Эшенаалы Арабаев. «Теке менен эркеч»
Малдыбайдын айылынын жанында шаркырап аккан чоң суу бар. Ал сууга бир чумкуп алалы деп бардык. Малдыбайдын кою суунун жээгинде жайылып жатыптыр. Балбанга түшчүдөй болуп койлордун кулжадай болгон ак эркечи турат. «Балбанмын деп сен менден коркпосоң, мен сенден эмнеге коркмок элем»,-деп намыстанган теке эркечтин жанына басып келди.
Эркеч менен теке суунун жээгиндеги жардын башында тогошо калышты. Теке жөн турбастан, секирип келип эркечти сүзүп калды. Карсылдатып сүзүшүп, көпкө чейин кармашышты. Баштары кызыл – ала кан болгонуна карабай, күчөп кармашып жатышкан кезде экөөнүн тең арткы буттары жардан тайып кетти. «Күп» деп, сууга экөө тең кулап түштү. Алар кулап бара жатканда, карап тура албай, көзүмдү жуумп жиберген элем. Бир аздан кийин ачып карасам, теке да жок, эркеч да жок. Шордуулар экөө тең абайлабай, аңга туш келишиптир.