Чынчыл

(жомок)

Илгерки заманда Ак ниет, Кара ниет деген эки бай болот. Ак ниет байдын Кадыркул деген чынчыл жигити болуптур. Кара ниеттин мал-дүнүйөсүАк ниеттикинен азыраак экен.

Кара ниет: «Ак ниеттин дүнүйөсүэмне үчүн менден көп» – деп ойлонуп, Ак ниет бай менен сүйлөшөт. Ак ниет Кара ниетке:

– Дүнүйө малымдын көптүгүчынчыл жигитим Кадыркулдун касиети, – деп жооп бериптир.

Ак ниет менен Кара ниет экөө бир жайлоодо жайлашат. Кара ниет ошондо айла-амал издеп, өзүнүн жезкемпир досун чакырып:

– Ак ниет байдын Кадыркул жигити чынчыл экен, ошол жигитин калп айттырганга аракет кыл. Ак ниеттин эки ак тулпар, кара тулпарын алдап ал. Чынчыл Кадыркул алдаш үчүн сизге мен ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатыр менен сулуу келин-кыздарды кошуп беремин. – Мен бир кары кемпир, жалгыз кызым бар. Мен баймын. Бирөөнүн башы келсе, малы келбейт, малы келсе, башы келбейт, кызыма ылайыктуу жер чыкпай жатат дегин. Кадыркул чынчыл жигит үйлөнө элек, ал сенин ак чатырыңа, көк чатырыңа жана кыздарыңа кызыгып келсе, сен аны алдап калп айттырууга аракет кылгын, – деп кеңеш кылат.

Күндөрдүн биринде чынчыл Кадыркул жылкычы, койчулар менен эт жеп, кымыз ичип олтурушуп, жайлоодо ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатырдын пайда болгонун көрүшөт. Ошондо чынчыл Кадыркул жигит жылкычы, койчуларга айтат:

– Муну мен билип келейин – деп, ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатырга барат, барса кемпир сулуу кызды шайыга бөлөп кийгизип, жанына кыз-келинди нөкөр кылып койгон. Кой союлган, кымыз бышылган, жигиттери иш менен алек.

Чынчыл жигит келгенде, кемпир келин-кыздар болуп тосуп чыгат.

– Сиз дагы бир байдын баласысыз го – деп, сылык сөз менен эт, кымыз берип, сыйлап калышат.

– Байбиче, сиз кайсы жердиксиз, бул жерге кайдан келдиңиз? – деди чынчыл Кадыркул жигит.

– Ушул кыздын атасы чоң бай эле, дүнүйөсүмага калып, атасы өлүп калды, ушул кызымдын урматына жайлоого келип, келин-кыздарым менен эс алдырып жатамын – деп, кемпир жооп берди.

– Байбиче, эгер иштин жөнүушундай болсо, мен айылыма барып, жолдош-жоро ээрчитип, сиздин кызга жуучу түшөйүн, – деди Кадыркул.

Кемпир мурунку сөздөрүн кайталап:

– Биринин башы келсе, малы келбейт, биринин малы келсе, башы келбей жүрдүэле. Башыңыз келди, өз балам үчүн сизден калың көп сурабайм. Куда түшкөнүкелерде Ак тулпардын башына аяктай кебез байлап кел. Кызымды алып кетерде Кара тулпарды калыңына бергин.

Кадыркул жигит макул болуп, айылына келди. Жылкычы, койчулары менен сүйлөшүп:

– Кызды алмак болдум, жолдош болуп мени менен жүргүлө. Ак тулпардын башына аяктай кебез байлагыла, бул куда түшкөнүбүз, кызды алып кетерде Кара тулпарды калыңына беребиз. Ошентип, мен үйлөнөмүн. Ушу жашка келгенче Ак ниет байга иштедим эле, менин кызматым эки атка татыр. Ак ниет байым туура дээр.

Ушуну менен чынчыл жигит Кадыркул Ак тулпардын башына аяктай кебез байлап, ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатырды көздөй жөнөштү. Бир аксакалы баш-көз болуп, кемпирге жуучуга келдик деген кабар берди. Кемпир келин-кыздары, жигиттери менен буттары үзүлгөнчө кызмат кылышты.

– Менин малым көп, түмөн баймын. Кызымдын жуучусуна келген Ак тулпарды союп жегиле – деп буйрук кылды.

Кадыркул жигит жолдоштору менен түнөп-конуп, мейман болушту. Кемпир Кара ниет байга жигит жиберип:

– Ак тулпарды алдап жедик, Кара тулпарды калыңына бермек болду – деп, кабар кылды.

Ушул убакта Кара ниет байдын сүйүнүчүкойнуна батпай, Ак ниет байдын үйүнө кемпирин жана жолдош-жоролорун ээрчитип жөнөдү. Ак ниет бай алардын келгенин көрүп, малын союп, кымызын куюп мейман кылды. Тамак жешип, жай олтуруп сөзгө киришти.

Ошондо Кара ниет бай Ак ниет байга мындай деди:

– Сиздин дүнүйөңүздүн, малыңыздын, жаныңыздын менден көп болгон себеби жигитим чынчыл Кадыркулда дебедиңиз беле. Эгер чынчыл Кадыркулуңуз калп айтса, малыңызды мага бересизби?

– Дүнүйөдө Кадыркул жигитим калп айкан эмес, эгер калп айтса, малымдын баарын сен алгын – деп, Ак ниет бай жооп берет.

Ушул сөздүтакташ үчүн Кара ниет бай молдосун, бийин, казысын чакыртат. Молдосу, казысы, бийлери кагаз жазышат. «Эгер, Кадыркул калп айтса, Ак ниет байдын дүнүйөсүКара ниеттики, эгер калп айтпаса, Кара ниет байдын дүнүйөсүАк ниеттики» – деп, бексул жазышат. Ушуну менен Кадыркул жигит эки-үч күн мейман болуп, күйөөчүлөп шаан-шөкөт менен айылына келет. Кемпир келерки ишемби күнүкелип, кызымды алып кет деген жообун берет. Кемпир чынчыл Кадыркул жигитке ыраазычылыгын билгизип:

– Айланайын, бала болуп каларсың, менде дүнүйө көп, ушу дүнүйө, мал-жандын баары сеники. Ошондуктан мен дүнүйө алайын деп жаткан жерим жок сенден. Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт, балам. Келерки ишемби күнүкызымды алып кетерде Кара тулпарды калыңына бергин. Андан кийин бешенең бештен, бактылуу болуп жашай бер, – деди.

Кемпирдин бул сөзүнө Кадыркул, куда башчылар, жолдош-жоросу да чоң ыраазы болушту.

– Байлыгы бу болсо, кызы сулуу болсо, дүнүйөнүкеп кылбай, Ак тулпарды барар менен союп алса, – дешип айылына кайтышты.

Келерки ишемби күнүбаягы убада боюнча Кара тулпарды калыңына берет. Баягындан артык мейман күтүп, кемпир ыйлап-сыктап:

– Малга чукак эмесмин, башка чукакмын! – деп, Кара тулпарды сойдуруп таштады. Эртеси кызды алып кетер күнүкемпир чыңырып, өкүрүп ыйлап, меймандардын тынчын алып үстүнө келет.

– Жалгыз бир тууганымдын жалгыз баласы дүйнөдөн кайтыптыр. Айланайын, куда башчы, Кадыркул уулум, ийгиликтин кечи жок деген. үч-төрт күн коюп жетилигин берип, анан кызымды жөнөтөм, – деди.

Куда башчы, Кадыркул, жоро-жолдоштору болуп айылына кайтышты. Эртеси ак чатыр, көк чатыр, кызыл чатыр жок. Кемпир көчүп кетет. Кемпир келип Кара ниет байга өз милдетин аткаргандыгын билдирет. Кара ниет бай Ак ниет байга минтип айтат:

– Сенин Кадыркул жигитиңдин калп айтпаганын көрөйүн, эки киши жиберип, чакырталык – дейт. Эки жигиттен эч нерсе айттырбай, бир кана: – Кадыркул сени Ак ниет байың чакырып жатат, – деп айттырышат. Быяктагы болгон иштин жайын билдирбейлик дешет. Ак ниет бай менен Кара ниет бай экөө эки жигитти Кадыркулга чаптырат. Эки жигит барып чынчыл Кадыркул жигитке:

– Сени Ак ниет бай чакырып жатат! – деп, кайра тартышат.

Чынчыл Кадыркул жигит байын көздөй жөнөп калат. Жолдо келе жатып чынчыл Кадыркул жигит чочулап: «Бу байым чакыртчу эмес эле, Ак тулпар, Кара тулпар жөнүндө угуп калган го» – дейт да, эмне деп жооп берерин билбей башы катат. «Экөө болсоң жолдошуңа акылдаш, жалгыз болсоң бөркүңө акылдаш» деген кыргыздын макалына таянып, бөркүнө акылдашмак болот. Ошентип, Кадыркул чынчыл жигит таягын жерге сайып, тумагын башына кийгизип коюп, камчысын сүйрөп: «Ассаломалейкум» – деп, бөркүнө салам айтып келет, өзүАк ниет бай болуп бөркүнүн ордуна жооп берет: «Валекум ассалам, чынчыл Кадыркул жигитим, мал-жаның, эл-журтуң аманбы?» – дейт. Анда өзүжооп берет: «Мал-баш, эл-журт аман. Аманы курусун, Ак тулпар аңга түшүп өлдү, Кара тулпарды карышкыр жеди» – дейт да: «Ушунум калп болуп калды го», – деп, бөркүнүн артынан кетет. Экинчи жолу дагы бөркүнө салам айтып келет да, байынын баягы эле суроосуна мындайча жооп берет. «Мал-баш курусун, Ак тулпарды сууга агызып өлтүрдүм, Кара тулпарды карышкырга жедирдим». «Ай, ушунум да калп болуп калды го, тулпарды карышкыр жемек беле, тулпар сууга акмак беле» – деп, кайра кетти. Чынчыл жигит Кадыркул бөркүнө үчүнчүжолу келди. «Ассалоомалейкум, Ак ниет байым, бала-бакыраң аманбы?» – деп сурады. Ак ниет бай: «Мал-башың, эл-журтуң аманбы?» – деп кайталады. Анда чынчыл Кадыркул жигит «Мал-баш аманы курусун, мастан кемпир кызымды берем деп, Ак тулпарды, Кара тулпарды алдап жеп койду. Ушул сөзүм жымсал болду го» – деп, Кадыркул жигит бөркүн кийип, айылына келди. Баягы шаани менен чынчыл Кадыркул жигит Ак ниет байына келди.

– Ассалоомалейкум, Ак ниет байым, бала-бакыраң менен аман-эсен жатасыңбы? – деди.

Анда Ак ниет байы:

– Алейкум ассалам, чынчыл жигитим, Кадыркул мал-жаның аманбы? – деди.

Чынчыл Кадыркул жигити:

– Бир кемпир кызымды берем деп, Ак тулпар менен Кара тулпарды алдап жеп койду, – деди.

Ошондо отургандар, казы-муфталары, молдолору, бийлери, Ак ниет, Кара ниет байлары Кадыркулдун чынчылдыгына ыраазы болушуп, бексул боюнча Кара ниет байдын мал-дүнүйөсүн Ак ниет байга алып беришти. Ошондон Кадыркулга чынчыл деген ат калып, жомоктун аты да чынчыл болуп калган экен.

Сагын Ашырбай уулу,
Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомоктор жана жомокчулар” китебинен алынды
,
“Мурас”

Соц тармактар:

One thought on “Чынчыл

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.