Элдик ырлар

БУРУЛЧАНЫН СЕЛКИНЧЕК (өзүнчө баракта)

БЕКБЕКЕЙ

Жылкы уурдаган куучунак.
Белиңдеги чочморуң,
Ыргай эмей эмине?
Ыргалып короо кайтарган,
Жыргал эмей эмне?
Кайтарган короом сак болгой,
Эртең бетим ак болгой.
Ай караңгы түн экен,
Азыр болчу күн экен,
Ай караңгы, түн бүркөк,
Жылкынын ичи жык токой,
Шыңгыроолуу Бекбекей.
Колоттун ичи кой текей.
Түн уйкуну үч бөлгөн,
Көк чунак каны төгүлсүн.
Коңгуроолу Бекбекей.
Баш алышкан Бекбекей.
Күңгөй менен тескейдей,
Бет алышкан Бекбекей.
Кайтарган короом алты жүз,
Алты айланып келгенче.
Алты аркар жылдыз батпайбы?
Таң сөгүлүп атпайбы?
Кайтарган коюм жети жүз.
Жети айланып келгенче,
Жети аркар жылдыз батпайбы?
Таң кашкайып атпайбы?
Кара тоону этектеп,
Мен коноюн Бекбекей.
Кара макмал тонуңа,
Азыр болчу безбелдик.
Эчки уурдаган шерменде.
Жылкынын жүнү жалтырак,
Жылкы уурдаган куучунак.
Белиңдеги чочморуң,
Ыргай эмей эмине?
Ыргалып короо кайтарган,
Жыргал эмей эмне?
Кайтарган короом сак болгой,
Эртең бетим ак болгой.
Ай караңгы түн экен,
Азыр болчу күн экен,
Ай караңгы, түн бүркөк,
Жылкынын ичи жык токой,
Шыңгыроолуу Бекбекей.
Колоттун ичи кой текей.
Түн уйкуну үч бөлгөн,
Көк чунак каны төгүлсүн.
Коңгуроолу Бекбекей.

Карала каптын кагынчык,
Аңдыгандын жаны чык.
Минген атың ак кашка,
Тизгиндери ак тасма,
Тилеги тийсин ак ташка.
Кызыл тоону этектеп.
Мен коноюн Бекбекей.
Кызыл жака тонуңа,
Жең болоюн Бекбекей.
Мине турган атыңа,
Жал болоюн Бекбекей.
Түндү түндөй чуркаган,
Түлкүнүн буту сөгүлсүн.
Карыш бою кер жаздык,
Карышкыр сага не жаздык?
Эчки деген жаныбар,
Ээгинде жалы бар.
Койдун сүтү коргошун,
Кой уурдаган оңбосун.
Эчкинин сүтү эрменде,
Эчки уурдаган шерменде.
Жылкынын жүнү жалтырак,
Жылкы уурдаган куучунак.
Белиңдеги чочморуң,
Ыргай эмей эмине?
Ыргалып короо кайтарган,
Жыргал эмей эмне?
Кайтарган короом сак болгой,
Эртең бетим ак болгой.
Ай караңгы түн экен,
Азыр болчу күн экен,
Ай караңгы, түн бүркөк,
Жылкынын ичи жык токой,
Шыңгыроолуу Бекбекей.
Колоттун ичи кой текей.
Түн уйкуну үч бөлгөн,
Көк чунак каны төгүлсүн.
Коңгуроолу Бекбекей.

 

ШЫРЫЛДАҢ

Конок тоого бүткөндө,
Кошо чыккан шырылдаң.
Таруу ташка бүткөндө,
Талаша чыккан шырылдаң.
Жылкычы менен коюндаш.
Жанаша чыккан шырылдаң.
Шырылдаң биздин шыйкыбыз,
Түндө келет уйкубуз.
Аман болсо жылкыбыз,
Эртең канар уйкубуз.
Шырылдаң айтып жүргөндө,
Конок менен тарууну,
Жеп кетпесин жылкыбыз.
Шыпшырылдаң шыр экен,
Жылкычынын ыры экен.
Карылардын наркы экен,
Жигиттердин айты экен.
Бай, бай терек, бай терек,
Башын кесмек не керек?
Эт желиндүү боз койго,
Тели козу не керек?
Ана султан шырылдаң,
Мына султан шырылдаң.
Шыпшырылдаң шыр экен,
Жылкычынын ыры экен.

 

ОП МАЙДА

Майда-майда, мапмайда,
Майдалансын, атты айда.
Кызыл толгон кырмандын,
Сузалы биз капкайда.
Бекер жүрсөң жан багып,
Таба албайсың эч пайда.
Майда-майда оп майда,
Орой орой оп майда,
Ороо толсун оп майда.
Кар алдында калбасын
Эртелеп барып майдала,
Орой-орой оп майда,
Орой-орой басканың,
Ороо толсун оп майда.
Кырча-кырча басканың,
Кырман толсун оп майда,
Даны бизге пайда,
Топону сизге пайда,
Майда-майда-майда,
Тилек кылдык кудайга.
Мөндүр алды арпаны,
Оп, оп майда, оп майда.
Береке бер буудайга.
Далым күйдү бул жайда,
Баба дыйкан бар болсо,
Бир карашар ал жайга.

 

КАРАГУЛ БОТОМ

Кең-Колдун башы кең шибер, ботом,
Кеңирсип жаткан, Карагул ботом.
Нарколдун башы тар шибер, ботом,
Талымсып жаткан Карагул ботом.
Алтындан сака калчадың, ботом,
Айыңа жетпей чарчадың, ботом.
Күмүштөн сака калчадың, ботом,
Күнүңө жетпей чарчадың, ботом.
Мен аркар атып тийгиздим, ботом,
Мен аркар тон кайдан кийгиздим, ботом.
Элик бир атып тийгиздим, ботом,
Элик бир тон кийгиздим, ботом.
Элик бир тон кайдан кийгиздим ботом.
Көк-Кайкы барып конуптур, ботом,
Мен артымды карабай, ботом,
Балдыркан түбү былк этет, ботом.
Балалуу элик деп койдум, ботом.
Мен ботомду жеп койдум, ботом.
Тобурчагың тор болор, ботом,
Токсондогу атакең, ботом.
Сенин тозогүң тарып кор болор, ботом.
Аргымагың ат болор, ботом,
Алтымышта энекең, ботом,
Сенин азабың тартып кор болор, ботом.
Кулуну өлгөн бээдей, ботом,
Кууратып кеттиң, Карагул ботом.
Ботосу өлгөн дөөдөй, ботом,
Боздотуп кеттиң, Карагул ботом.
О, Карагул ботом,
О, Карагул бот-ом!

 

ЖАРАМАЗАН АЙТУУ

Ассалому алейкум, жарамазан,
Он эки айда бир келчү орозо жан.
Орозоң кабыл болсун кармаган жан.
Адыр-адыр тоолордон,
Айгыр минип мен келдим.
Айгыр оозун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдим.
Будур-будур тоолордон,
Бука минип мен келдим.
Бука мурдун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдим.
Ушул үйдүн үзүгү,
Ак кочкордун чуудасы,
Ушул үйдө жеңейим,
Азыраак уктап, тыңдачы!
Ушул үйдүн үзүгү,
Көк кочкордун чуудасы,
Ушул үйдө жеңейим,
Көп уктабай, тыңдачы.
Курут алып жатат бейм?
Курут болсо алып чык,
Катыр-кутур чайнайлы.
Курут берип кубантпа,
Куру сөзгө жубатпа!
Таруу берип тамшантпа,
Таң аткыча какшатпа!
Улак берсең албаймын,
Караңгыда бакыртып,

Ушул үйдүн үзүгү,
Үзүлүңкү көрүнөт.
Ушул үйдө жеңейим.
Сүзүлүңкү көрүнөт.
Төбөдөгү төрт жылдыз.
Батайын деп баратат.
Мингеним жаман тай эле,
Жатайын деп баратат.
Шалдыр-шулдур шакек чык,
Саймалама жоолук чык!
Жоолукту белге чалабыз,
Шакекти колго салабыз.
Чымы-чымыр-чымыр чык,
Буудай майлап кууруп чык!
Бычак учу жылтырайт,
Май томуруп жатат бейм?
Майың болсо алып чык,
Сака, мурут майлайлы.
Казан-аяк калдырайт,
Убалына калбаймын.
Эртең-бүгүн деп коет,
Катыным жаман киши эле,
Карышкыр, бөрү жеп коет,
Бука берсең шайлап бер,
Мурунтугун байлап бер.
Мурунтугун үзбөсүн,
Какылдаган ырчыңдын,
Кардын жара сүзбөсүн.

 

БЕШИК ЫРЫ

Алдей алдей ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк.

Алдей алдей бөбөгүм,
Алдей бөпөм ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба,
Атаң тойго кетиптир,
Аккисте толгон эт келет.

Алдей, алдей бөбөгүм,
Энең тойго кетиптир,
Эмчеги толгон сүт келет,
Алдей бөбөк ыйлаба,
Эжекеңди кыйнаба.

Алдей, алдей бөбөгүм,
Кырма табак кырдырба,
Кыруусу менен куйдурба,
Куруу кыйнап эжеңди,
Кокуйлатып кыйнаба.

Алдей, алдей бөбөгүм,
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу,
Алдей, алдей бөбөгүм,
Садагасы кетейин,
Сарысына жетейин,
Ат тээп ийгенсип,
Томолонуп кетейин.

 

АЙЛАНАЙЫН АЙ САРЫМ

Алдей, алдей бөбөгүм,
Айланайын ай сарым,
Туурдуктан сапсарым,
Түлкү ичиктин сүлөөсү,
Сулуу кыздын күйөөсү.

Алдей, алдей бөбөгүм,
Кандын кызы кайнысы,
Бектин кызы жеңеси,
Туруп салам бергенде,
Сарымдын шылдыр теңгеси.

Алдей, алдей бөбөгүм,
Ыйлаба, балам ыйлаба,
Ата-энеңди кыйнаба,
Эл жайлоодон түшө элек,
Арпа буудай быша элек.

Алдей, алдей бөбөгүм,
Куштун жүнү калпагың,
Эл сүйбөсө сүйбөсүн,
Өзүм сүйгөн аппагым,
Ыйлаба, балам ыйлаба
Апакеңди кыйнаба,
Алдей, алдей бөбөгүм.

 

АКЫЙНЕК

1-кыз:
Акыйнек ырын ырдашуу,
Абалтан кыргыз салты экен,
Акыйнек ырын улантуу,
Атабыз кыргыз наркы экен!

2-кыз:
Ыр ырдашып, сындашуу,
Ыр жандуу кыргыз салты экен,
Сынга сындай жооп айтсак,
Атабыз кыркы наркы экен!

1-кыз:
Сенин атаң эртелеп,
Бел куда болгон белендеп,
Жашың келди он үчкө
Сени келин кылып алууга
Кайнатаң той кыламын деп жүрөт.

2-кыз:
Сени болсо бел куда,
Болгон экен бешикте,
Он төрткө жашың толо элек,
Үй күтөр кезиң боло элек,
Жакында сенин да тоюң келет деп жүрөт.

1-кыз:
Сени болсо топ кыздар,
Кийимин чактап кийе албас,
Кийсе да тыкан жүрө албас,
Бээ сааганда этегин,
Чарпый баса отурган,
Чалма этек кыз деп жүрөт.

2-кыз:
Сени болсо көп кыздар,
Кийимин таза кийе албас,
Кийсе да таза жүрө албас,
Көйнөгүнүн көкүрөгүнө сүт тамган,
Дак болсо да көйнөгү,
Тазалап, жууп албаган,
Тазалыкка сараң кыз деп жүрөт.

1-кыз:
Сени болсо теңтуштар,
Ийри колго иш албас,
Жалкоо кыз экен деп жүрөт.
Келечек жолун байкабас,
Аңкоо кыз экен деп жүрөт.

2-кыз:
Сени болсо жеңелер,
Жеңил кыз экен деп жүрөт,
Жеңенин сыйын биле албас,
Жеңени сыйлап жүрө албас,
Көзүнчө мактап бийкеч деп,
Жеңелериң артыңдан,
Биздин кыз жеңил ойлуу деп күлөт.

Соц тармактар:

One thought on “Элдик ырлар

  • 06.08.2014 at 14:59
    Permalink

    Бизде жок элдик ырлар сенен бөлүшсөңөр ыраазы болот элек.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.