Рыскелди Момбеков: Элибиздин эгемендигинен эки жыл эрте эне тилибиз эгемендик алган

“Элибиздин эгемендигинен эки жыл эрте эне тилибиз эгемендик алган”,-деди бүгүн, 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу жыйында Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбеков.

“Эне тили, Манастын тили, улуттун тили, мамлекеттик тил, деги кандай атабайлы, ал биздин тилибиз. Тилибиздин өксүк тартып, өнүкпөй, өспөй жаткандыгына өзүбүз күнөөлүүбүз. Кыргыз тилин өстүрө турган да, тилекке каршы, өлтүрө турган да биз-кыргыздар, өзүбүзбүз. Элди эл, улутту улут кылган, мамлекетти мамлекет кылган анын тили. Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов “мамлекеттин түбөлүктүүлүгү анын тилинде” деп бекеринен айтпаган чыгар. Кандай ак сөз. Мамлекет анын титулдук улуту кулаганда гана кулайт. Улуттун тили жоголсо, улут дагы жок болот. Кыргыз тилин коргош керек, колдош керек. Аны өстүрүү керек, себеби-эне тил деген бул-ынтымак”,-деди төрага.

Эскерте кетсек, мындан туура 22 жыл илгери Кыргыз ССРинин Жогорку Саветинин чечими менен, 8 бөлүктөн, 40 беренеден турган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Жолдош Жусупов, Кабар” МА, 23.09.2011ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.