“Курманжан датка” тартылып бүттү
Толук метраждуу, эки сериялуу “Курманжан датка” тарыхый көркөм фильмин “Айтышфильм” студиясы, “Кыргызфильм” студиясы менен биргеликте тартып бүтүрдү. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго баш-аягы 70 миллион сомго жакын каражат кетти. Фильм Алай, Ош, Ысык-Көл, Чүй аймактарынын эң кооз жерлеринде тартылган. Режиссеру – Садык Шер-Нияз. Башкы оператору – Мурат Алиев. Композитору – Бакыт Алишеров. Башкы ролдорго: Эл артисттери – Назира Мамбетова, Жамал Сейдакматова, жаш артисттер – Элина Абай кызы, Азиз Мурадилаев, Мирлан Абдуллаев, жана башкалар тартылды. Массовкалары менен беш жүздөн ашык адам катышкан тарыхый тасма, 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата көрсөтүлөт.
Сүрөттөрдү толугу менен бул жерден көрсөңөр болот.
Алтынай Темирова, «Азаттык», 21.05.2014-ж.