“Билим берүү министрлиги Манас таануу окуусуна 72 саат бөлдү”
– Советбек агай, учурда окумуштуулар “Манас” эпосу тууралуу эмне иштерди жасап атат?
– Бүгүн Манасты бала-бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо окутуу маселеси курч коюлуп жатат. Ушундай шартта биз кайсы вариантка негизделип жаш муундарга тарбия беришибиз керек деген маселе өзүнөн-өзү чыгат. Мындай шартта менин оюмча бир гана жол бар. Ал кылымдар бою эл тарабынан түзүлгөн, байыртан бери манасчылар айтып келген, Чокон Валиханов, Радлов сыяктуу окумуштуулардан баштап кагазга түшүрүлгөн, кийинки Сагымбай, Саякбай, Тоголок Молдо, Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов сыяктуу көптөгөн манасчылар айткан Манаска негизделип 1958-1960-жылдары чыккан төрт томдук китеп тарбия ишине негиз болуш керек. Тактап айтканда, окуу программасы жогоруда мен айткан варианттардын өзөк окуяларынын негизинде түзүлүшү шарт. Менин оюмча чыныгы элдик чыгарма Сагымбай менен Саякбайдын варианты. Манастын ушул варианты корголуп, үгүттөлүп эл ичине жайылтылып, улуттук идеологиянын бир өңүрүн түзүшү зарыл.
– “Манас” эпосунун Бүбүмариям Муса кызы менен Шарыпкул Эсенкулов жараткан варианты тууралуу оюңуз кандай?
– Бул маселе боюнча интеллигенция өз пикирибизди басма сөздө билдиргенбиз. Бүбүмариямдын вариантын которуудан жана жайылтуудан мурда анын каяктан жаралып атканын изилдеп көрүш керек. Өздөрү кайып илиминен келип атат деп атпайбы. Биринчи ушул кайып илимин изилдеш керек. Чын эле ошондон жаралып атабы же бир мистикалык галлюцинациядан улам пайда болуп атабы? Кыскасы, бул маселе такталууга тийиш. Анын кандай жол менен жаралып атканын тактабай, иликтебей туруп аны чыныгы Манас ушул деп дүйнөгө таратып ийиш туура эмес. Тескерисинче мындан сак болуш зарыл. Манасты биз мистикага айландырбайлы деген ой. Бул вариант изилденүүгө муктаж. Ал азырынча элдик манастан жол талашпай турганы оң. Бул мистикалык варианттын артында кандай күчтөр турганын ким билет? Анын чыныгы сыры ачылмайынча мамлекет ага бөгөт коюшу шарт. Ушундай жол менен кете берсек биз эл жараткан Манасты жоготуп алышыбыз мүмкүн.
– Сиз билген маалымат боюнча Жайсаң ким, Ырамандын ырчы уулу ким? Негизи эле элдик манасты ким биринчи айткан?
– Мухтар Ауэзовдун “бул Манастын жаралышына Чоң казат окуясы себеп болушу мүмкүн. Тарыхта болгон ушул окуяны алгач ыр кылып бирөө айткан, ал Ырамандын ырчы уулу болуш керек” деп айтканы бар. Манастын бириктирилген вариантын карап көрсөк анда да Ырамандын ырчы уулу Манастын кырк чоросу менен бирге жүрүп Манас баянын ырдайт. Бул далилге таянып кылган биздин божомолубузда аталган эпосту Ырамандын ырчы уулу баштаган. Жайсаң ырчы тууралуу да боз үйдүн эле жасалгасын жарым күн айткан деген легенда бар. Ал деле балким манас айткандыр. Бирок жалпы изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча манасты биринчи айткан Ырамандын ырчы уулу.
– Учурда Манас изилдөөчүлөр аны жаш муунга жеткирүү боюнча эмне иштерди жасап атат?
– “Манас” эпосу боюнча мамлекетибиз атайын мыйзам кабыл алганын билесиңер. Мурда мындай нерсе жок болчу. Азыркы бийликтин Манаска көңүл буруп атканы чындап эле кубанычтуу. Анан президент Атамбаевдин тарыхый, маданий мурастарды терең үйрөнүү, анын ичинде Манасты ЖОЖдордо жана мектептерде окутуу боюнча атайын жарлыгы чыкты. Бул жарлыктын негизинде өкмөттүн кыргыз элинин тарыхый мурастарын үйрөнүү, манасчылыкты, төкмөчүлүктү өнүктүрүү, “Манас” эпосун 2013-жылдан баштап студенттерге, окуучуларга окута баштоо каралды. Ал токтомдо жалаң эле ушул Манаска байланышкан окуу китептерин чыгарып, окутууга 2 млн. сом чегерилген. Азыр Манасты изилдеген, ага байланыштуу жазып жүргөн окумуштуулар чогулуп, ага Топчубек Тургуналиев демилгечи болуп ЖОЖдор үчүн Манас таануу предметинин окуу программасын түзүп атабыз. Билим берүү министрлиги Манас таануу окуу курсуна 72 саат бөлдү. Анын отуз алты сааты аудиториялык, калган сааттар студенттердин өз алдынча иштөөсү үчүн берилди. Жогоруда айткандай, биз ушуга байланыштуу окуу программасын түзүп, үч вариантын жасап, азыр аларды бириктирип атабыз. Буга тарыхчылар да катышып атат.
– Ишиңиздерге ийгилик!
Зайырбек Ажыматов, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айыл”), 09.03.2012-ж.