Кыргыздын улуу жомокчулары

Эпостон жомокко
Жомокчулардын (азыркы күндөгү аталышы – манасчы) «Манас» айтуу учурун трансценденттик (бир мейкиндиктен башка мейкиндикке өтүү, аң-сезимдин өзгөчө абалы) кубулуш катары эсептөөгө болот. Алар транс (“Манас” айтып жаткан учурунда) абалында: адамды, малды, жан-жаныбарды оорудан сакайтып, айлана-чөйрөнү аруулап, тазалашкан. Тагыраак айтканда, эмчи-домчулук кызматын аркалап, тазалоочу-аруулоочу озуйпаны аткарып келишкен. Бул жагынан алып караганда, кыргыздардын “Манасты” – “жомок” деп, айтып келгендигинин негизги себеби келип чыгат. Анткени, түрк-монгол тилдүү элдердин дээрлик бардыгында тең кездешкен “жомок” деген сөздун теги – “эм-дом” же “эм-дем” (эмдөө, дем салуу) деген сөздун маанисине барып такалат (Исанбат Н. Татар табышмаклары турында. Казан.: 1970.) Демек, «жомок» деген сөздүн түпкү мааниси («жөө жомок» – “сказка” эле эмес), «эм-дом» маанисинде да колдонулуп, “Манас” айтуу аркылуу жомокчулар кыргыз элине дем салып турган.

Ал эми «эпос» деген термин Кыргыз Совет фольклористикасы тарабынан, кечээ жакында – 1930-жылдары эле адабий термин катары кирген. «Манасты» кыргыздар “жомок” деп келсе, айтуучуларын «жомокчу» деп келишкен. Тээ илгертен бери «жомок» деп атап келген «Манаска», «эпос» деген терминди таңуулоонун канчалык зарылчылыгы бар эле? Ушундан улам, башы байыркы грек тилинен келген “эпос” деген сөздүн мааниси деги “Манаска” туура келеби, татыктуубу деген суроо туулат?

«Койчу ошол качанкы «Манасты»! Эскиге жармашпай, кайдагы бир немени «Манас!» «Манас!» деп эле көтөрүп-чаппай, алдыга – цивилизацияга умтулушубуз керек! Азыр башка заман, башка доор, башка талаптар. «Манастын» убагы өттү-кетти!» деп, айткан тексиздер эл ичинде толтура. Бирок маселенин маанилүүлүгүн эске алсак, биздин руханий баалуулугубуз үчүн бизден башка ким күйөт? Өзгөчө азыркы катаал заманда ар ким өз көмөчүнө тартып, ар ким өз пайдасын, кызыкчылыгын көздөп турган учурда ким күйөт?

Эл аралык илимий термин катары «эпостун» ээлеген орду белгилүү, талаш жок. Ал эми «жомок» деген терминдин «жөө жомок» («сказка») жанрдык маанисине өтүп кетиши адилеттикке жатабы? Анын үстүнө, кыргыз эли «Манас» жомогун тарыхый окуя, Манастын өзүн тарыхый каарман, аны айтып келген жомокчуларды Манас дүйнөсү менен тирүүлөр ортосундагы көпүрө катары кабылдап келгендиги айкын.

Мансчыдан жомокчуга
Кыргыз элин кылымдар бою колдоп, коргоп келген Манас дүйнөсүнө биз канчалык тереңдеген сайын анын ошончолук түпсүз экендигине ынанып келебиз. Кирсең чыкпай, чыксаң кайра кире албай калчудайсың. Киргенди кой, канчалар кирүүгө эшигин таба албай, тапса анын кулпусун ачууга ачкычын туура тандап ала албай, кайра тартты. Канчалар башка каалгадан адашып кирип, мерт болду. Канчалаган «көйкашка азаматтар» төшүн койгулап, «батыл төрүнө чыгам» деп, босогодон аттап өтө албады.

Кайсы гана изилдөөчү, мейли тарых, мейли адабият, тил, мейли философия илиминин өкүлү болсун, жомокчунун айткан кебине, көз карашына кулак төшөбөдү, а түгүл «материалисттик илимге жат» деп, ишенбестен четке кагып, мыйыгынан күлүп, шылдыңдоо менен мамиле кылып, маскарапоз-шоумэн катары кабылдап келгендиги жашыруун эмес. Жомокчунун айткан «Манасы» – «Улуу эпос» болуп, жомокчунун өзү тууралу айтканы ободон түшкөн опосуз ой, өзү обу жоктой кабылданып келди. Жомокчунун айткан Улуу Сөзүн фольклорчулар түркүн-түрдүү айла-амалга салып сыгып алып, дүйнөнүн туш тарабына алып кетип жатат. Ал эми анын жеке чыгармачылык дүйнөсүнө, жеке жан дүйнөсүнө кайдыгер болуп, а түгүл колун шилтеп келишет. Ошентип жатып, азыркы күнгө чейин бир дагы жомокчунун табияты илимий алкакта терең, кенен, толук изилдөөгө алына элек.

Көпчүлүк, жомокчулукту “өнөр” деп атап, “өнөр” деп тааныйт. Мындай ой же аталыш манасчылыкка татыктуу эмес эсептейм. Себеби, өнөрдү кимдир бирөөдөн үйрөнүп алса болот. Ал эми касиет жогору жактан берилет. “Үйрөнүп манасчы боло албайсың”, дейт элибизде. Андыктан, манасчылык бул өнөр эмес – касиет.

Ал эми 1930-жылга чейин кыргыз элинин «Манас» айтуучуларын «жомокчу» деп, атап келишинин себеби эмнеде? Деген суроонун коюлушу толук мүмкүн. Эмне үчүн кыргыз эли мурда «Манас» айтуучусун «манасчы» деп атабады экен? Себеби, «Манасты» – Манас дебей, «жомок» деп, тергегендей эле, анын айтуучусун да тергешкен. «Манас!» деп, оозун толтуруп сүйлөгөндү, «шүк, антчү эмес» деп, дароо токтотуп койчу. Ал, Улуу арбакты сыйлагандыгы, адеп-аклактык – философиялык категория катары маанилүү болгон. Бул кыргыздын кем акыл же аң-сезиминин төмөндүгүнөн эмес, даанышмандыгы, акылмандыгы. Улууну – «Улуу» деп, баамдай алгандыктын өзү, Улуулук. «Жакшыны жакшы өлтүрбөйт, жакшыны жаман өлтүрөт». Ар кимдин, ар нерсенин «жолун», «ордун» сактап, ошого жараша мамиле кылган көчмөн кыргыз. Өз ордунда болгондор оңолгон, ордунда жоктор жоголгон. Ал адамзат коомунун гармониясы ушунда экендигине терең ишенген. А түгүл, үрп-адат, салтынан, тилинен, жалпы эле маданиятынан кол үзүп, башка элдер менен жуурулушуп, сиңишип бараткан бир боорубуз – хакас (хыкыс-кыргыз) эли да азыркы күнгө чейин жомокчуларын нымахчы (жомокчу – нымахчы) деп атап келишет. Өнгөнү кой, нымахчынын жолун урматтап, ордун сактап тургандыгы бул хакастардын бүгүнкү күндөгү эрдиги.

Жогоруда айттык, түрк-монгол тилдүү элдердин баарында тең «жомок» деген сөздүн маанилери үндөш. «Оозеки» фольклордун бардык жанрларын өзүнө камтыган: жөө жомок, табышмак, уламыш, эм-дом, ырым-жырым, үрп-адат, дарым, сыйкыр, дуба ырлары ооздон-оозго көчүп, жадыда сакталып келген байыркы Сөз. «Манастын» өзүндө да ушу: жөө жомок, табышмак, уламыш, эм-дом, ырым-жырым, үрп-адат, дарым, сыйкыр, дуба эмеспи, өзүндө да: жөө жомоктор, табышмактар, уламыштар, эм-дом, ырым-жырым, үрп-адат, дарым, сыйкыр, дуба ыр саптары уюп жатпайбы. Ошондой эле «Манас» жомогун айткан жомокчунун өзү да мунун бардыгын көкүрөгүнө сактап, элине тартуулап жатпайбы. Аларды сиңирип, элине тартуулай албаса анда анын жомокчулугу кайсы. Жомокчу «Манасты» айтуу менен эле чектелген эмес. Ал эмчи-домчу да, табыпчы да, элдик үрп-адаттын, ырым-жырымдын алып жүрүүчүсү да болгон. Дал ошол Улуу жомокту айткан жомокчу болуп калгандыгы үчүн гана ал жогорудагы элдик билимдердин да алып жүрүүчүсү боло алган. Анан ушундай ченебеген руханий кең маани-маңыздуу дөөлөттү ичине батырып жүргөн «жомок», «жомокчу» деген төл сөздөрүбүздү тандыкпы, өз ордунан качырып алдыкпы???

Кайып-арбак даруу
Улуу жомокту айткан жомокчулардын эл ичиндеги орду да обурактуу. Кудайдын колдоосу, кайып-арбактардын дааруусунун натыйжасында айтып калышкан деген ишеним кыргыз элинин аң-сезиминде орноп келет. Жогорудагы ойду жомокчулар өздөрү да моюндарына алат. Ал эми «кайып-арбак дааруу» процесси болочок жомокчунун өң же түш абалында өтөт. Элдин калың катмарында бул жөнүндө жалпы түшүнүк өмүр сүрүп келгени менен илим айдыңына келгенде, илимий объект катары терең иликтөөгө алынган эмес. Тескерисинче, жомокчулардын чыгармачылыгындагы андай кубулушка түшүнбөөчүлүк менен бир жактуу, а түгүл терс мамиле кылып келишкен.

Болочок жаратман жомокчулардын дээрлик бардыгы (жаратман дегеним, жаттап айтпаган) «кереметтүү түшкө» туш болушат. Эң алгачкы «түшүндө», кайып-арбактарга («Манастагы» кейипкерлерге) кабылып, кээде тескерисинче, талапкерге кайып-арбактар өздөрү туш болуп, ортодо таанышуу процесси өтөт. Көп учурларда бул процесс кайып-арбактар тарабынан өтүнүү, буйрук, а түгүл коркутуп-үркүтүү мүнөзгө чейин барат. Тагыраак айтканда, алгачкы түштүн мүнөзү, болочок жомокчунун мамилесине байланыштуу болот.

Алгачкы көргөн «түш» өтө олуттуу мааниге ээ. «Алгачкы» дегеним, бул «түш», ал адамдын келечек тагдырын чечет. Дал ошол «түш», анын эртеңки күндө жомокчу болорун не болбой калышын аныктайт. «Түшүндө» «ооба» не «жок» деп кайып-арбактарга бере салган жообу, чоң жоопкерчиликти да талап кылат. Эгерде ал «ооба» деген жооп кайтарса, анда кийинки баскычтан өтүүгө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Кокус, «жок» дей турган болсо, анда анын тагдырына эле эмес, жакындарынын өмүрүнө коркунуч жаратат. Арийне, оболку «түш» болочок жомокчулардын ар бирине, ар башка көрүнөт. Бирок жалпы жонунан мазмуну, бардык учурда тең бирдей окшош. Көпчүлүк учурда «түшкө», калың колдун аттанып бара жатышы же боз үй ичиндеги тамак-аш жайнаган кең дасторкондун үстүндө отурган Манас баштаган сүрдүү баатырлар (кырк чоро), кээде («Манас» «үчилтигиндеги» негизги кейипкерлер) Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Гүлчоролор кирет. Ушуга улай ысымы көпчүлүккө көп маалым эмес, Кубанычбек Алмабеков деген дагы бир семетейчинин мисалын айтып өтөлү (1955-жылы туулган, Түп районундагы Түп айылынын тургуну): «Сегиз жашымда, чоң атамдын каза болгонуна бир ай болуп калган (чоң атасы – семетейчи Алмабек Тойчубеков (1888-1962). – Т.Б.) Чоң атам түшүмө кирип, эч үн-сөзсүз эле мени колумдан кармап, ээрчитип, Бакай атага алып келди да: «Таанып ал! Бул Семетей! Бул Манас! Айтып жүр!», – деп Бакай ата мага буйрук берди» (Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр. – Б.: «Айгине» маданий-изилдөө борбору, 2009. 57-б.). Жогоруда Т.Асанов менен К.Алмабековдун мисалында берилгендей көзү өткөн жомокчулар да (Алмабек) «түшкө» кирип же «өңүндө» көрүнөт. Түшкө не өңүндө көрүнгөн кайып-арбактардын баары эле болочок жомокчу менен бет алып сөзгө келе бербейт. Көпчүлүк учурда «кайып болгон беш берен» гана ортомчу милдетин аткарат: Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Гүлчоро. Кээ бир кырдаалдарда ортомчунун кызматын аксакалчан карыя же көзү өткөн жомокчулар да аткарат. Ортомчулар, оболу болочок жомокчунун атынан чакырып, атчан же дасторкон үстүндө отурган баатырлардын бардыгы менен тааныштырып, өздөрүнүн кайда жол тартып бара жатканын айтып, анын атайын тандалып алынып, мындан ары жомок айтып жүрүшүн өтүнүшөт, буйрук кылышат, талап кылышат. Кийин, азык же буюм тартуулашат, денесине мөөр басышат, оозуна түкүрүшөт. Кээде тандап алган адамынан кайып-арбактар азык беришин, курмандык чалышын талап кылышат. Ал эми кайып-арбактардын тартуулаган азыктын негизги түрлөрү, бул: (1) Дан азыктары; (2) Сүт азыктары; (3) Эт азыктары. Айрым бир учурларда кум жана суу да тартууланат. Арийне, азыктын түрү ички составы, белгилүү бир символикалуу маанини аткарып, келечекте жомоктун тигил же бул бөлүгүн («Манастын ата-бабалары», «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана андан кийинки урпактары), бүтүн жомоктун мазмунун же айрым окуяларын айта тургандыгын түшүндүрөт. Башкача айтканда, тартууланган азык – бул болочок жомокчунун келечекте айта турган репертуары. Ал эми буюм-тайымдын берилиши – бул болочок жомокчунун келечекте башка жомокчулардын ичинен элей турган даражасы болуп эсептелинет. Буга карата залкар жомокчу Чоюке Өмүр уулунун (1864-1925) башынан өткөнүн айта кетели: «Илгери ышкын түптүн кабыгын сууга кайнатып, тери боечу турбайбы. Ошону алып келүүгө Өмүр (Чоюке манасчынын атасы. – Т.Б.) Молтойдун Казакбайына он төрт жаштагы Чоюкени кошуп бериптир. Жол жүрүп, Кызыл-Кыянын белине барышып, кабык аачый турган жерине келишет. Өзөк жалгашып, эки түп сары жыгачтын түбүнө жатып, экөө тең уктап калышат. Уктап жатканда түшүнө аксакал карыя кирет да, экөөнүн тең оозуна таруу куят. Молтойдун Казакбайы чочуп кетип, бүркүп жибериптир, өзү да кийин: – Эй, экөөбүзгө тең таруу куйду эле, Чоюке жаштык кылып чайнап жутуп, мен чочуп кетип бүркүп жиберип, кур калбадымбы, – деп арман кылчу экен. Таруу берген аксакал киши, Чоюкеге: – Мынабу Тулпар-Таштагы кырда кырк боз үй бар, ошол ар бир үйгө кирип чык, – дейт. Чоюке ар бир үйгө кирип, идиш окшогон тай туякка ар бир үйдөн айран ичип чыгат. Ал эми ортоңку үйгө кирсе, бир татынакай алачыктай ак байбиче берметин Чоюкенин колуна берип жатып: – Мына ушунун баарын санап чык. Санай албай, жетише албай калсаң, укум-тукумуңа таштап кет. Минген бээң боз экен, эки кап кум арттык, ошону төкпөй-чачпай үйүңө жеткиз. Бээң кулун салып койбосун, муну да байка, – дейт. Көзүн ачса баягы түш» (Буудайбек Сабыр уулу. «Эркин Тоо» №56-57. 26.08.95. 16-17-б.) экен дейт.

Чоюкенин урпагы болгон, жомокчу Шаабай Азизовдун (1927 (24) – 2004. Ак-Суу районундагы Үч-Кайнар айылы) айтуусу боюнча: «беш берендин» ичинен эң ардактуу жана үлкөн касиетке эгедери – Бакай. Түшүндө көрүп андан бата алгандар Манастын жети атасынан тарта, жети урпагына чейин айтат». Ал эми сунулган насип, сөзсүз түрдө болочок жомокчулар тарабынан жеп-ичилиши кажет. Анын ооз тийип, жарым-жартылай же калтырбай бүтүн бойдон жеп-ичиши, келечекте жомокту канчалык чыгармачылык деңгээлде айта тургандыгын аныктайт.

Жогоруда айтылгандай, болочок жомокчу менен кайып-арбактардын ортодогу байланышы ар дайым эле жай өтө бербейт. Байкоолорго караганда, кайып-арбактардын дааруу процессине өзгөчө эркек затындагы тестиер, өспүрүм, улан, жигит курагындагылар дуушар болушат. Мурда-кийин көрбөгөн мындай керемет окуя, болочок жомокчуну коркуу, чочуу, тартынуу, түшүнбөө, таң калуу, сүрдөө абалына алып келет. Демек, алар жомоктун мазмуну менен терең кабардар болбошу мүмкүн, болсо да кимдир бирөөлөр аркылуу жалпы маалымат алгандыгын түшүндүрөт. Ошондуктан кайып-арбактардын: «билесиңби?», «уктуң беле?», «айтасыңбы?» же «айт!», «айтасың!» деп, талап коюп, кыстаганы, жаш баланы коркуу сезимине жеткизип, «ооба», «жок» деп чукул айта салышы да ажеп эмес. Оозуна насиптин салынганы же буюмдун берилгендиги кайып-арбактардын баланы жомок айтууга милдеттендиргендиктин да белгиси. Ал эми айтпай койсо, ошол бойдон тим койбой, аны көндүрмөйүн кайра-кайра келип, талабын күчөтө бериши күтүлөт. Эгер «жок» деп, ниетин койбой, моюн сунбай турган болсо, бала кырсыкка чалдыгат, ар кандай ооруга туш болот. Буга карата жомокчу Шаабай Азизовдон мисалына кайрылсак: «Кара-Бөлтөктөгү (Ак-Суу районундагы Маман айылынын түштүк тарабында жайгашкан дөбө. – Т.Б.) Ак-Марчанын оозундагы Чоюке атамдын мүрзөсүнүн шилисине коюмду жаям. Күндөгүдөй көнүмүш адатым менен тузакка түшкөн чилдерди бирин мойнунан, кээ бирин бутунан канжыгага байлап камына баштаганымда эле Үч-Салаа жактан кыйкырык, сүрөөн салган, чубаган адамдар келе жатат. Биздин айылдын адамдары го? Жаман-Карагайдан отун алып келе жатышкан го дейм. Элдин карааны жакындагандан жакындай берет. Андан кийин эмне болгонумду билбейм, ошол жерде жатып калган экемин. Баягы кой-эчким короого келгенден кийин: «Бала эмне болду?» – деп, ата-энем издеп чыгышып, Кудук деген жерден мени таап, үйгө алып келишиптир. Көзүмдү ачсам төшөктө жатыптырмын. Жанымда отурган атам, менин эсиме келгенимди көрүп: «Аксарбашыл, аксарбашыл!» – деп, ыйлап жиберди. Бүткөн боюм оор тартып, салмактанат. Атам сүйүнүп, кой сое коюп, баабедин өткөрдү. Мен болсо тынч ала албай, бир жерге туралбай, өзүмчө эле элеп-желеп болом. Оозум өзүнөн-өзү кыбырап, ырдагым эле келет. Айылдагы элдер: «Шаабайга жин тийиптир» – деп, айың сөз таратып жибериптир. Ырдайын дейм, уялам. Атайылап эл жок, ээн жер издеп, моокумум кангыча күпүлдөп алам. Ошондон кийин гана денем жибип, жеңилдеп калам. Бир күнү: «Сени кечке бага беребизби, бол айт!» – деп, көк жорго минген, бир ак сакалчан адам пайда болуп, үйгө кирип келди. Ошондо оозумду бир ачканымды эс-мас билем, андан кийин эмне болгону эсимде жок. Көзүмдү ачсам, күн чыгып калган экен, эл топурап тарап жатыптыр. Ошондон кийин элдир-селдир айтып жүрдүм. Мына ошентип, чолуп-чолуп айтып жүргөнүмдөн улам, бир жылча ооруп калдым. Мени көргөн, атамдын айласы алты кетип, эл чогултуп, мени кыйнап айттыра турган болду. Ошентип, тогуз жашымда анык айта баштадым. Көп өтпөй түшүмдө Чоюке атамды көрдүм. Үйдүн төрүн көрсөтүп: «Мынабу бурчта кум, мобу, седеп-мончок, ошолорду санап чыгып, элге айтып жүр», – деди. Экинчи, былкылдак куурай бышканда, күз убактысында, Чоюке чоң атам дагы түшүмө кирди, бир чоң ак боз үйдүн ичи экен. Чоюке атам айылдагы аксакалдардын баарын жыйып, жыйналыш өткөрүп жатыптыр. Жогору оң жагында Алмамбет баатыр, сол жагында Семетей баатыр турган экен, анан: «Болгон дасмыямдын баарысы Шаабайда калсын» – деп, Чоюке атам айтып калды» ((Буудайбек Сабыр уулу. «Эркин Тоо» №56-57. 26.08.95. 16-17-б.).

Шаабай Азизовдун мисалынан улам, болочок жомокчунун «оорусу» узак убакытка, а түгүл бир нече ай, жылдар бою да созулаарын байкасак болот. Жомокчунун «оорусу» деп жатып, илимге кеңири белгилүү бакшы-бүбүлөрдүн (шамандардын) оорусу менен алмаштырбашыбыз кажет. Ооба, ортодогу окшоштуктардын бар экендиги күмөнсүз, бирок айырмачылыгы да кыйла. Бирок ошондой болсо да, кайып-арбактар дааруу аркылуу, изоляцияда калган талапкердин ички жан дүйнөсүн даярдап жана жомокчулукка жат, көрпендечилик сапаттарынан тазалоону, аруулоону, жомокчулук индивидуалдуулугун жаратып, Манас дүйнөсүнө киргизип, трансценденталдык күчкө ээ кылдырууну көздөйт. Бирок, болочок жомокчулардын баарысы эле ооруга чалдыга бербегендигин да баса белгилеп кетүүбүз зарыл. Оору, «Манас» айтууга моюн сунбай, кайып-арбактардын талабына баш ийбегендерге гана таандык процесс.

Оорунун ар кандай түрлөрү байкалат, көбүнчө – баш оору; жүрөгү айланып, улам-улам кусуу; жаны жер тартуу; талыкшуу; тамакка табит тартпоо; талма; депрессия ж.б. Бул тапта, болочок жомокчу жалгыздыкты каалап, айланасын курчаган адамдарга, турмуш-тиричиликке мамилеси кайдыгер, өзү да түнт болуп, ээн – адам буту баспаган мазарлуу жерлерге, күндүзү болобу, түнү болобу бир нече күнгө чейин эч кимге айтпай качып, кайып-арбактардын дүйнөсүндө жүрүүнү эңсешет.

Бул психикалык оор абалды, ал өзү түшүнбөй, башкаларга да түшүндүрө албай коюшу мүмкүн. Денеси өз калыбында козголбой кала бергени менен, жаны Манас дүйнөсүнө же Манаска тийиштүү ыйык жерлерге саякаттап кетет деп түшүнсө болот. Мындай абал, негизинен көпчүлүк жомокчуларга таандык көрүнүш. Тигил же бул кубулуштарды мурда-кийин көрбөгөн, укпаган болочок жомокчунун жакындары аны «оорукчан» деп да түшүнөт. Баарынан кызыктуусу, профессионал медицинасы да мындай кесел-оорунун туура, так диагнозун коюп, терапиялык жактан дарылоого же жөнгө салууга кудурети жеткен эмес.

Бул процессти дагы, талапкердин жомокчулукка өтүү алдындагы кирүү сынагындай да түшүнсө болот. Кайып-арбактардын дааруу процесси жүрүп жаткан убакта, жаш талапкердин ата-энеси калыптанган жомокчунун колуна тапшырып, курмандыкка мал чалып, бата алышы парз.

Кайып-арбактардан, элден (сакалдуу жакын урук-туугандарынан), устатынан (калыптанып калган чебер жомокчудан) бата алып, эл ичинде «Манас» жомогун айтып калган күндөн тартып, талапкерге маал-маалы менен кайып-арбактар келип руханий күч-кубат берип, өмүрүнүн акырына чейин жылоолоп турат. Талапкердин «Манас» айта башташы менен оору процесси кайып-арбактар тарабынан басаңдап, токтотулат. Ооруну токтотуунун бирден-бир дарысы да ушул. Анткени «Манас» айтуу, жомокчунун негизги милдети. Бул Улуу жомок, айтуучунун сыртына чыгып, элге айтылып турбаса, ал ичиндеги «ийри жылаандай» анын ичинен жей берет.

Азыркы медицина, бул ооруга ар кандай невроздук, психопатиялык илдеттердин диагнозун коюп, түшүндүрүп келгени менен, ички жан-дүйнөгө мистикалык, метафизикалык күч-кубат да бере турган жогорку формадагы оору экенин так аныктай элек. Мындай «ооруну» жалпы адамзат анын ичинде кыргыздар дагы ар дайым эле бир жактуу түшүндүрбөстөн («кайып-арбак дааруу»), «жин дааруу» деп да кабылдашкан, расмий медициналык илимий сөз менен айтсак, «шизофрения» оорусу менен байланыштырып келишкен.

Талантаалы Бакчиев, “Баракелде” 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.