«Багелектен алышып, балбандар буттан чалышып…»
Күздө өтө турган “Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк оюндарынын” программасына кирген кыргыз улуттук күрөшү Манастын доорунда кандай эрежелерге ээ болгонун, ошондо эле кыргызда профессионалдык спорт өнүккөнүн, атүгүл Кошой атабыздын күрөш боюнча профессионал спортсмен экендигин окурмандарга, “Уикипедия” ачык энциклопедиясынын маалыматтарына таянып, сунуш кылууну эп көрдүк.
Кыргызда негизинен күрөштүн эки түрү бар экен. Бири – “Лейлек күрөшү”. Муну негизинен түштүктүктөр жана бүткүл Борбордук Азия элдери күрөшөт. Эрежелери Грек-Рим күрөшүнө жакын. Экинчиси, түндүк кыргыздар күрөшкөн, эрежелеринде эркин күрөш жана дзю-донун ыкмалары бар, “Манас” жана башка кенже эпостордо кеңири сүрөттөлгөн:
«Багелектен алышып, балбандар буттан чалышып» – деген күрөш. Бул күрөштө белге чейин чечинип, жылаңаяк, жылаңбаш, кандагай деп аталган жоого да, күрөшкө да кийе турган шымчан чыгышка экен. Бул спорттук шым “Манас” дастанында мындайча сүрөттөлөт:
“Оң багелек түрүнүп,
Жоон санга барганы.
Ойрон Кошой абаңыз,
Багелектин ичине,
Оң гана колун салганы.
Оң имерип алганы.
Сыртын көздөй кергени,
Капталына кол келип,
Кайра коё бергени .
Жыйылып этке жеткени,
Жылас болгон бул шымдын,
Асылдыгы эмей неткени…”
Андан ары күрөш кандай уланганы, кандай эрежелери болгондугу дагы эпосто кенен айтылат. Мисалы, мелдештин алдында эки жактан эки балбан чыгып жерге отурат экен:
“Көркүн көргөн адамдын,
Бүткөн бою дүркүрөп,
Маңдайга келип отурду,
Мас болгон пилдей күркүрөп…”
Андан кийин:
“Алышмак болгон эки дөө,
Ооздон оту буркурап,
Көздөн жалын шыркырап,
Ордунан турду күр этип,
Аларды көргөн адамдын,
Бүткөн бою дүр этип…”
Анан балбандардын салмагы, келбети айтылат, мисалы, Жолой дөө мындай сүрөттөлөт:
“Туурасы жоон, бою пас,
Дулдугуй беттүү, өңү саз.
Жаткан иттей кашы бар,
Жан казандай башы бар,
Көзү көлдүн быткылдай,
Көрүнгөндү жуткудай.
Эки ийнине карасаң,
Эки киши конгондой,
Эки бетин карасаң,
Эки даңгыт тойгондой.
(Уландысы бар)
Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”