Сүннөттүн сүрү жана сыры

Балага сүннөт той берүү илгертеден бери ырым-жырым катары каралып келет. Учурда “бышыкчылык кезде баламды сүннөткө отургузайын” деген ата-энелердин саны арбын. Бирок, сүннөткө отургузуунун өзүнүн ыкмасы, шарты бар. Булар тууралуу Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын күндүзгү хирургия бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Миңбаев кеңеш берет.

– Жеңиш мырза, медицина жактан алганда баланы сүннөткө отургузуунун канчалык мааниси бар?
– Биздин күндүзгү хирургиялык бөлүм бир жылда 500-1000ге чейин балдарды сүннөткө отургузабыз. Эркек балдарды сүннөткө отургузуу медицина илиминде, азыркы убакта кеңири таралган хирургияык операция болуп саналат. Медицина тили менен айтканда, сүннөткө отургузуу циркумцезия деп аталат. Эркек балдардын жыныстык мүчөсүнүн ашыкча терисин хирургиялык жол менен операция (циркумцезия) жасап алып салуу дегенди түшүндүрөт. Мунун мааниси өтө чоң. Медицинада сүннөткө отургуза элек балдарда төмөнкү оорулар көп кездешет: фимоз, парафимоз – бул эркек баланын жыныс органынан ашыкча терисинин сууктап сезгенүүсү. Жыныстык мүчөсү шишип, заара кылалбай калышы мүмкүн. Сезгенип калуусунун себептеринен болуп, эркек балдар заара кылгандан кийин сөзсүз түрдө ашыкча теринин астында заара калып калат. Ошол калып калган заара ашыкча теринин сезгенүүсүнө алып келет. Ал эми сүннөткө отургузгандан кийин эркек балдар жогорку оорулар менен эч качан оорушпайт. Гигиеналык жактан да таза болот. Эгерде жогоруда айтылган оорулардын белгилери пайда болгон болсо, кечиктирбей врачтарга кайрылыш керек. Негизи эле, эркек балдарды төрөлгөндөн баштап эле жыныс органын бат-баттан жууп туруу керек.

– Бүгүнкү күндө баланын сүннөтүн ар ким өзүнүн шартына жараша жасатып жүрүшпөйбү, а негизи канча жашта отургузса туура болот?
– Эгер медициналык көрсөтмө болсо, ал жаш куракка таасирин тийгизбейт. Мисалы, тубаса фемоз, кийин пайда болгон фемоз деп коюшат, ушуга кандайдыр бир медициналык көрсөтмө болсо, бул убакта жаш өзгөчөлүгүнө карабай жасай беребиз. Тубаса фемоздорду кээ бир учурда алты айында жасап жүрөбүз. Канчалык бала кичинекей болсо, аны айыктыруу ошончолук кыйын. Себеби бала ымыркай болгондуктан, жетиле элек болот. Ал эми медициналык көрсөтмө жок, кыргыздын ырымын жасап, мусулман кылабыз деп отургузгандар 3-5 жашында кылса өтө ыңгайлуу. Кээ бир учурда “убагында кесилбей калды эле, кесип бериңиз” деп 15-18 жаштагы өспүрүмдөр да кайрылышат. Булар көбүнчө “ушул жерим дайыма мени кыжаалат кылат, бат-бат сезгенип, оорутат” деген арызданууларын айтышат.

– Балдарын үй шартында сүннөткө отургузгандарды көрүп жүрөбүз, мунун кандай айырмасы бар?
– Албетте, айырмачылык чоң. Врачтар жасаганда: 1) Хирургиялык жол менен жасалган сүннөт таза болот. 2) Хирургиялык инструменттер стерилизация кылынат. 3) Баланын жыныс мүчөсүнүн ашыкча териси алынган жер хирургиялык жол менен дезинфекцияланат. Ошондой эле, кескен жарасы тигилет да, бат сакайганга шарт түзөт. 4) Ар бир канаган кан тамырлар байланат. Ал эми үй шартында кылынган ыкма: 1) Таза жана гигиеналык жактан жакшы болбойт. 2) Алардын инструменти жалгыз гана бычак болот. 3) Канаган кан тамырлар байланбайт. 4) Сүннөткө отургузгандан кийин жарасы кечирээк сакаят.

– Кээ бир балдар сүннөткө отургузгандан кийин эртеси эле чуркап кетет, кээси бир жумалап төшөктө жатышат, мунун себеби эмнеде?
– Баланын бат айыгып кетиши көп нерсеге байланыштуу. Биринчиден, баланын мүчөсүн түрүп туруш керек. Түрүлгөн, тазаланган болсо, бала тезирээк айыгат. Эгерде түрүлбөй, үрпү, үрпүнүн ички капталы башына жабышкан болсо (спайка), аны түрүп жасаш керек. Түргөндө, ал сыйрылат. Мындай жасалган операция көбүрөөк убакытка чейин шишип жүрөт. Андан сырткары, кээ бир хирургдардын колу жеңил же оор болот. Кестиргенге чейин ата-энелер бала менен жекече сүйлөшүп, анын кулагын көндүрүп, психологиялык жактан даяр кылыш керек, ошондо гана ооруну сездирбөөчү дары саябыз, эгер психологиялык жактан даяр эмес болуп, чаңырып, тепкилеп, хирургга моюн сунбаса, анда наркоз менен жасаса болот. Ага кошумча, адамдын иммунитетинен, терисинен, кандай шартта жасалгандыгына дагы көз каранды. “Ооруканадан баргандан кийин мазь сүйкөгүлө, марганцовка менен чайкагыла, ванночка кылгыла” дейбиз. Негизи кестиргенден кийин ордунан турбай бир-эки күн жатыш керек. Анткени, көп баскан сайын шишип кетет.

Баланы сүннөткө отургузуунун Ислам дининдеги орду
– Сүннөт кылдыруу мусулманчылыктын бир белгиси катары эсептелет. Куранда сүннөт кылдырууга буюрган аят жок. Башталышы Ибрахим пайгамбардан бери башталган. Сүннөт кылдыруу Исламга чейинки арабдарда да кеңири жайылган. Риваяттарга караганда Ибрахим пайгамбар 80 жашка келгенде өзүн сүннөткө отургузган экен (Бухарий, Анбия8; Муслим, Фадаил151). Сүннөт кылдыруу адаты андан кийин келген бардык пайгамбарларга кеңири жайылган. Пайгамбарыбыз (САВ) башка бир хадисинде мындай деген: “Төрт нерсе бар, булар пайгамбарлардын сүннөттөрү; сүннөткө отуруу, жыпаржыт себинүү, мисвак колдонуу жана үйлөнүү” (Тирмизий; Ахмадбин Ханбал). Башка бир риваяттарда пайгамбарлардын кээ бирлери сүннөттөлгөн абалда төрөлүшкөн. Арабдарда сүннөт кылдыруу тазалык жана көркөмдөлүү катары да кабыл алынат. Ушундан улам сүннөт кылдыруу сөзүнүн ордуна “тахарат” тазалык сөзү да колдонулат. Усайм бин Калибдин атасынан, анын да чоң атасынан келген риваятта, чоң атасы мындай деген: “Аллахтын элчисине барып, Исламды кабыл кылдым. Анан пайгамбарыбыз (САВ) мага кайрылып: “Өзүңдөн капырлыктан калган кылдарды тазала жана сүннөткө отур” деди”. (Ахмад бин Ханбал, 3/415; Абу Дауд, Тахара129). Бул хадистен ким мусулман динин кабыл кылса, улгайган жашка келсе да, сүннөткө отургузулуусу керек экендигин түшүнөбүз.

Айнура Касымова,” Учур” («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.