Тилиңди кордобо!

Акыркы жылдары гезит-журналдарда, радио менен телеканалдарда иштеген журналисттер кыргыз тилин кыргыз тилине жат, түшүнүксүз, келегей сөздөр менен толтуруп жатат деген дооматтар арбын. Көпчүлүгү муну жаш журналисттердин өз эне тилиндеги сөздөрдүн маанисин жакшы билбегендигинин, билимсиздигинин, көркөм адабий китептерди окубагандыгынын айынан болуп жатканын айтууда.

Дээрлик бардык телеканалдарда, радио менен гезиттерде бийликтеги кызматкерлердин бири кызматтан алынса, “ал кызматынан чегинди” деп жазып, айтышчу болду. Журналисттердин “чегинди” деген сөзү туура эмес. “Чегинди” деген сөз турган ордунан кайра артка кетти деген маанини берет. Согушта душманга көрүнүп калбаш үчүн, же кайрадан жакшылап камданып келип чабуул жасаш үчүн артка чегинет, кайра келиш үчүн чегинет. Бул сөздүн кызмат менен эч кандай байланышы жок.

Демократия доору өзү менен бизге “ачкачылык” деген түшүнүктү кошо ала кирди. Мисалы журналисттер: “Ош базарында олтурган соодагерлер ачарчылык жарыялашты” деп жазды дейли. Бул жердеги  “ачарчылык”деген сөз туура эмес.

“Ачкачылык” менен “ачарчылык” эки башка нерсе. “Ачкачылык” атайылап бийликтин көңүлүн бурудуруш үчүн жасалчу саясый ыкма, акция болуп саналса, ачарчылык деген кудайдын башка салган кырсыгы. Маселен 1924-жылы коңшу казактарды ачарчылык каптап, кырылып кала жаздаганда бизге ооп келгендерин тамак-аш берип, кийинтип, аттап-тондоп кыргыз сактап калган. Мына ушуну “ачарчылык” деп айткан. Ал эми саясый максатына жетүү үчүн бир-эки же он чакты күн наар албай отуруп бергенди “ачкачылык” деп айтат.

Кийинки кездери “буйуртма өлүм менен өлтүрүштү” деп жазчу болду. Кыргыз тилинде “буйрук” деген сөз бар. Орусча “приказ, распоряжение, указ, указание” деп которулат. Муну менен бирге эле “буюр” деген да сөз бар. “Айыпка буюр” дейт. “Айып так” дегенди билдирет. “Бир ишти ошого буюр” дейт, “Бир ишти ошого тапшыр”, “аткарт” деген мааниде.

Журналисттердин мына ушул сөздү бөйрөктөн чыккан шыйрактай кылып “буюртма” деп жазганы таптакыр туура эмес. Кишини жалдап өлтүрөт. “Жалда” деген орусча “нанимать”, “жалдама” деген “наемный, нанятый”  деп которулат. Мисалы: “Кыргыздар Орусияда жалданып иштеп жүрөт” дейт. Же “ал кишини жалдап алып иштетип жатат” дейт. “Кара жумушка жалдандым” дейт. “Алар киллер жалдап өлтүрттү” дейт. Демек Садыркуловдун өлүмү “буюртма өлүм” эмес, “жалдама өлүм” деп жазылышы керек.

Шайлоо деген сөз бар, орус тилинде бул сөз – выборы болуп айтылып, же көптүк сан менен, орусча множественное число менен жазылат. Бизде болсо жекелик сан менен “шайлоо” деп гана айтылат, шайлоолор деп айтылбайт. Ошондуктан тигил же бул шайлоо өнөктүгү жөнүндө жазганда “Ошто жергиликтүү кеңешке шайлоолор болуп өттү” эмес, “Ошто жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп өттү” деп жазылганы алда канча так жана туура болот.

Бирдеме уксак эле анын туура же туура эместигин аныктабай, тактабай туруп дароо ошол жакка ооп кетмей адатыбыз бар. Мындан он беш жылдай мурун кытайлык кыргыздардан “сын алгы” жана “үн алгы” деген сөз келген. Кытайлык кыргыздар “сын алгы” деп фотоаппаратты, “үн алгы” деп “радиоприемникти” атап алышкан экен. Биз болсо ага карабай эле, телевизорду кытайлык кыргыз туугандар ойлоп таап дүйнөгө тараткансып, телевизорду – сын алгы, радиону – үн алгы деп теңирден тескери атап алдык. “Телевизорду – телевизор”, радиону – радио деп алсак кудай уруп кете тургансып, өз тилибизди өзүбүз курутуп. Ошондон кийин таасын адабиятчы Салижан Жигитов: “эми мындан ары сакал алгычты “жүн алгы”  деп жүрөлү анда”–  деп какшыктаган эле.

Процент дегенди пайыз деп жазып калдык. Пайиз – деген сөз Баткенде ырыс-таалай деген сөз. Тамак желип бүткөндөн кийин: “береке пайиз берсин!” деп бата тилейт.

Пайиздин экинчи мааниси – “пайизи жок экен” деп койот, “касиети жок экен” деген мааниде.

3-мааниси: жолу ачык экен, багы бар экен дегенди түшүндүрөт. Маселен: “пайизи бар экен, “Мерседес” утуп алды” деп коёт. Же “Паийздүү мейман келди” деп коёт. Кадырлуу, касиеттүү мейман келди дегени.

Журналисттердин бул оорусу муну менен эле токтоп калган жок. Буту-колу мунжу, көзү сокур, айтор тубаса төрөлгөн же кырсыктын айынан ушинтип калган адамдарды атай турган тилибиз жок немедей  шылдыңдап, “мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тобу же мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коому” деп жазып, айта баштады.

Бул сөз Коомдук 1-канал баш болуп бардык телеканалдарда, гезит-журналдарда тынбай айтылып, жазылып келе жатат. Басма сөз жыйынын уюштурган коомдук уюмдар такай ушинтип айтып чыкчу болду. Анан бул сөздү сессиядан депутаттар айтышат. Аны кайра журналисттер көчүрүп айтып, жазып атып, окурмандардын кулагына кумдай куюлууда.

Кыргыз качан майып адамдарды, көзү азиз, буту-колу жок, сылтып баскан, же таяк менен баскан же баспаган адамдарды “мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар” деп теңирден тескери айтчу эле? Журналист деген маектешип аткан адамы туура эмес сүйлөсө аны гезит окуган, телевизор көргөн окурман менен көрүүчүгө түздөп, туурасын бериши керек. Тилди журналисттер биз сакташыбыз керек. Ошондуктан “мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар” эмес, майып адамдар же майыптар деп эле жазуу керек. Бузуп жазуу кыргыз тилин кордогондук, эне тилге душмандык кылгандык болуп саналат.

Мүмкүнчүлүгү чектелген деген түшүнүктү кандай жагдайда айтса болот? Мисалы, эки айылды туташтырган көпүрөнү суу алып кетсе бир айылдын эли экинчи айылга өтө албай калары белгилүү. Мына ошону: “Көпүрөнү суу алып кетип эл бири-бири менен катташканга мүмкүнчүлүгү чектелип калды” деп айтсак болот. Дагы ушул сыяктуу.

Кечээ эле бир журналист: “Анын жыйынга келе албастыгы ачыкталды” деп жазды. Кыргыз эч качан минтип айтпайт. “Жыйынга келе албай турган болду. Же жыйынга келбей турган болду. Келбей турганы дайын болду” деп айткан. Көрсө бирөөлөрдүн эски-ускусун ылгабай кийгенди жакшы көргөн кишиге окшоп журналисттер “ачыкталды” деген сөздү түрктөрдөн алып жаза баштаптыр.

Түрк тилдүү элдердин ичинен “Жападан жалгыз кыргыз тили байыркылыгын бузбай сактап калган таза тил. Түрк тилдүү элдердин тилинин атасы – кыргыз тили” деп дүйнөдөгү атактуу түркологдор мойнуна алып, эмгектеринде жазып келсе, суктанып келсе, биз өз тилибиздин кудуретин курутуп, кедерин кетирип, минтип “ачыкталды” деп тамтаңдап олтурганыбыз кантип кудайга жаксын!

Китеп окубагандыктын зыяны ушул. Жаш журналисттер акыркы кездери тигил же бул сөздөр орус тилинде кандай айтылса, аларды маани-маңызына карата которуп айтуунун ордуна сөзмө-сөз которуп айтууну өнөкөт кылып алууда. Мисал келтирейин. Кылмышка шектүү адам тууралуу жазган кезде “Анын өздүгү аныкталды” деген сөз пайда болду. Кыргыз минтип айтпайт. Анын ордуна “Кылмышкердин ким экени аныкталды. Же “Аты-жөнү, дарек-дайыны белгилүү болду” деп эле айтылат. Мунун анча кыйындыгы деле жок. Сөз байлыгы бечел журналисттер гана көпчүлүк учурда жогорудагыдай мааниси тайкы, келегей, тантык түшүнүктөргө азгырылуу менен “анын өздүгү аныкталды” деп жазганды жакшы көрүшөт.

Эне тилибизге жасаган урмат-сыйыбыз, билимибиз, маданиятыбыз, ар-намысыбыз биздин ага жасаган туура мамилебизге байланыштуу болорун унутпагыла дээр элем.

Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 28.08.2012-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Тилиңди кордобо!

  • 01.09.2012 at 06:35
    Permalink

    Бул чакан макаланы жазган автордун ой-пикирин толугу менен колдоор элем. Окуп алып, эми мен да туура эмес жазып албайын деп талдап, чеберлеп жазып калдым. Адам жалтанып калат экен. Кыргыз тилин туура суйлоо тууралуу адбан туура жана кынтыксыз сын айтыптыр урматтуу автор. Бирок автордун бир эле нерсесине кошула албайм жана туура эмес кордум. Бул Кудай деген созду кудай деп кичинекей тамга менен жазганы. Кудай деген ыйык жана улуу нерсе да. Ошондуктан кандай жерде болбосун, кайда журбойлу Кудай деп жаза турган болсок чон тамга менен жазып журсок деген эле ой.

    Reply
  • 13.09.2012 at 16:10
    Permalink

    Туптуура айтылган. Азыр коп адамдар китеп окуубайт. Кыргыз тили, бул биздин тил! Урматайлы, сыйлайлы туугандар.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.