Алмаш Беки кызы: “Кыргызстан менен Кытайды бирдей сүйөм”

Жакында Филармониянын чоң залында Кытай Республикасынын Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусунун Улуучат ооданын тургуну, Кыргызстандагы кыргыз улуттук консерваториянын бүтүрүүчүсү, жаш ырчы жана акын кыз Алмаш Беки кызынын “Мен кыргыздын кызымын” аттуу поэтикалык жыйнагынын бет ачары менен отчеттук бенефис-концерти болуп өттү. Концертинде кытайлык кыргыз кызыбыз Рыспайдын, Асанкалый, Түгөлбайдын ырларын оркестрдин коштоосунда жандуу, жеткиликтүү ырдады. Отургандын купулуна толгон “орток кыз” менен маектештик.

– Алмаш, канча жаштасың?
– Жыйырма тогуздамын.

– Кытайда төрөлүп-өссөң, канча жашыңда каның тартып Кыргызстанга туш болдуң?
– Менин атам Беки Кытай жергесинде туулуп-өскөн. Ал кытайлык кыргыздардын ичинен чыккан сөзү куйкум, өзү куудул адам. Улуу акын Байдылда Сарногоевдин калемдеш досу болгон. Өзүм атамдын демилгеси менен 2003-жылы кытай-кыргыз өкмөттүк келишими аркылуу Кыргызстандын И.Арабаев атындагы тил жана маданият институтунун тил-адабияты факультетинде окуганга келдим. Ошондон тарта эле журтташтарымдын арасында эркелеп жүрөм. Журналистикага абдан кызыгам. 2004-2005-жылдары ара-чолодо “Кыргыз-Туусу” өкмөттүк гезитинде маданият бөлүмүнүн кабарчысы болуп эмгектендим. Мага бул тармактын сырларын ачканга ошол кездеги башкы редактор Абдиламит Матисаков агай менен акын-журналист Бактыгүл Чотурова эжебиз “Алыстан атайын бир боор каныбыз келиптир, жөлөп коёлу” дешип, көп көмөгүн көрсөтүштү. 2007-жылы болсо өзүмдү радио жаатында сынап көрүүнү чечтим. Ал жакта да мени жылуу кабыл алышып, ошол кездеги жетекчи Кыяс Молдокасымов агай “Өзүң бир автордук уктуруу-программа даярдап көр, байкайлы” деди. Ары ойлонуп, бери ойлонуп атып, өзүм кыргыздын маданиятын, салт-санаа, үрп-адат, тилин жана башкасын сыйлаган кыргыз кызы болгондуктан, “Мен кыргыздын кызымын” деген ат менен чыгайын деп чечтим. Ал угармандарга да, жетекчиликке да жагып, мен алып чыккан программа Кыргыз радиосунун “Жаштык” каналынан чыгып атты. Менин меймандарым, кыргыз сыймыктанган Саламат Садыкова, Роза Аманова өңдүү кыздарыбыз-эжелерибиз мекенчилдик духта маек куруп беришээр эле.

Ырчылык өнөр да жүрөгүмө жакын болгондуктан, филармониянын 2 жылдык студиясынын вокал бөлүмүнө тапшырып, бүтүп алдым. Аны бүткөн соң “орто билим болуп калат” экен деп, дараметимди дагы көрсөтүүнү каалап, Кыргыз улуттук консерваторияга тапшырууну көздөдүм. Бул жерден да мени боордошторум “боорго теппей”, ректор Муратбек Бегалиев агай “бюджеттик бөлүмгө экзаменге кирип көр, комиссиядан өтсөң эле буюрса окуйсуң” деди. Кудай жалгап, менин үнүмдү жактырышып, студент болдум. А университеттеги дипломумду 2009-жылы жактап алдым.

Мына, быйыл консерваторияны аяктап жатып, элиме бенефис-концертимди тартуулап, ошондой эле жупкадай болгон “Мен кыргыздын кызымын” аттуу ыр китебимдин бет-ачарын өткөрүп отурам. “Кол жазмаларым чачылып калбасын” деп китеп кылып чыгарганым туура болуптур. Бул концертке да Муратбек агай өзү колкабыш кылды. КТРдин жетекчилигине кат менен кайрылып, концерттик жарнамаларым бекер болду. Буюрса, концертимди да элиме эфир аркылуу тартуулашат.

– Концертиңе жылуу сөзүн арнашып, депутат мырзалар да келишти. Алар кайдан?
– Курманбек Осмонов агайды айтып жатасыз го. Менин чоң аталарым 1930-жылдардын ортосунда көп кыргыздардай эле Кытай жергесине кетүүгө аргасыз болушкан. Ошондо биздин түбүбүз Кара-Кулжадан болот экен. А атам өзүнүн тарыхый мекенин бир да жолу көргөн эмес эле. Бирок, быйыл 68 жашында апам экөө бир чети “туугандарды табалы” деген ниет менен, экинчи себеби, “кыздарым кандай жашоодо жашап атат, көрүп келбесем болбойт…” деген максатта Кыргызстанга келишти. Менден кийинки сиңдим Айчолпон да бул жакка келип окуп, экөөбүз жатаканада бирге турабыз.

Ошентип, ата-энем ата-бабалар жердеген жерге келишип, туугандардын тизмесин алып, телефон чалышып, көрүшүп, сагынычтын кумарынан чыгышты окшойт. Туугандарыбыздын арасында чыгармачыл адамдар көп экен.

Ошол тизменин арасында Курманбек Осмонов дагы бар болуп чыкты. Биз жакын туугандардан экенбиз. Ага байланышка чыкканыбызда сүйүнүч менен кабыл алды. Ал кишинин адамгерчилиги, боордоштук, кыргыздык, туугандык сезими күчтүү экен.

Баса, жакында эле Курманбек байкенин кызы турмушка чыгып, “келип конок болуп, ыр белегиңди да тартуулап кет” деп чакырган. Мына ошол жерден менин “Мен кыргыздын кызымын” ыр жыйнагым тойго келген мамлекет башчысы Роза Отунбаевадан тартып, кыргыздын интеллигенциясын түзгөн Султан Раев, Кыргызбай Осмонов, Кожогелди Култегин, Каныбек Осмоналиев, Жылдыз Жолдошева өңдүү адамдардын колуна үч тилде: кытайча, кыргызча, арабча жазылган каалоо, кол жазмам менен тийгенине кубанып отурам.

– Алдыдагы максаттарың кандай? Бул жерде биротоло калуубу, же..?
– Мен Кытай жергесин да кем сүйбөйм. Анткени, туулган жерим, куттуу жерим. Эки жакты тең сыйлайм. Эки жактын достук көпүрөсү эч качан урабаса деп тилейм. Эки жакка тең өз салымымды кошсом дейм. Нике буюруп, бул жакка турмушка чыгып калсам, Кыргызстанда биротоло калып калышым мүмкүн.

– Эки ортодо жүрүп кандай айырмачылыктарды байкадың?
– Кыргыз болгондон кийин дилиң бир, диниң бир, каның бир. Тил жагынан гана айырма билинип турат. Тилдик говор деген ар жерде өз өкүмүн кылат экен. Тилибиз кыргызча акцент менен сүйлөнөт. А бирок Кытайдагы кыргыздар нукуралуулукту сактап калышкан. Кыргыздын кол өнөрчүлүгүн, үрп-адатын, салтын, тарыхый мурастарын баалоого абдан басым жасалган. А бул жакта эми-эми көңүл бурулуп жаткандай.

Эльмира Мадиева, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.