Медер Такырбашев
* * *
Жашоонун өзү керемет
Жашашты кантип тандайсың
Алсаң да сатып керебет
Уйкуну сатып албайсың.
Кай жакка ташташты кадамды
Байлыкпы, бийликпи тандайсың
Алсаң да сен сатып адамды
Урмат-сый сатып албайсың.
Кеч кирди, түн өттү, таң атты
Жасашты эмнени тандайсы.ң
Алсаң да сатып сен саатты
Убакыт сатып албайсың.
Убакыт аябайт, жашты, карыны
Унуткан баарын адам кандайсың.
Алсаң да сен сатып дарыны
Ден-соолук сатып албайсың.
Жамандык жолуна сен барба
Үмүтүн бүлөңдүн жайлайсың.
Ардакта алардын көзү барда
Ата-эне сатып албайсың.
Жагабы, жакпайбы, керекпи
Жашаган жерди тандайсың.
Алсаң да сатып даректи
Мекенди сатып албайсың.
* * *
Баатырлардын урпагы делген мен элем
Тизелеткенге дүйнөнү мен да тең элем.
Жоокерчилик заман болсо,
Жоокер руху аман болсо,
Аксак Темир, Чыңгызхандан кем белем?
Туу көтөрүп ураан чакырбай,
Найза сунуп жоону качырбай,
Отурамын офисте эсеп чот менен,
Баш аягы баланстын көпкө табылбай.
Эл сөз кылган тарых жаратпай,
Топту жарып талам талашпай,
Убал болду кайран кызыл тил,
Эртели кеч кагаз санашмай.
Эрдиктерим элге таанылбай,
Канжыгага башым кабылбай,
Дүйнө саламбы үстөл кучактап
Санжырадан атым табылбай.