Бишкекте дүйнө эл эпосторунун ll фестивалы башталды

Бишкекте Дүйнө эл эпосторунун бүткүл дүйнөлүк экинчи фестивалы шаршемби күнү расмий ачылды.

Чет өлкөдөн келишкен меймандар бул иш чара улуттар аралык руханий байланышты чыңдоого жана өркүндөтүүгө чоң салымын кошорун белгилешти.

Алтайлык Болот Байрышев Бишкектеги Дүйнө элдеринин эпосторунун бүткүл дүйнөлүк экинчи фестивалы Орусиянын түндүгүдө жашаган алтай, хакас, бурят, саха элдери менен түпкү теги бир кыргыздар менен маданий байланыш түзүүгө зор өбөлгө болоорун билдирди.

Анын айтымында, Советтер Союзу маалында элдик чыгармаларды айткан кайчылар, көмөкөй менен ырдаган ырчылар бирин-экин аксакалдардын арасында эле калган. “Кийинки мезгилде элдик чыгармаларга өтө маани берилип, алтайлык өнөрпоздор Азия, Европа, АКШга чейин барышып салтуу музыкаларын тартуулашып, Алтайды ааламга таанытууда”, -дейт Болот Байрышев.
– Алтай кай бүгүнкү күнү Алтайда абдан деңгээлге көтөрүлдү. Ар бир жылда кайчылардын курултайы өтөт. Алтайда кайчы дейт. Кыргыздарда манасчы дейт. Бизде “Алп Манаш” деген эпосубуз баш болгон көптөгөн майда эпостор бар. Аларды биз көмөкөйдөн үн чыгарып, сиздердин кыл кыяк сыяктуу аспаптын коштоосунда айтабыз. Темир комуз менен дагы коштоп айтабыз.

Ал эми Украинадан келген окумуштуу Николай Димитренко болсо мамлекет башындагылар үчүн эл аралык байланыштарда биринчи кезекте саясат, экономика, чарбалык маселелер маанилүү болгону менен маданият тармагындагылардын руханий жактан байланыш түзүүсү улуттар аралык достукту чыңдоого натыйжа берет деп эсептейт.

Николай Димитренконун баамында, кыргыздардын “Манас” баш болгон кичи эпосторун дүйнөгө таанытууга ушул өткөрүлүп жаткан иш чаранын мааниси абдан зор.

АКШнын жараны Ричард болсо Дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалы Бишкекте экинчи жолу өткөрүлүп жатканы өтө маанилүү деп эсептейт.
– Негизинде биз “Манас” эпосун сыйлашыбыз керек. Изилдешибиз керек. Анан башка өлкөлөргө кеңири таратышыбыз керек. Оозеки эпостор, легендалар элдер үчүн абдан маанилүү. Эгерде биз тарыхыбызды, өткөн доорду билбесек алдыга жыла албайбыз.

Ал эми АКШнын Аризона штатынан келген Дайл Тсосий индеец экен. Ал эзелтен бери келе жаткан улуттар аралык руханий байланыштардын пайда болуш себептерине кызыгып келгенин, индеецтер менен көчмөн элдердин ортосундагы окшоштуктар кызыктырарын белгилеп, “Улуттук маданияттын салттуу баалуулуктары” деген аталыштагы эл аралык илимий симпозиумда өзүнүн көз карашын билдирерин айтты.

Армениядан келген филология илимдеринин доктору Венера Саакян дүйнө элдерин оозеки чыгармалар, фольклордук музыкалар жакындаштырарын айтып, арменияда жазуу түрүндө үч эпос, оозеки бир эпос экенин маалымдады. Ал “Манас” эпосунун баалуулуктары эбегейсиз деген баасын берди.

Маданият жана маалымат министрлигинин башкы эксперти Дамира Алышпаеванын билдиришинче, фестивалга жыйырмадан ашуун мамлекеттен илимпоздор, салттуу музыкалар боюнча адисттер, өнөрпоздор келишкенин белгилеп, шаршембиде Улуттук маданияттын салттуу баалуулуктары деген аталыштагы эл аралык илимий симпозиумдун максаттарына токтолду.
– Биздин негизги көтөргөн маселебиз, максатыбыз улуттук салт, үрп адаттарды канткендн сактап калуу. Тышкы жана ички факторлор булардын жоголуп кетишине же сакталышына кандайча таасирин тийгизет. Ушул сыяктуу проблемаларды көтөрүп, чет өлкөдөн келген адисттер менен дагы иш тажрыйба алмашабыз.

Маданият жана маалымат министрлигинин маалыматы боюнча шаршембиде (7-сентябрда) Дүйнө элдеринин эпосторунун бүткүл дүйнөлүк экинчи фестивалы борбор шаардын Ала-Тоо аянтында “Кыргыз көчү” этенографиялык айылынын ачылышы менен башталып, Борбор Азия элдеринин кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмө-жарманкеси жана улуттук каада-салт, үрп адатын камтыган иш чаралар өткөрүлдү.

“Улуттук маданияттын салттуу баалулуктары” деген аталыштагы эл аралык илимий-тажрыйбалык симпозиум мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында уюштурулуп, Мамлекеттик тарых музейинде замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган көргөзмө ачылды.

Ошондой эле Түркиядан келген бакшылар (суфий тобу), Индиянын улуттук бий тобу, Алтай, хакас өнөрпоздору өнөрлөрүн тартуулайт.  С.Мальштейндин “Джаз” тобунун концерти, Манасчылардын республикалык кароо-сынагы өткөрүлөт.

Фестивалдын меймандары  Ысык-Көлгө жана Таластагы “Манас-ордо” музей комплексине барышып, ал жерде кыргыздын “Тушоо кесүү” каада-салты көргөзүлөт.

Бул иш чара 11-сентябрга чейин уланмакчы.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 07.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.