Kyrgyz Translate акциясы
1-январдан баштап кезектеги Kyrgyz Translate акциясы башталды. Акциянын максаты кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкусу келген атуулдарыбызды шыктандырып, уюштуруп, тилибиздин Google Translate кызматына кирүүсүнө өбөлгө түзүү. Акция эки ай(01.01.15-28.02.15) созулуп, активдүү катышкан колдонуучуларга белектер ыйгарылат:
1.) Баш байге – Google Nexus 7 планшети;
2.) Экинчи орунга – Motorola Moto E телефону;
3.) Үчүнчү орунга – Lenovo A670T телефону;
Булардан тышкары, Google компаниясынан түрлүү белектер дагы каралган.
Кененирээк маалыматты бул сайттан ала аласыздар: Kyrgyz Translate акциясы
Соц тармактар: