны го жашчылык
Адамзаттын жүрөктө
Каны беле жашчылык.
Эр жигиттин көзүндө
Шамы беле жашчылык.

 

ТОКТОГУЛ СИБИРДЕН КЕЛГЕНДЕ
ЭШМАМБЕТ ЫРЧЫ МЕНЕН УЧУРАШКАНЫ

Эшмамбет:

Кунандын оозун керген бейм?
Кудайым чындап берген бейм?
Куюгуп элден адашкан,
Кургурум Током келген бейм?
Кубанышып бир өскөн
Булбулум Током келген бейм?!

Аргымак оозун керген бейм,
Аябай кудай берген бейм?
Айдалып кеткен Сибирге
Акын Током келген бейм?
Акындыгы кыргызга
Маалым Током келген бейм?!

Телгүрөң оозун керген бейм?
Теңирим чындап берген бейм?
Тентип Сибирь айдалган,
Тепки жеп, жолу байланган,
Теңтушум Током келген бейм?!

Каранын оозун керген бэйм?
Каардуу торго кармалган,
Кара жол Сибирь айдалган,
Кара жаак, кайкы тил,
Кайраным Током келген бейм?!

Күлүктүн оозун керген бейм?
Кунадыр келип кармаган,
Күйүттүү күндө зарлаган,
Күмүш жаак, күлүк тил
Күкүгүм Током келген бейм?

Буурулдун оозун керген бейм?
Бу кудайым берген бейм?
Мусапыр болуп айдалган,
Бурулуп колу байланган,
Булбулум Током келген бейм?
Бурулушта чарчабас
Дулдулум Током келген бейм?

Торунун оозун керген бейм?!
Толгонуп колу байланган,
Топ солдаттар айдаган.
Торгоюм Током келген бейм?!

Кара чепкен, кыйма тон.
Кийген Током келген бейм?
Камакта туткун көп жылы
Жүргөн Током келген бейм?!

От араба, машине
Минген Током келген бейм?
Залимде туткун көп жылы
Жүргөн Током келген бейм?!

Зар кайгыда, түрмөдө
Жаткан Током келген бейм?
Саабалар жар болуп
Баккан Током келген бейм?!

Үркүттөгү түрмөдө
Жаткан Током келген бейм?
Үстүрткөн кудай жар болуп
Баккан Током келген бейм?!

Маскөөдөгү түрмөдө
Жаткан Током келген бейм?
Баабединдер жар болуп
Баккан Током келген бейм?

Итке салган чанага
Түшкөн Током келген бейм?
Ичкиликке кара чай
Ичкен Током келген бейм?!

Кайнап күйүп чок болгон,
Кайгылуу күнгө токтолгон,
Каардуу торго чалынып,
Кармалып кыйноо сот болгон.

Күйүп-жанып чок болгон,
Күйүттүү күнгө токтолгон,
Күкүктөй болгон алтын баш.

Күнадыр сурап сот болгон,
Өчкөнүм кайра өнгөн бейм?
“Өлдүбү?” деп түңүлсөк,
Өнөрпоз Током келген бейм?!

Бугуга салган чанага
Түшкөн Током келген бейм?
Мусапыр болуп кара чай
Ичкен Током келген бейм?!

Алты жылы пияда
Баскан Током келген бейм?
Алтындын кенин талкалап
Казган Током келген бейм?
Ак падыша залимге
“Жазган” Током келген бейм?!

Жети жылды пияда
Баскан Током келген бейм?
Жездин кенин талкалап,
Казган Током келген бейм?
Жергелүү калың элинен
Азган Током келген бейм?
Жети жылы мээнет, шор
Тарткан Током келген бейм?!

Күнү-түнү пияда
Баскан Током келген бейм?
Күмүштүн кенин талкалап
Казган Током келген бейм?
Гувернатор залимге
«Жазган» Током келген бейм?

Жайы-кышы пияда
Баскан Током келген бейм?
Жамбынын кенин талкалап
Казган Током келген бейм?
Жарым падыша залимге
“Жазган” Током келген бейм?

Түрмдө түктүү жашыңды,
Тууганга тирүү жеткирди
Тутулуп кеткен башыңды.
Айдоодо түктүү жашыңды,
Асырап тирүү келтирди
Алмадай азиз башыңды.

Барып келдиң Маскөөгө,
Туруп келдиң Үркөткө.
Туткун болдуң көп жылы
Тумшугу кандуу бүркүткө.

Кармалып кеттиң кар болуп,
Калкыңа жетпей зар болуп,
Кайтын келдиң, Токтогул,
Капсылазам жар болуп.

Үркүттө жүрдүң кар болуп,
Үйүңө жетпей зар болуп.
Кайрылып келдиң, Токтогул,
Үстүртөн кудай жар болуп.

Камакка түштүң кармалып,
Калкыңа жетпей зарланып,
Кайтып келдиң, Токтогул,
Карчыга куштай айланып.

Түрмөдө жаттың байланып,
Тууганга жетпей зарланып,
Тууруңа кондуң, Токтогул,
Турумтай куштай айланып.

Жер тамда жаттың байланып,
Жериңе жетпей зарланып,
Жете келдиң, Токтогул,
Жетигендей айланып.

Түрмөдө жүрдүң алдырап,
Тууганга жетпейт дабырап,
Тумшугу жок солдаттар
Туура кылыч көтөрүп,
Туруп кадам бастырбай,
Тушуңда турду балдырап.
Туткунда жүрдүң, Токтогул,
Туйгундай көзүң жалдырап.

Жер тамда жаттың алдырап,
Жериңе жетпей дабырап,
Жерге кирген солдаттар
Жети кадам бастырбай,
Жез пайнек1 кылыч көтөрүп,
Желкеңде турду балдырап.
Жете албадың элиңе,
Жетимдей көзүң жалдырап.

Айдоодо жүрдүң алдырап,
Айбаалыдай солдаттар
Алты атар мылтык көтөрүп,
Алты кадам бастырбай,
Аркаңда турду балдырап.
Амалың жок ошондо
Айнектей көзүң жалдырап.

Ак кагазга чийилип
Сөзүң келди, Токтогул
Ак панардай жалтырап
Көзүң келди, Токтогул
Аманыңды сурачу
Кезим келди, Токтогул!

Айдалгандар өлгөндө,
Көрдүң бекен, Токтогул?
Ак кепиндеп, аруу жууп,
Көмдүң бекен, Токтогул?
Айдоодо жүрүп, азапка
Көндүң бекен, Токтогул?

Ажыдаарга арбалган,
Ак капканга кармалшн,
Алтымыш эки азамат
Кай жерде өлдү, Токтогул?
Ал мусапыр карыпты
Кимдер көмдү, Токтогул?

Кара топчу бойдо жок,
Кармалып кеткен кургурум
Кайрылат деген ойдо жок
Кызыл топчу бойдо жок,
Кыйноого кеткен Токтогул
Кылчаят деген ойдо жок.

Ага-иниге айттың саламды,
Аралап келдиң, Токтогул.
Анжиян шаар калааңды.
Аман көрдүң, Токтогул,
Аркаңда жалгыз балаңды.

Келтирип айттың саламды,
Келип көрдүң, Токтогул,
Кетмен-Төбө калааңды.
Келип сүйдүң арман жок
Керээзиң жалгыз балаңды.

Курсант кылдың жакынды.
Куп дөөлөтүң бар экен,
Кучактадың жарыңды.
Кол кармашып көрүштүм,
Курбулугум таанылды.

Асырап келдиң, саламат
Бир чымындай жаныңды.
Аман көрдүң, Токтогул.
Алганың Тотуй жарыңды.
Теңселешип бир өскөн
Теңтуштугум таанылды.

Жети-Суу менен Жерге-Тал,
Жериңе келдиң, Токтогул.
Жети уруу саяк, көп сарттар
Элиңе келдиң Токтогул.
Жер сагынып, эл самап,
Демиңе келдиң, Токтогул.

Кайырма менин Кең-Арым,
Жериңе келдиң, Токтогул.
Калың сарттар, көп багыш
Элиңе келдиң, Токтогул.
Кадимкидей кайгысыз
Демиңе келдиң, Токтогул,
Кайгы-зарың сурачу
Эбиңе келдим, Токтогул.

Имерилип турамын,
Ишене албай сурадым.
Токтогул, сени көргөнүм,
Өңүмбү же түшүмбү?
Өлүмгө кеткен кишимби?
Чын, Токтогул, сен болсоң,
Өрттөбөй айткын ичимди?

Кадик кылып турамын,
Кайта баштан сурадым,
Капилет көргөн түшүмбү?
Кан соруучу залимге
Кармалып кеткен кишимби?
Чын Токтогул, сен болсоң,
Кайгыртпай айтчы, ичими!

Анык болсоң Токтогул,
Ачыптыр кудай жолуңду,
Арылткан экен шоруңду.
Аттан түшчү, Токтогул,
Бир кармайын колуңду.
Аттан түшчү көрөйүн,
Алкымыңдан өбөйүн.
Кое бербей карышып,
Коюн-колтук алышып,
Кучакташып турайын.
Аман-эсен келдиңби,
Куюгуп кеткен жубайым?

Ал-абалың сурайын,
Айкалышып турайын.
Аман-эсен келдиңби,
Айдалып кеткен жубайым?

 

Токтогул:

Амансыңбы, карагым?
Азыраак айткан сөзүңө
Алсырап кетип барамын.
Эч кабарын албапсың,
Имерилип барбапсың,
Өлгөндө турпак салбапсың,
Аркамда жалгыз баламдын.

Эсенсиңби, карагым?
Элдир-селдир сөзүңө
Эзилип кетип барамын.
Имерилип барбапсың,
Үстүнө турпак салбапсың
Эрмегим жалгыз баламдын.

Туулбасаң да, Эшмамбет,
Тутунгандай бала элең,
Мен тутулуп кеткенде,
Туурумда калган жан элең.

Имерилип барбапсың,
Энемден кабар албапсың,
Иниңе турпак салбапсың.
Мен кеттим колго тутулуп,
Сен келипсиң, Эшмамбет,
Койчулуктан кутулуп.
Комуз чертип ар кайда
Ырдап жүрсүң кутуруп.

Малайлыктан кутулуп,
Манаптардын алдында
Мактап жүрсүң кутуруп.
Калайык калкым күлсүн деп,
Капастан келген Токоңдун
Кайгы-зарын билсин деп,
Көөнүңө алба, Эшмамбет,
Айтып ийдим ар кыл кеп.

Калк угар кызыл тилимди,
Кадырымды сураган,
Кара жашы кулаган.
Кара жаак инимби?
Башта жөнөкөй ырчы экенсиң,
Эми кадырың көпкө билинди.

Эл угар кызыл тилимди,
Эсендигим сураган,
Эки көздөн аккан жаш
Эки беттен кулаган,
Эшмамбет кичүү инимби?
Башта сен элдир-селдир экенсиң,
Эми элиңе дайның билинди.

Жанымда бирге жүргөнсүп,
Жазганымды сурадың,
Жайы-кышы пияда
Басканымды сурадың,
Жамбынын кенин талкалап,
Казганымды сурадың.

Айдоого бирге баргансып
Азганымды сурадың.
Алты жылы пияда
Басканымды сурадың.
Азап менен мээнет шор
Тартканымды сурадың.
Алтындын кенин талкалап
Казганымды сурадың.

Кармалып бирге баргансып
Азганымды сурадың.
Караңгыда пияда
Басканымды сурадың,
Кайгы менен мээнет шор
Тартканымды сурадың.

Ак эшендин ишинен
Алтымыш эки кишинин
Адатын менден сурадың.
“Аманы канча калды?” деп
Санатын менден сурадың.
Өзүм менен кеткендин
Адатын менден сурадың.
“Өлгөнү канча болду?”–деп
Санатын менден сурадың.

Сагызгандын уясын
Салган жерин сурадың.
Сапарбай менен Кыпчакбай
Калган жерин сурадың.
Саламат келген Токоңдун
Барган жерин сурадың.

Көгүчкөндүн уясын
Салган жерин сурадың.
Көп муңдуунун кырылып
Калган жерин сурадың.
Көзү келген Токоңдун
Барган жерин сурадың.

Алтымыш эки кишиден,
Айдалган элдин ичинен:
Кутубай, Бакай, Качканак,
Качып чыккан баштараак.
Муратаалы, Мурзабек
Мурун качып келди эле,
Аркасынан Кулданбай
Куба качып келди эле.
Ошонун баары залимге
Кылмыш кылган эл беле?

Муратаалы эр эле.
Кас санаган душманга
Оозун ачкан бөрү эле.
Бу да калды Маскөөдө,
Мусапырлар кырылып,
Жуда калды Маскөөдө.

Молдосан менен Карабап
Айдалып бардык аралаш,
Жолдоштордон айрылып,
Бетимди жууду кара жаш.
Мунун баарын айтпасам,
Муңдуулугум жарабас.
Биз алыска барганда,
Булар да өлдү арманда.

Айдыраалы тирүү келди,
Өзүм менен бир келди,
“Амандашып келгин”–деп,
Астыртан мени жиберди.
Ал киши да аз күндө
Аралап көрөт силерди.
Айдоодо жүргөн Токоңду,
Ага-иним, тузуң имерди.

Андаштын уулу Сары эле,
Айдалып барган а деле.
Колунан көөрү төгүлгөн
Усталыгы бар эле.
“Чоюн башты кудай — деп,
Найзалык жыгач кыйды”– деп,
Айдатып ийген залимдер
Бечара уста Сарыны,
Сары бар тирүү Сибирде,
Мен өңдөнүп карыды.
Анын да өттү кайгыда
Өмүрүнүн жарымы.

Сары калды сактанып,
Залимден күйгөн тапталып,
Келсем деген ою бар
Падышадан акталып.
Калың топтун жартысы
Кара дарга асылган,
Калган элдин баарысы
Жыйырма беш жылдан жазылган.

Букара элден тың чыккан,
Бир тарабын тынчыткан,

Курама менен Мамырды,
Саратүпкө барганда,
Салды өлүм амырды.
Сар оору болуп айдоодо
Тарттык далай жабырды.

Бекеттерден айдалган,
Бекилип колу байланган,
Сен сурадың, Эшмамбет,
Баратаалы, Салбанды.
Көңүлгө алып сурадың
Көмүлбөй жолдо калганды.
Бир солдатты өлтүрсө,
Атып ийген болучу
Кыдыраалы балбанды.
Кызыл өрттөй залимден
Кыбырарга ал барбы?..
Көйкапка кеткен кургурду,
Көрүп жүрдүк өлгөнчө
Көк-Арттан барган Чыйбылды.
Айдалып кетип баратып,
Жолдо калды өлгөндө,
Жору, кузгун жеди окшойт,
Адам чыкпай көмгөнгө.

Адигине Өмүрбек
Сексен бир жашка барыптыр,
Сакалында кара жок,
Куудай болуп калыптыр.
Карыны жаштай кыйыктап,
Падыша залим тарыптыр.
Алты жашар баладай
Акылынан таныптыр.
Анын да сөөгү көмүлбөй,
Ара жолдо калыптыр.

Теңтуштарым өлгөндө,
Көргөнүм жок, Эшмамбет,
Терең көрүн кең казып,
Көмгөнүм жок, Эшмамбет.

Азаматтар өлгөндө,
Көргөнүм жок, Эшмамбет,
Ак кепиндеп, аруу жууп,
Айпооч салып, белин бууп,
Көмгөнүм жок, Эшмамбет.
Көрөйүн деп сурансам,
Көрсөтпөдү көзүмө,
Кулак салбайт залимдер
Мусапыр, муңдуу сөзүнө.
Кайран эрлер өлгөндө
«Кандай неме өлдү» деп,
Кабакка сүйрөп койду окшойт.
Карга, кузгун, ит, куштар
Тарпын талап тойду окшойт…
Катуу турмуш курусун,
Как ушундай болду окшойт!..

 

НУРМОЛДОГО ЫРДАГАНЫ

Мечиттен чыккан Нурмолдо
Шарият айтат күнүгө.
Нашаа чеккен жиндиге
Кошулуп алып Нурмолдо
Жоро ичет түнүндө.
Өлүп, көрүп келгенсип,
Бейиш менен тозокту
Түшүндүрөт элине.
Ырчы деген ыр ырдайт,
Нашаа чегип, мас болуп,
Шариятты ким айтат?
Ичкиликте молдо көп,
Эли үчүн пайда жок

 

МАНАПТАРГА КОРДОП ЫРДАГАНЫ

Ичи тар манап асылган,
Жалгандан ушак жазылган.
Токтогулду айдатып,
Манаптар көөнү басылган.
Эшмамбет менен Токтогул
Кедейлерди жактаган.
Ошол үчүн манаптар
Эшмамбет менен Токомду
Жоготууга сактаган.

Топко ырдатпайт манаптар,
Топтон айдап чыгарды.
Толкуп турган Эшмамбет
Торгойдой болуп сайраса,
Токтотпой башың жулам деп,
Топтон кууп чыгарды.

Кезеги келсе манапты
Келтектесе кол сүйөт,
Эчтекеге түшүнбөй,
Мен манапмын деп жүрөт.
Көрөсүң манап көрөсүң,
Бир күнү колго түшөсүң.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.