Казакстандагы кыргыз боордоштор…

Кылымдырдын кезеңиндеКазакстандын Караганды аймагында барып жашап калган кыргыздар бар деп көп эле укчумун. Элибиздин тарыхына кызыккан адам катары үркөрдөй кыргыздар Алатоодон адашып, ал жакка кандай шарттарда өтүп кетти экен деген ой жан дүйнөмө тынчтык берчү эмес. Акыры ат арытып бfрып келүүгө туура келди….

АТАЛАРДЫН ИЗИ МЕНЕН
Бишкектен таңкы саат 6 чыгып, казакстандын кең талаасын кезип жүрүп отуруп, миң чакырымдан ашык жол басып көздөгөн жерибизге: Караганды облусунун Жаңы арка районун борбору Атасу аталган шаарчага түн бир оокумда жеттик.

Бизди Дүйшөнбай Бөкөнбай улуу боордошубуз тосуп алды. Кучак жая көрүшүп, жайланышып жай сураша баштадык. Анын айтымында алардын Казакстанга келип туруп калышканын бери алты ата өтүптүр.

ҮЧӨӨ
… Мындан 130-150 жыл мурда алмадай башына күн түшкөн 3 азамат казактын мейкин талаасында кезигишип, андан ары казакка тереңдеп кирип кетишиптир. Сураштырып олтурса коңурат, черик, тейит урууларынан болуп чыгышат. Чериги белгилүү манапты өлтүрүп коюп, анын ага-тууганы акыры соо койбосун билип элинен оогон экен. берки экөөнүн деле кайрылып калкына бара албай турган себептери болуп чыгат. Ошол жерден билектерин тилип жиберип кан чыгарышып, үчөө мындан ары укум тукуму кыз алышпаган бир туугандардан бололу дешип антташып, Актоо деген жерге барып туруп калышат. Айтылгандай эле бүгүнкү күнгө чейин алты ата өтүп калса дагы бир биринен кыз алышпай, бир туугандардай ынтымактуу жашап келатышыптыр.

АЮУ МЕНЕН АЛЫШКАНДАР
Кыргыздар барып туруп калган жерде аюу көп болуп, мал жанга чейин кол салып элдин үрөйүн учуруп турган мезгил экен. Калкынан оогон ызалуу, ары кайраттуу, жан кечти немелер аргамжыны боюна ороп жиберишип, сабы кере кулач айбалта, түпөктүү найза алышып, аюуга бетме бет басып барышып, үчөө үч жагынан чыгып, кезиккен аюуну балталап башын жарып, найзалап боорун жара сайып кырып жиберишиптир. Айрымдарын, оозун кемечтеп, байлап, матап тирүүлөй жетелеп келген күндөрү да болуптур. Ал жер азыр да Аюусуу деп аталат экен. Бул эрдиктери менен казакка алынып, бат эле кадыр сыйга жетишип, үйлөнүп жайланып элге аралашып кетишет.

АРДАКТУУ АТУУЛ
Актоолук кыргыздар бүгүнкү күндө 1000 түтүнгө /болжомол 6000/ чамалап барып калышыптыр. Башында казактын арасындагы кыргыз айылы катары Актоонун этектеп жашап келишсе, кийин ирилештерүү мезгилинде чарбаларга бөлүнүп кетишип, азыр Жанарык районун бардык айылдарында кездешет. Биз кеп кылалы деп жаткан Дүйшөнбай Бөкөнбай улуу самбо боюнча Казакстандын биринчи чемпиону болгон азаматыбыз экен. Ошондой эле кыргыз казакка тең орток көкбөрү, эр эңиш, бука тартыш өңдүү элдик оюндарды кайра иштеп чыккан Казакстандын ойлоп табуучусу экендиги да сыймыктанаарлык. Ал иштеп чыккан жаңы эрежелер аталган оюндар дүйнөлүк аренага алып чыкканга жол ачып, бүгүнкү күндө областтар аралык турнирлерге киргизилип жатыптыр. Дүйшөнбай Актоолук кыргыздардын тарых таржымалы боюнча китеп да жазып чыгыптыр. Бул китеп алты атасынан бери Казакстанда жашап келе жаткан кыргыздардын бүгүнкү күнгө чейинки укум тукуму такталып, сыймыктуу иштери, чыгаан уул кыздары жөнүндө кеңири баяндалат. Кезинде райкомдун 1-секретары, чарбанын директору, эмгектин алдыңкылары, маданият ишмелери болгон адамдардын үлгү катары келтире кетиптир. Дүшөнбайдын өзү да казакка кадыры өткөн самбо, күрөш боюнча мыкты ийгиликтерди даярдап жараткан, бүгүнкү күндө 200гө жакын шакиртерди даярдап жаткан белгилүү устат. Жаңы арка районунун ардактуу атуулу экен. Бизди атайын кабыл алган Жаңы арка районун акими Дүйшөнбайды республикалык маанидеги сыйлыктарга көрсөтүп жатышкандыгын, ошондой эле райондун турмушунда тиешелүү орчундуу маселелер болуп калса дайыма кеп-кеңеш сурап кайрылып тураарын айтса, калп айткан менен болобу сыймыктанып калдык.

УЗАКБАЙДЫН АҢГЕМЕСИ
… Барганыбызды уккан Актоолук кыргыздардын аксакалы жашы жетимишти желкелеп, сексенди серпип калган Узакбай карыянын атайын издеп келип калышы баарыбыз үчүн чоң кубаныч болду окшойт. Айтымында Узакбай карыя бакыбат турат экен: 4800 гектар жери, 2000дей койу, 100дөй уйу, 150дөй жылкысы барлыгын айтып отурду. Кыргыздардын акыл кошоор нарктуу аксакалы экен. Быйылкы жылы Актоолук кыргыздардын эзелки кыштоолоруна /40 кыштоого/ белги орнотуп, ата бабалары жаткан жайга эстелик коюну чечишип, каражат да топтоп коюшуптур.

– Бул аракетерибиздин баары эле кийинки муундарыбыз ата тегин биле жүрсүн деген максатта жасалып жатат. Сиздерге белгилүү болгондой мындагы кыргыздар бир-бирибизден кыз алышпайбыз. Кокус кыз күйөөнүн жылдызы келишпей кийин соңу кеп-сөз чыкса бир туугандыктан алыстап калабызбы дейбиз. Ар бир кыргызды бир боорубуздай көрөбүз. Ошондуктан кайын журтубуз бүт эле казактар. Эл жерден сыртта казакка жуурулушуп жашап келатканыбыздан уламбы, айтор тилибиз казакча болуп калды. Бизде эне тилибизде мектептер жок. Анын үстүнө бир жарым кылымдан бери Ала-Тоодон биринчи болуп тууган издеп келген силер болдуңар окшойт. Бул үчүн чексиз ыраазыбыз – деди Узакбай карыя.

Бул жактан алабарган белек бечкегибиз да бар эле. Узакбай карыяга Бакай калпак кийгизип чепкен жаптык. Көзү өткөн агасынын байбичеси бар экен, ал кишиге элечек кийгиздик эле, – Узакбай, силер кийгизбегенди кайын журтум алып келиптир – деп сүйүнүп алыптыр. Жеңебиздин сөзүнө баарыбыз кубанып турдук…

Боордошторубуз да жетине албай болгон сыйын көрсөтүп жакшы узатышты. Биз дагы эл жерди көрүп кеткиле деп конокко чакырдык. Алар Дүйшөнбай киргизген жаңы эрежелер боюнча түзүлгөн мелдештик, ошондой эле маданий боюнча келип кетишмей болду. Буюрса, келерки жайда көрүшүп калаарыбыз деген тилекте сапар карытып кайра тарттык.

Азиз Мамбетмусаев, санжырачы,
«Ак-Тилек» сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.