Нарында “Жаш талант – 2011” кароо-сынагы болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 22 жана 23-апрелинде Нарын облусунун Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган  “Жаш талант – 2011” кароо-сынагы болуп өттү.  Кароо-сынакка Нарын облусунун бардык райондорунан жаш таланттар катышып, дастан айтуу, Манас айтуу, ыр, улуттук аспаптарда ойноо жана бий боюнча  өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Кароо-сынакты “Балтаттуу”   бейөкмөттүк уюму  уюштуруп, жеңүүчүлөргө белек-бечкектерди жана атайын ардак грамоталарды тапшырды. Кароо-сынакка жалпысынан 369 жаш талант катышты.  Ошону менен бирге эле

“Балтаттуу” бейөкмөттүк уюмунун төрайымы, саясат таануу илиминин доктору, Дипломатиялык Академиянын профессору Гүлмира Мамбеталиева Улуу Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин келе жаткан майрамы менен “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун  жана өзүнүн атынан куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырды.

http://janyzak.kg/

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.