“Сахнада актриса, турмушта кадимки эле аялмын”
Актриса өзү айткандай буга чейин көп спектаклдерде ойноп, кыска метраждуу тасмаларга тартылса да аны эл жакшы тааный берчү эмес. Алсак, театрда Зулайка, Жульетта сыяктуу биртоп ролдорду ойносо, кийин белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Таранчы”, “Бекет”, “Босого” тасмаларына тартылган. Андан соң “Апамдын махабаты”, “Айыл өкмөтү”, “Окуя”, “Теңири” фильмдеринде ийгиликтүү ролдорду жаратса да бул айым өтө жөнөкөйлүгү менен айырмаланып келет. Акыркы эки жылда эле “Үзөңгү кармаган аял”, “Свет аке” тасмаларында негизги ролдорду жараткан белгилүү актриса Таалайкан АБАЗОВА менен аңгемелештик.
– Таалайкан айым, окуучулук кезиңизде ыр, бийди катырчу экенсиз. Эмнеге ырчы же бийчи болбой, актрисалыкты тандап алдыңыз?
– Мен кичине кезимен эле актриса болом дей берчүмүн. Эжем “кана, актриса болсоң эмне кыласың, көрсөтчү” десе, Толгонайдын балетин бийлеп “экзамен” берчүмүн. Мектепте болсо ыр, бий ийримдерине катышып жүрдүм. Курбу кызым Урматкан эркек болсо, мен кыз болуп экөөбүз грузин, индия бийлерин да көп бийлеп калдык.
– Жолдошуңуздун айтымында, студенттик кезде сулуулар конкурсуна катышып жеңүүчү да болупсуз. Ошол учурда мода тармагына кетүүнү ойлогон жок белеңиз?
– Андай ой болгон эмес. Эсимде, ошол конкурста жеңүүчү катары атым аталганда уялып, мен буга татыктуу эмесмин деген ойдо сахнага чыкпай койгом.
– Студенттик куракта курсташтарыңыздын эң сулуусу сиз экенсиз. Сизге сөз айтып, артыңыздан ээрчиген жигиттер көп болгон болсо керек?
– Болгон. Алардын ичинде жолдошум да бар эле. Курсташтарымдын эң кичүүсү болгондуктан кийин ага турмушка чыгам деп да ойлобопмун. Бир-эки жылдан соң ал билгизбей эле менин жүрөгүмдү багындырып алды. Мага анын жандүйнөсүнүн сулуулугу, адамгерчилиги, адамды угуп ага кеңеш бере алгандыгы жакты. Азыр ойлосом туура эле тандаптырмын. Ага баш кошконума өкүнбөйм.
– Ошол кездерде сулуумун деп бой көтөрсөңүз керек?
– Менде андай сапат табиятыман эле жок. Жолдошум да өтө эле жөнөкөйсүң деп айтып калат. Негизи өң-келбет болгон соң, “наглость второе счастье” дегендей аракет кылыш керек экен. Мен алдым-жуттум болгондо биртоп ийгиликке жетишмек экем. Бирок кудайга шүгүр, азыркы жашообуз да жаман эмес.
– Сиз театрда да, кино жаатында да эмгектенип келатасыз. Кайсынысы өзүңүзгө жакын?
– Мындай алып караганда экөө тең эле кызык. Театрда бүгүн жакшы аткара албаган ролду, эртең ийине жеткире аткарсаң болот. А кинодо кээде ролду мыкты чыгара албай калып, кийин тасманы көргөндө өкүттө калган учурлар болот экен. Негизи мен үчүн кино да, театр да ыйык, керемет дүйнө.
– Элибизде артистти аялым дебе деген кеп бар. Буга терикпейсизби?
– Бул эми илгеркилерден калган сөз да. Менимче, артист эл көзүнө көп көрүнгөн үчүн элде ушундай тескери пикир жаралып калса керек. А чынында артист эмес жөнөкөй адамдардын деле турмушун аңтара келсе укмуштун баары бар.
– Актрисалар ар кандай ролдорду аткарып жүрүп, өзүнө таандык мүнөзүн, “мен” деген адамдык өзгөчөлүгүн жоготуп коюшат деп жүрүшөт…
– Эмнеге актердун өзүнүн кыял-жоругу, мүнөзү жок болуп кетиши керек. Менде андай акыбал байкалган жок. Сахнада өзүнчө жашоо, турмушта кадимки аял, эне болуп эле келатам. Мындай пикир айткандарды түшүнбөйм.
– “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” эмеспи, актер-актрисанын үй-бүлөлүк жашоосу учурда кандай?
– Эми жолдошум үйдө канткен менен кожоюн. Ал кочкор болсо, мен кой дегендей. Аны менен көп теңтайлашып, тиреше бербейм. Эң негизгиси үйдө теңдик, демократия бар. Бирде аныкы туура болот, бирде меники туура болот. Кыскасы, бир казанда жакшы эле кайнашабыз.
– Кээ бир жарым жылаңач ролдорду аткарганда жолдошуңуз кызганбайбы?
– Кесибим башка болуп, роль аткарсам балким кызганмактыр. Актриса болгондуктан түшүнүп, көп кызганбайт. Тескерисинче, айрым тартынып аткарган ролдорума сын айтып “бул жерден бир аз тартынып коюпсуң” деп калат. А турмушта болсо Алтынбек мени кызгангыдай себеп деле жок.
– Кайын-журтуңуз сиздин ишиңизге кандай карайт?
– Кайнатам мугалим, кайненем врач болгонуна карабай экөө тең жакшы ырдаган, чымыны бар адамдар. Кайненем жаш кезинде ырчы, актриса болом деп жүрүп болбой калыптыр. Азыр ал тилегим балам аркылуу орундалды деп айтып калат. Азыр кайненем биз киного тартылып калган учурларда балдарыбызды карап берип, колкабыш кылып турат.
– Көп эле актер, актрисалар балдарынын киного аралашуусун каалабайт. Сиз да ошондой ойдойсузбу же…
– Кызыбыз Айжан клип, рекламаларга тартылып, театрда ойноп калгангабы, ырчы, актриса болууга абдан кызыгат. Азыр ал мектепте лидер болуп, ар кандай бий, ыр мелдештерин да уюштуруп жиберет. Кечээ атасына келип “ата, “Айлампа” спектаклин мектепке өзүм уюштуруп койсом болобу?” деп сураса таң калып калдык. Көрсө, ал мектептин окуу бөлүм башчысына спектакль коем деп убада берип коюптур. Мен “эмнеге бул спектаклды койгуң келди?” деп сурасам, “классташтарым, окуучулар көрсүн дегем” дейт. Кичинекей болсо да окуучуларды тарбиялагысы келет окшойт.
– “Үзөңгү кармаган аял” тасмасында өзүңүз каскадер да болупсуз. Бир жеримди кокустатып алам деп коркподуңузбу?
– Башында режиссер “баарын өзүң аткарасың, кыргызда биринчи жолу каскадер актриса аталасың” дегенинен тамашалап жатат го деп ойлогом. Көрсө чындап эле каскадер келбей калыптыр. Анын бутуна деп 39-көлөмдөгү көлөч алып коюшуптур. Анан айла жок өзүмө чоң көлөчтү кийип, бийик жерден атты секиртип өттүм. Өзүм ат үстүндө болгондо анча корккон эмесмин, кийин башкалардын өткөнүн көрүп корктум.
– Кыз кезиңизде ат мингенге кандай элеңиз?
– 7-класста бир ат мингем, ошол боюнча мине элек элем. Тасмага түшөрдө ат минесиң десе абдан кубандым. Анан көрүп ал. Эртеден кечке моокумубуз канганча ат миндик. Акыры ат мингенден да тажадым.
– Тасмага тартылууда көбүнесе эмнеден кыйналасыз?
– Эң негизгиси, актер, актриса үчүн кино тартуучу топтун аурасы. Эгер режиссер, оператор, кошумча адистер шайыр, адамгерчиликтүү болсо тасма да жакшы чыгып, тартуу да тез бүтөт. Мисалы, мага “Үзөңгү кармаган аял” тасмасына тартылуу жеңил болду. Биз менен иштешкен адамдардын баары ачык, тамашакөй адамдар болгондуктан тартуу да тез аяктады.
– Көп эле тасмаларга тартылып жүрөсүз. Ошолордун ичинен өзүңүздүн купулуңузга толгон ролуңуз кайсы?
– Чынында кыска метраждуу тасмалар эле болбосо, кыйраткан деле жакшы роль жарата элекмин. Кесиптештер, тааныштар бул мыкты роль болуптур деп мактап калышат. Бирок мен өзүм жараткан ролдорго жогорку баа бере албайм. Ичим чыкпайт. Кээ бир ролдорду ийине жеткире аткарууга дараметим жетерин билем. Аны жолдошум да, кесиптештерим да айтып келатышат. Бирок өзүм ошого аракет кылбайм. Ушундай боштугума кээде нааразымын.
– Келечекте өзүңүз, көрөрмандар ыраазы боло турган кандай роль жаратсам деген кыялыңыз бар?
– Адамдардын аң-сезимине бүлүк түшүрүп, психологиясына таасир кыла турган роль жаратсамбы деген оюм бар. Психологиялык дегенде ыйлап-сыктаган, трагедиялуу роль эмес, адамдын жандүйнөсүн козгой турган жакшы ролдо ойногум келет. Мейли спектаклде, мейли кинодобу буга чейинки аткарган ролдорумдун көбүндө эле өлүп кала берем. Кызым менен балам ал тасмаларды көргөндө кадимкидей ыйлашып, “апа, сен эмне эле өлө бересиң, өлбөгөн кинолорго тартылчы” дей башташты. Эми киного тартылууга сунуш түшсө дароо эле ролдо мен өлбөймүнбү деп сурачу болдум. “Эже, сиздин өмүрүңүз узун болот” деп жайкап коюшса эле, кайра трагедиялуу кинолорго тартылып жатам. Жакындарым да “мүрзөңөн бери көрсөткөндө жаман болобуз” деп калышат.
– “Свет аке” тасмасына кандайча тартылып калдыңыз? Тасмадан соң кандай сын-пикирлерди угуп жатасыз?
– Тасмага кастинг жарыяланган эле. Кийин мени өттүң деп чакырып калышты. Ошентип тартылып калдым. Эми тасма боюнча ар ким ар кандай ойлорун айтып жатышат. Бирөөлөр жакшы болуптур дешсе, өтө эле ачык болуп калган, айыл турмушу мындай эмес дегендер да бар. А чынында кинону өзүм да көрө элекмин. Ачык тартылган жерлери кандай болгонун көрсөм болот эле.
– Сизге кокус өтө эле ачык тасмага тартылуу сунушу түшсө макул болот белеңиз?
– Башында айткандай, актрисалык – бул кесип. Эгер ал тасма чечингенге, ачык тартылганга татыктуу, кыргыз киносунун шедеври боло турган болсо макул болмокмун. Бизде азыр андай тасма жок. Анүстүнө ачык кадрларды туура чагылдырып, көрөрмандарга түшүнүктүү кылып, жумшак берүү режиссерго байланыштуу. Азырынча андай ыкма бизде жок.
– Актрисалык менен кожейкелик кылуу сизге оор эмеспи?
– Буга чейин эч кандай деле оордук болгон жок. Кудай бизге түз карайбы, айтор, кесип менен үй-бүлөлүк милдет бири-бирине эриш-аркак келатат.
– Сизди кайсы тасмалардан соң көрөрмандар жакшы таанып калышты?
– “Айыл өкмөтү”, “Апамдын махабатынан” кийин таанып калышты. Ага чейин көп эле кыска метраждуу тасмаларга тартылгам. Бирок алардын көбү Кыргызстанда көрсөтүлбөгөндүктөн аларды көрөрмандар эмес туугандарым да билишпейт. Айрым мен катышкан тасмалар бир-эки жолу эле көрсөтүлгөндүктөн, аны деле байкаган адамдар аз болсо керек. Кийин “Үзөңгүдөгү аялды” көргөндөр мени жакшы таанып калышыптыр. Кээде көчөдөн, ооруканалардан, дүкөндөрдөн таанып, учурашып калгандар болот. А негизинен мага караганда жолдошум Алтынбекти кыргыз эли жакшы тааныйт.
Маектешкен Мелис СОВЕТ уулу, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.12.2010-ж.