Тунуктукка умтул
Бир күнү Даанышманга өтө маданияттуу, өтө билимдүү-илимдүү окумуштуу келет да, суроо узатат. Бирок Даанышман:
– Кечиресиз, сиздин сурооңузга азыр дароо жооп бере албайм, – дейт.
Тигил адам таң калат:
– Неге жооп бере албайсыз? Бош эмессизби, же башка себеп барбы?
Окумуштуу эл урматында жүргөн, мамлекетке таанымал, атак-даңкы бар адам болгондуктан, Даанышмандын дароо жооп бере албайм деп убакыт бөлө албаганына ички сезиминде таарына түшөт.
– Кеп убакытта эмес, менин убакытым кенен эле, бирок, так азыр сиздин сурооңузга жообумду берсем, аны кабыл алганга өзүңүз даяр эмессиз.
– Эмне үчүн?
– Угуучулардын үч түрү болот. Алар дын биринчиси, көмкөрүлгөн чака сыяктуу. Жооп бере бересиң, бирок ага эч нерсе кирбейт. Эч нерсе кабыл ала албайт. Экинчиси, түбү тешик чакадай. Ал биринчи чакадай көмкөрүлгөн эмес, кадимкисиндей эле турат, бирок түбү тешик. Ага куйган нерсе толуп бараткандай көрүнөт бир саамга, бирок баарыбир толбойт. Бар нерсеси эртеби-кечпи агып чыгып кетет да, кайра эле каңгырап бош калат. Ал эми үчүнчү түрүндөгүлөрдүн тешиги жок, көмкөрүлгөн да эмес. Бирок, анын ичи ыпыр-сыпырга толгон. Ага суу куйсаң куюлат, бирок, куюлаары менен суу ууланып калат. Сиз үчүнчү түрүндөгүлөргө киресиз. Өтө көп билгениңизден, сиз ыпыр-сыпырга толгонсуз. Ошол үчүн мен сизге азыр жооп бере албайм. Сиз биле элек нерсе, сиз аңдай албай жүргөн нерсе – бул, сиздин ыпыр-сыпырыңыз.