Маңдай тер, ак эмгектин үзүрү
Мен дайыма Мырзабек байкеме жолуккан сайын, 1965-1966-жылдар, мектепте окуп жүргөн кезим эсиме түшөт.
О, андагы Фрунзе шаары, азыркы Бишкек бөтөнчө жашыл, күнү-түнү жап-жарык, элдин жашоосу да бөлөкчө сезилчү.
Мырзабек байке жапжаш, күлгүндөй кези эле. Мен анда республикалык театр коомундагы “Актерлор үйүндө” Кыргыз ССРинин эл артисти А.Көбөгөнов атабыздын жетекчилиги менен 2 жылдык студияда окучумун. Артисттик биринчи кадамды ушул улуу адамдын колунан баштагам.
Эсимде, ошол 1965-жылы Мырзабек аганын “Токтогулдун күлкүсү” деген пьесасын А.Көбөгөнов атабыз студия үчүн койду.
Негедир Токтогулдун ролун мага берди. Токтогул түрмөдөн келип, элине жолугуп, сүргүндө жүрүп ар улуттун ырларын үйрөнгөнүн баяндап айтып-ырдап берет. Мага театрда орусча, татарча, башкырча, дагы башка тилдерде ырдоого туура келди, мен редакцияларды кыдырып, ушул ар улуттагы улуу агалардан ырдаганды үйрөнүп, анан спектаклдин деңгээлин көтөрүүгө aракет кылгам. Жайкы каникул мезгилинде Ысык-Көл облусун кыдырып эки ай жүргөнбүз. Ошондо Мырзабек байкенин Чүйдөгү Алчалуу айылына барып биринчи спектаклди койгон элек.
Мырзабек байкенин чыгармачылыгы 60 жыл мурун башталып, кабарчы, журналист, акын катары үзүрлүү эмгектенип, азыр таланттуу драматург, коомдук ишмер, Кыргыз эл жазуучусу катары элибизге белгилүү. Мырзабек Тойбаевдин пьесалары СССР элдеринин көп тилдерине которулуп, көп театрларга коюлган. Ал эми 10 чыгармасы республикалык кароо-сынактарда өкмөттүк комиссия тарабынан 1-даражадагы дипломдор менен сыйланып, лауреаттык наамдарга татыктуу болгон. М.Тойбаевдин жемиши мол 7 томдугу бекеринен чыккан жок.
1-томдо, ар жылдарда жазылган ырлары, тамсилдери менен чымчыкейлери, обондуу ырлары, аңгемелери, очерктери топтолгон.
2-томдо бир актылуу пьесалары, алардын орусча котормолору бар. Бул пьесалар өз убагында көптөгөн театр сахналарында коюлуп, айрыкча өздүк көркөм чыгармачылык топторунун репертуарларынан түшпөй келген. Маселен И.Раззаков жөнүндөгү “Жакшынын шарапаты”, “Токтогулдун күлкүсү” пьесалары окуяларынын курчтугу, терең драмалык чыңалуулары боюнча көрүүчүлөрдүн эсинде калган.
3-томдо – көп актылуу пьесалары, котормолору менен макалалары топтоштурулган. Мындагы пьесалардын көпчүлүгү кыргыз драматургиясынын классикасына айланып, көптөгөн профессионал театрлардын сахнасында коюлган.
“Ак тамак, көк тамак”, “Атанын баласы” пьесалары республикалык сынактарда 1-орундарга татыктуу болсо, “Жаңы келин” комедиясы Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын сахнасында 600дөн ашуун ирет коюлган. Драматургдун пьесалары боюнча спектаклдер “Акжол”, “Талаа гүлдөрү”, “Жоронун жоруктары”, “Сыйкырчы кыз”, “Жөн эле Майраш”, “Чоң атамдын окуясы”, “Карт бойдок” казак, өзбек, тажик, түркмөн, каракалпак, татар, башкыр, Россия, Украина, Саха-Якутия, Монгол жана башка элдердин театрларында коюлган.
4-томдо М.Тойбаевдин чыгармачылык өнөрканасын кең-кесири талдоого алган материалдар топтолгон.
М.Тойбаевдин чыгармалары, айрыкча драмаларынын тарбиялык мааниси чоң.
5-томдо дүйнөлүк жана боордош элдердин акындарынын ырларынан, пьесаларынан, аңгемелеринен кыргызча жогорку көркөмдүктөгү котормолору кирген. Г.Гейненин, Ю.Лермонтовдун, А.Некрасовдун, С.Михалковдун, Р.Гамзатовдун чыгармаларын айтсак акыйкат болоор.
6-томго драматургдун орус тилине которулган 12 пьесасы менен алар тууралуу жазылган макалалар кирген. Айрыкча М.Фрунзенин, Э.Алиевдин, С.Ибраимовдун өмүр жолун жана күжүрмөн ишмердиктерин чагылдырган “Первый бой” (“Алгачкы таймаш”), “Священная дорога” (“Ыйык жол”), “Непогасшая звезда” (“Өчпөс жылдыз”) тарыхый драма-трилогиясы адилет баасын алган.
7-томдо, филология илимдеринин кандидаты, илимпоз, театр сынчысы М.Тойбаевдин илимий эмгектери, макалалары, премьераларынын летопистери, чыгармаларынын библиографиясы, арноо ырлары жана проблемалуу сын макалалары топтолгон.
“Драматург болбосо, ал Тойбаев болбой калмак”, – деп Кыргыз Республикасынын эл акыны Эрнис Турсунов таап айткан. Мындай түшүмдүү драматург өтө сейрек. 1957-жылдан бери “Жылдыз”, “Атанын баласы”, “Токтогулдун күлкүсү”, “Талаа гүлдөрү”, “Жаңы келин”, “Жоронун жоруктары”, “Ак тамак, көк тамак”, “Ыйык жол”, “Алгачкы таймаш”, “Ак жол”, “Пишпектин уулу”, “Махабат жана алдамчылык”, “Жашыл жалбырак”, “Өчпөс жылдыз”, “Биринчи элчилер”, “Саякбай”, “Манап бий” деген көп көшөгөлүү пьесаларды жазып, булардын көбү кыргыз сахналарында коюлган. Заманыбыздын залкар калемгери Ч.Айтматов: “М.Тойбаев драматургиянын мурда ачылбаган түнт жолу менен басууга бел байлап, өзүнө да чыйыр сала кетет. Ал турмушунда дайыма изденген жана иш менен алектенген тынчы жок адам”, – деп, Москвадан 1983-жылы чыккан “Менин жылдызым” деген пьесалар жыйнагына баш сөз жазган. Улуу драматург Т.Абдымомунов да М.Тойбаевдин чыгармачылыгына чоң баа берген. Бардыгы 3600 беттен турган бир автордун мындай жети томдугу ага чейин кыргыз адабиятында дегеле чыккан эмес.
Бул жети томдук драматург Мырзабек Тойбаев байкенин чыгармачылыгын тааныштырууга кеңири шарт түзөт. Мырзабек байкенин эл үчүн кам көрүп, кээ бир адам үй сала албай жүрсө, өзүнүн 6 бөлмөлүү үйүн элге бергени элдик эрдик эмей, чоң адамдык айкөлдүк эмей эмне? М.Тойбаев аганы кандай көкөлөтүп мактасаңар да, кандай жогорку даража наамдарды ыйгарсаңар да, татыктуу адам (инсан) деп ойлойм.
Мырзабек байке, сиздин маңдай тер, ак эмгегиңиз элиңиз үчүн, бар болуңуз ага!
Дүйшөн БАЙТӨБӨТОВ, КР эл артисти, “Кыргыз туусу”, 25.01.2011-ж.