Текестеги Акылбек манасчынын издери

tekes_kyrgyzdar
100 жыл мурунку Текес кыргыздары. Сүрөттү орусиялык офицер Маннир Имам тарткан. Ал 1906-1908-жж. аралыгында Кытайдын бир канча аймактарында болгон.

Мындан токсон бир жыл мурда орустун үч аттуу аскери Текеске түн катып келип, айтылуу Акылбек манасчыны үй-бүлөсү менен Фрунзеге алып кеткен.

19-кылымдын кийинки жарымы жана 20-кылымдын башында жашап өткөн Акылбек залкар манасчы (1840-1928) жөнүндө анын көзүн көрүп, сөзүн тыңдап, талантына күбө болгон замандаштары: Арыстанбек, Сагымбай, Саякбай, Тоголок Молдо, Ибырайым сыяктуу таланттуу ынсандардын ташка тамга баскандай даана жана быйык баалары бизге маалым. Өкүнүчтүүсү өз учурунда анын «Манасы» кагазга түшүрүлбөй, өзү менен кошо кеткен.

Кытайдын Иле казак аптономиялуу обуласынын тургуну, Акылбек манасчынын жакын тууганынын небереси Жунус Жумадыл атанын айтымында, Акылбек манасчы Үркүндө Кытайга качып келген маалында айткан «Манастын» айрым бөлүктөрү кагазга түшүрүлүп, бирок арадан 30 жыл өткөн соң жоголуп кеткен.

– Акылбек атабыз Кытайга 1916-жылкы Үркүндө азыркы Текес ооданынын Көк-Терек айылынын Марал-Таш кыштагына келиптир. Ал кезде менин чоң атам ошол жерде жашачу экен. Акылбек ата экөө ага-ининин балдары болгондуктан, бирге туруп калыптыр.

Кийин Акылбек манасчы ал жердеги элдин сыйлуу адамына айланган. Улам бирөө конокко чакырып, ал барган жерде эл чогулуп, улуу «Манасты» угуп турушкан. 1922- жылы май айынын ортолорунда үч ат жетелеген үч аттуу аскер түн катып келип, Акылбекти күч менен алып кеткен.

– Талаадан өчпөс чырагын көтөрүп, салдаттар кирип келишип эле, «Акылбек кайда?» деп сурашыптыр. «Алачыкта» деген экен, кайра чыгып кетишиптир. Апамдын (ал кезде жаш келин экен) айтышынча, талаада бир топко чейин орусча – кыргызча сүйлөшкөндөрү угулуп, сүйрөп, урганы билинип турган. Атам Жумадыл керегедеги айбалтасын ала коюп жүгүргөндө, чоң атам Эшкожо «Кой балам, алар менен теңеше албайбыз, колунда мылтыгы бар тура» деп тыйып койгон экен, – дейт Жунус ата.

Ошентип манасчы менен анын жакын туугандары караңгы түндө коштошуп, каардуу мылтыктан коркуп, эч каршылык көрсөтө албастан, ыйлап – сыктап кала берген.

Бул жыл кыргыз элинин белгилүү фолкулорчусу Ыбырайым атактуу манасчы Сагымбай Орозбактын дастанын кагазга түшүрө баштаган учуру менен дал келет (Бул тууралуу Кыргызстанда чыккан Манас энциклопедиясында маалыматтар бар). Көл кылаасындагы жети чоң манасчыны көрүп, “Манасын” угуп калганын сыймыктануу менен тилге алган Ыбырайым Акылбек манасчыны өзгөчө бийик баалап, «Бардыгынан байкасам, артык билет Акылбек» деп эскергени бар.

Акылбек манасчы Кытайдан кемпирин, уулу Карыбай менен кызы Анарбүбүнү да бирге алып кеткен да, ошол бойдон кайрылып кабар болбогон. «Акылбек атанын өзүнөн бир эле кыз болгон экен, ал эми Карыбайды Жанчоро деген атабыздан асырап алыптыр» дейт Жунус карыя. Анткен менен залкар манасчы Саякбай Карала уулу: «Чоң манасчылардын кимисине жолугуп, таалим алып, бирге болгонсуз? » деген суроого ал «Чоң манасчыдан Акылбекке кезиктим, тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат кайран киши» деп жооп бергени эки ача суроо жаратат. «Сексендин беш-алтысына барып калган кези» дегенине караганда, бул сөзсүз Акылбек манасчынын Кытайдан кайткан кези болмок. Анда 1922-жылы (82 жашында) эки бала ээрчитип кайткан Акылбек кайсы кезде тогуз балалуу болгон? Кытайга келе электеби? Өз балдары турбаган соң анан Карыбайды багып алганбы? Кемпири да каза болуп кетсе анда кимдин колунда калган? Кызычы?

Ыбырайым болсо Акылбек манасчыны Кытайга келе элек кезинде гана учураткан болушу мүмкүн. Себеби ал: «Он эки жашымда Караколдогу «Жаңы тартип» деп аталган татар мектебине кирип окуп, аны ийгиликтүү бүтүрүп, жаңы  ачылган мектепте 1905-жылы мугалим болдум. Ошол бойдон үзгүлтүксүз кесибимди уланттым. Көл айланасынан мен: Дыйканбай, Жандаке, Байжан, Отунчу, Калча, Акылбек, Жакшылык Сары уулу (Кара ырчы) деген атактуу жомокчулардын «Манасын» угуп, 15-20 жылдай алар менен аралашып жүрдүм. Акылбек жомокчуну Түптүн Арал деген жеринен көрдүм. Өзү зор, кара сур тарткан, жаагы кере карыш, жайкалган сулуу сакалы бар киши экен. Үстүндө көк чепкен, азыркы мойун орогучка окшогон Анжияндын курун сыртынан курчаныптыр» деп эскерет.

Жунус карыянын атасы Жумадыл Эшкожо 1932- жылы манасчынын дайынын билип келүү үчүн Ысык-Көл обуласынын Түп районундагы туугандарыныкына издеп барып, таба албай, Фырунзеге киши жиберип сураштырган. Ал жерден Акылбек манасчынын Көк-Терек айылынан алып кеткен бойдон удул (түз) Фырунзеге алып барылгандыгы, бирок манасчы баргандан эле ооруп, «Манас» да айта албай, 1928 – жылы каза болгондугу маалым болгон. Кемпири да кайтыш болуп, уулу Карыбай жетимдер мектебине кирген.

Андан кийинки алынган маалыматтарына караганда, Карыбай 1941- жылы Экинчи Дүйнө согушуна катышып, ошол боюнча дарексиз кеткен.

Жумадыл сабаттуу киши болуп эле калбай, «Манасты» жан-дили менен сүйгөн адам болгон. Ошондуктан 1917-жылдан тартып Акылбек манасчыны үч солдат келип алып кеткенге чейин ал айткан “Манасты” кагазга түшүрө жүргөн. А бирок, ошол баа жеткис асыл мурас кийин колдон чыгып кеткенин Жумадыл карыя өкүнүү менен эскерет:

– Акылбек ата айткан «Манасты» чоң атам Эшимбай араб тамгасында жазып калтырган. Бет саны да араб сыйпыры менен койулган. Аны атам жана чоң агам каза болгон соң мен сактап жүргөм. 1957- жылы 7- айда кичүү атабыз Турсунбай окуп турайын деп алып кеткен. Ал киши 1959- жылы Кыргызстанга көчүп кетээринде дагы бирөөлөр сурап калып, ошол бойдон дайыны табылбай калды.

Жоголгон мураска капшыты сөгүлгөн Жунус карыя бул китептин дарегин издеп, Кыргызстанга да барып, туугандарынан сураштырып кайтканын, бирок эч кимде сакталбай калганын айтат.

Ал эми кытайлык Манас таануучу Ысакбек Бейшенбек уулу Акылбек манасчынын «Манасы» көлөмү жагынан да өтө зор болгон дейт:

– Текес кыргыздарынын ошол учурдагы бийи Токтосун Акылбекке атайлап ат мингизип, тон кийгизип, жанында алып жүрүп, аш-той, маараке, чогулуштарда «Манас» айттырган. Акылбектин өзгөчө талантына таңданган Токтосун бий бир жарым жыл өткөндөн кийин «Канчалык айттың?» деп сураганда, Акылбек «Үчтөн бирин араң айтып болдум» деген экен. Ушуга караганда, Акылбек айткан «Манастын» көлөмү аябай зор экенин жоромолдоого болот. Ал ошо мезгилдерде калмактардын арасына кирип, «Манасты» калмакча да айткан дешет.

Буга чейин Көк-Терек айылында Сатыбалды Аалы (1933-2006-жж.) деген манасчы өткөн. Эки жыл мурда анын Манастын бабаларынын иш-издерин баяндаган варыянты «Манастын бабалары» деген ат менен Үрүмчүдөн жарык көрдү. Манас таануучу Ысакбек Бейшенбек уулу Сатыбалды Аалыга бул өнөр ошол Акылбек манасчыдан калган таберик деген оюн билдирет. Себеби Сатыбалды манасчынын чоң таятасы Эсенгул менен Акылбек манасчы бир тууган болгон жана Эшымбай жазып алган Манастын айрым бөлүктөрү Эсенгулдун кызы, Сатыбалдынын энеси Гүлбаарымда сакталган. Сатыбалды бала күнүндө мына ошол кол жазмалардан наар алып өскөн.

Бирок бул боюнча азырча кеңири изилдөө колго алына элек. Ошентип мындан 80-90 жыл мурда Акылбек манасчынын «Манасы» өзү менен кошо кеткен болсо, бүгүн Сатыбалды манасчынын манасчылык өнөрүнүн сыры азырынча жабык бойдон калууда.

P.S. Автордун жазуу стили сакталды

Бектур Илияс, Үрүмчү, 2013-жыл,
«Азаттык», 26.08.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.