Укурук салмай

Оюнчулардын саны 2—3 киши.

Оюн жайлоодо өткөрүлөт.

Оюнда укуруктар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар аттарына минишип, колдоруна укуруктарын алышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келишкенде, бирден укурук менен мурда белгилешкен аттарды же тайларды тутууга аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Укурук менен аттарды бат туткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун түрлөрү: Жөө укурук салмай, илмек ыргытмай, жөө илмек ыргытмай.

Оюндун эрежеси: Бир бирине себепсиз жардам берүүгө, тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнга ат минүүнүн ыкмаларын жакшы билишкен оюнчулар катышышса болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, шамдагайлык тарбияланат, ат минүүнүн, чабуунун, башкаруунун ыкмаларын чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.