Айнура ЖЭЭНТАЕВА: “Манасчы болуш үчүн сөзсүз эле аян алыш керек эмес”
“Манас” эпосу манасчылардын жардамы менен ооздон-оозго, муундан-муунга айтылып отуруп ушул күнгө жетип отурат. Кыргызстанда манасчылар анчейин баркталбай келсе да, алар өз миссиясын жогорку чеберчиликте аткарып келишет. Тарыхка кайрылсак манасчылардын дээрлик көпчүлүгү эркектер экен. Мына ушул эркектерден кем калбай манасчылык өнөрдү аркалаган кыздарыбыз да арабызда жок эмес. Алардын бири Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин магистранты Айнура Жээнтаева. Өзүн профессионал манасчы катары эсептебесе да, манас айтууну жактырган Айнура кесиби тарыхчы болгондуктан Манасты изилдөө менен манасчылыкты айкалыштырып келет.
– Манасты канча жашыңыздан бери айтып келесиз?
– Мектепте окуп жүргөндө көп айттым. Сабактарда, ар кандай конкурстарда айтчумун. Бирок мен Манасты сүйүүчү катары эле айтып келем. Эки жыл мурун Стамбулга барганда да түрктөргө айтып бергем. Азыр деле зарыл болгон учурларда айта коюп жүрөм.
– Манасты аяндын негизинде айтып калдыңыз беле же жаттап айтасызбы?
– Мага аян келген эмес. Жаттап айтам. Манас айтуу үчүн сөзсүз эле аян берүүнүн зарылчылыгы жок. Анткени бардыгы адамдын каалоосунан көз каранды. Белгилүү манасчы Сапарбек Касманбетовду жаттап айтат деп угуп жүрөм. Албетте аян менен айткандар жогору турат деңизчи, бирок адамдын каалоосу негизди ролду ойнойт. Жаттап айтыш, эл алдына чыгыш үчүн да каалоо анан эрдик керек.
– “Манас” эпосунун азыркы абалы сизди канааттандырабы?
– Манас азыркы учурда саясый кызыкчылыктардын гана куралына айланып калды. Саясатчылар Манасты жеке кызыкчылыктары болгондо гана көтөрүп чыгышат. Биринчиден, Манаска көңүл буруп жакшылап толугу менен изилдеп чыгуу керек. Манас бүгүнкү күндө чети оюла элек кенч. Мисал үчүн азыркы медицинада кеңири колдонулган пинцет эпосто окту сууруп чыгара турган тинтүүр деп айтылат. Ушул сыяктуу талаш-тартышты жараткан маселелер огеле көп. Ошон үчүн “Манас” эпосу тыкыр изилдөөнү талап кылат.
– Манасчылыкты мындан ары да улантасызбы?
– Эми кыргыз болгондуктан Манас менин жандүйнөмдө өмүр бою жашайт. Шарты келген учурларда айтуудан баш тартпайм. Башкалар энчилегиси келген улуу эпосту колумдан келишинче сактоого салым кошом деген ишеничтемин.
– Азыркы учурдагы манасчылардан кимисин баалайсыз?
– Талантаалы Бакчиев, Рыспай Исаков, Дөөлөтбек Сыдыковдун таланттарын баалайм. Анан кичинекей Үмөттүн таланты мени эле эмес баарын эле таң калтырса керек. Ушундай берилип, көтөрүп кеткиче айтканын көрүп алып айран-таң калгам.
Уланбек Эгизбаев, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.01.2012-ж.