Сүймөнкулдун кош сүйүүсү
Кыргыз элинин өчпөс жылдызы, таланттуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов арабызда азыр жок болсо дагы, анын артында атасынын атын алып жүргөн үч уулу бар. Тун уулу Бактыгул өмүрлүк жары Салимадан болсо, кийинки эки уулу Эргул менен Азамат Нуржан эжеден. Сүймөнкул Чокморов өмүрүнүн акырына чейин эки аялды бирдей карап, бирдей сүйүп, эки жашоо менен жашап келген. Актёр менен Нуржан Кожомкулова экөө расмий түрдө каттоого турушпаса дагы билинбей 17 жыл бирге жашашкан экен. Кантип ушундай тагдырга кабылышканын Нуржан эженин өз оозунан угалы деп издеп барып жолуктук. Эже да Сүймөнкул аганы эскерип берүүгө макул болду.
– Сүймөнкул агай менен кантип жолугуп калдыңыз эле?
– Мен анда 8-классты айылдан бүтүп келип, шаарда Медициналык орто окуу жайда атамдын бир тууганы Күлипа эжемдикинде туруп окучумун. 16 жаштагы кыз элем. Бир күнү Күлипа эжем мени “почтага барып, кат алып кел” деп жиберди. Почтадан чыгып баратсам үч бала мага “таанышып алалы” деп колуман катуу кармап коё бербей туруп алышты. Коркконуман ыйлап да жибердим. Ыйласам да балдар коё беришпей турган убакта почтанын ичинен бою узун, кара тору, мурутчан, ак плащ менен ак калпак кийген бир киши чыгып, жаныбызга келип, “коё бергиле, бул эмне кылганыңар?” деди эле, балдар качкан бойдон кетишти. Чөнтөгүнөн бет аарчысын алып чыгып, жашымды аарчып сооротту. Мен рахмат айтып, өз жолума түштүм. Биринчи жолу ушинтип жолукканбыз.
– Экинчи ирет кантип жолуктуңар? Же сиздин даректи алып калды беле?
– Таанышкан күнү эч кандай ашыкча сүйлөшкөн эмеспиз. Экинчи жолу капысынан кезиктик. Курбу кызым экөөбүз сабактан чыгып келатсак алдыбыздан бирөө менен чыгып калды. Мен таанымаксан болуп өтүп бараткам, “Чоң кыз, өзүңдүн куткаруучуңду тааныбай калдыңбы, помнишь, я тебя возле почты от бандитов спас”,-деп тамашалап токтотуп калды. Жанындагы досу дагы сүрөтчү Абдырай Осмонов экен. Ал дагы “мындай сулуу кыздардын портретин тартыш керек, бизге келгиле” деп Сүрөтчүлөр Союзунун дарегин берип, жанымдагы курбум Соня “барабыз” деп макулдугун берип, таанышып калдык. Мен анын Чокморов экенин билген эмесмин. Сүймөнкул да өзүн “Менин атым Сүймөнкул, сүрөтчү болом” деп гана тааныштырган. “Бул жакта эмне кылып жүрөсүң?” дегенинен “бул жакта окуйм” дедим. “Жакшы жүрсөң эле болду, жакшы калгыла” деп досу экөө басып кетишти. Жанымдагы курбум: “Соня, сен эмне, тааныган жоксуңбу, бул Чокморов да”,-деди. Мен: “Тааныбайм”,-десем, “Караш-карашта” ойногон Чокморов, кантип тааныбайсың?”-деп мени урушуп жатпайбы. Ал кинону да көрбөптүрмүн, ошол учурда кинотеатрда “Караш-караш” жүрүп жатыптыр. Соня экөөбүз ээрчишип барып көрүп да келдик.
– Андан кийин…
– Андан кийин дагы кокусунан Эркиндик бульварынан жолугуп калдык. “Ой, алдамчы кыз, келем дебедиңер беле, эмнеге келген жоксуңар?”-деди. Мен: “Байке, сиз артист турбайсызбы, а эмнеге айткан жоксуз?”-деп сөздөн-сөз уланып сүйлөшүп туруп калдык. Коштошуп жатып жумушуна дагы чакырды. Бир күнү курбум экөөбүз чыгынып бардык. Өзү мастерскоюнда жок экен. Эмгек сиңирген ишмер Михалёв деген мыкты сүрөтчү бар болчу. “Күтүп тургула” дегенинен анын кабинетине кирдик. Ошол жерден менин портретимди Михалёв тартты. Ал күнү Сүймөнкул келген жок.
Бир күнү менин окуу жайымдын жанынан дагы кезиктик. Ошол жерге жакын ооруканада дарыланып жүрүптүр. Сүймөнкулдун оорусу ошондо башталган экен. Ооруканага күн алыс келип дарыланып жүрүп, экөөбүз бат-баттан көрүшүп калчу болдук. Бир күнү өзү мени издеп жатаканама келиптир.
Ошентип, бат-баттан келе баштады. А мен жашмын, түшүнбөйм, мен аны менен артист катары сүйлөшчүмүн. Мени “чоң кишиге жолугууга чыгат” деп окуу жайдан чыгарышты. Атам дагы билип калып айылга, Миң-Кушка алып кетти. 10-классты айылдан окуп жүргөн кезимде Сүймөнкулдан кат келе баштады. Азыр да менде ошол убакта жазган 20га жакын каты сакталуу. Бир жолу Сүймөнкул Миң-Кушка чейин издеп келип, мага биринчи жолу ошондо сүйөрүн айтты. Андан кийин дагы эки жолу келип кетти.
Бир күнү телефон түйүнүнө чакыртып сүйлөштүк. “Сен окууну бүткөн соң шаарга кел, мен сени Баткенге алып кетем. Үйлөнөбүз”,-деди. Мен: “Эмнеге үйлөнөбүз? Ачык айтыңыз, айтпасаңыз барбайм”,-десем, “Сен өзүң билесиң. Менин эки бийиктигим бар: бири – кино, бири – живопись. Мен искусстводо бактылуу адаммын. Бирок мен жеке турмушумда бактылуу боло албай жүрөм. Үчүнчү бийиктик менде жок. Ал – наристе. Мен балалуу болгум келет”,-деген эле. Мен макулдугумду берип, кеткени жатканымды ата-энем билип калды. Айылга Сүймөнкулдун келгенин да көрүшкөн эле. Апам макул болсо дагы, атам: “Барбайсың. Өзү эми бир келсе, анын мурутун бирден жулам”,-деп жинденип жибербей койду.
Окууну бүткөндө мени Фрунзеге эмес, Москвага окууга тапшырганы жөнөтүштү. Ал жактан окууга документимди тапшырып, кайра окуу башталгыча деп айылга келген убакта аварияга кабылып, ооруканага көпкө жатып, Москвадагы окуумду улантпай калдым. Ооруканадан чыгып айылда жүргөн кезимде Сүймөнкулдун балалуу болгонун уктум. Апама айтып ыйласам: “Ошондо эле сени жиберсек болмок экен. Сенин тагдырыңды биз байлап койдук. Сен эми жашсың, кайгырба”,-деп сооротуп, мен да тагдырыма баш ийип унчукпай калдым. Барбай койгон өзүм эле да.
Ошентип, дагы бир жылдан соң шаарга барып, мамлекеттик университеттин филология факультетине тапшырдым. Ал жакта окуп жүрүп, бир күнү дагы кокусунан жолугуп калдык. Ошондон тартып ал менин жатаканама баласы Бактыгул менен келе баштады. Ал кезде Бактыгул 2 жашта болчу. “Сүймөнкул байке, сиздин үчүнчү канатыңыз, бийиктигиңиз пайда болду. Сиз ушуну каалачу эмес белеңиз. Кудай буюруп, балалуу болдуңуз. Мага экинчи келбеңиз”,-дегениме болбой келе берди.
Университеттин 2-курсунда аны менен квартирага чыгып, чогуу жашаганга өттүк. 1977-жылы уулубуз Эргул төрөлдү.
Андан соң 1980-жылы Азаматты төрөдүм. Сүймөнкул бизге там алып берип дегендей, каралашып жүрдү. Башка эркектердей болуп таштаган жок. Ошол эле учурда аялы Салимадан да кол үзгөн жок. Анын үстүнө, ал кезде Сүймөнкул абдан оорукчан болуп дарыланып, бир буту Москвада, бир буту биякта эле. Өзү ооруп жатса, ашык нерсени сүйлөп тынчын алгым келбей, “официалдуу никеге туралы” деп да айткан эмесмин. Өзү да унчуккан жок. Ушундай жашоо менен билинбей 17 жыл бирге болуптурбуз. Ал кезде эки аял алуу жат көрүнүш болчу. Эки аял алгандарды партиядан чыгарып, абдан уяткарчу. Ошондуктанбы, айтор, үчөөбүздүн бирибиз дагы бул жөнүндө ооз ачпадык.
– Демек, жубайы Салима билген экен да?
– Мени Салима эже менен Айтурган Темирова жана Болот Шамшиев тааныштырган. А Айтурганды Болотко мен тааныштыргам. Айтурган экөөбүз кичинебизден бир короодо чоңойгон ынак курбулардан элек. Анан да тагдырдын окшоштугун карабайсыңбы, Салима эже Г.Айтиев атындагы музейде, мен Тарых музейинде иштеп калдык. Чогулуштарда, ар кандай кечелерде жолугушуп калчубуз. Жылуу учурашып: “Уулдарың чоңоюп жатабы, Айтурган курбуң кандай жүрөт?”-деп сурагандан бөлөк ашыкча эч нерсе дечү эмес. Ал баарын билип, акылдуулугунан ошонун баарын билмексен болуп жүрүптүр да.
Мен да башында “билбейт” деп жүрчүмүн. Чогуу иштегендер “экөөңөр бири-бириңерди билип туруп, кантип билмексен болуп жүрөсүңөр?” деп таң калышар эле.
– Салима эже менен бир да жолу ачык сүйлөшкөн жоксуңарбы?
– Сүймөнкул өлгөндө гана экөөбүздүн бетибиз ачылды. Өлгөнүн угуп, кайгыга батып ыйлап отурсам, Салиманын атынан бир аял телефон чалып, Сүймөнкулдун сөөгүн узатууга чакырды. Барып боз үйгө кирип, Салима эже экөөбүз кучакташып алып ыйладык. Мен андан кечирим сурадым. Ошондо ал: “У тебя была любовь, а у меня семья. У меня есть Бактыгул, и у тебя дети, нам делить ничего”,-дегени эсимде. Сүймөнкул каза болгондон көп өтпөй Салима эже да көз жумуп кетти.
– Баласы Бактыгул менен катташып турасыңарбы?
– Бактыгулду мен 2 жашынан бери билем. Абдан жумшак, ак көңүл бала. Мен аны Сүймөнкулдун уулу катары жакын көрөм, жакшы көрөм. Башында жакшы эле катышып жүрдүк. Атасы каза болгондон 2 жыл өтүп-өтпөй таптакыр катышпай калды. Эмне болгонун айтпайт. Балким, бизге көңүл бурууга убактысы жоктур, билбейм. Менин Эргул менен Азаматымдын ага эч кандай жаман ойлору жок. Бактыгул бир кандан жаралган бир туугандары бар экенин азыр жаш болуп сезбей жатса керек. Балким, кийин түшүнүп, бир туугандар катышып алышар.
– Азыр уулдарыңыз эмне кызмат кылышат?
– Улуусу Эргул – политолог. Бирок өз кесиби менен иштебестен, видеотасма менен алектенет. Ар кандай иш-чараларды, тойлорду камерага түшүрөт. Кичүүсү Азамат атасын тартып “У любви своя небеса” кинотасмасына тартылды. Азыр Москвада убактылуу иштеп жүрөт.
Эльмира МАДИЕВА, “Леди.kg” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.05.2011-ж.