Элечек чечмей

Оюнчулардын саны 4—8 киши.

Оюн аянтчада, жолдо, талаада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда элечек колдонулат.

Оюнга даярдануу. Катышуучулардын бирөөсү башына элечек оройт. Калгандары андан 2—3 кадам аралыкта туруп оюндун шарты жөнүндө макулдашат.

Оюндун баяны. Элечек кийген оюнчу, калгандардан белгиленген жерден чыкпай кача баштайт. Беркилер артынан кубалап жетишип элечегин чечип кетүүгө тийиш. Элечекти чечкени аны өзүнүн башына орОюндон кийин оюн кайрадан башталат. Ошентип, оюн каалаган убакытка чейин уланат. Элечекти баарынан кеп чечүүгө жетишкен оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Аянтчадан сыртка чыгууга, бир бирин урууга, жыгууга жол берилбейт,

Методикалык көрсөтмө. Оюнга кыз, келиндер катышат. Оюнчулар элечек ороону үйренгөидөн кийин киришсе болот,

Педагогикалык мааниси. Ылдамдык, күч шамдагайлык, чыдамкайлыкка тарбияланат, элечек ороону үйрөнөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.