Анаит Татевосян
1979-жылы 7-августта Ереван шаарында туулган. Азыркы армян адабияттынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, акын-котормочу. Учурда Армян-Славян университетинин филология факультетинде эмгектенет.
Ырлары
* * *
Бул жерде мен ушинтип миң жылдарды карытам,
Меймандарды узатып, таңды тосом, зарыгам.
Ойгономун айнекке тийген жамгыр үнүнөн,
Эшикте күз, мунарык, убакытка үңүлөм.
Түшпү, өңбү, түн же күн, билбейм эмне экенин,
Көлөкөдөй тамдардан өтүп минтип кетемин.
* * *
Түн уйкумдан бөлүнүп, жатам шыпка тигилип,
Эзелтеден элирме оорусу бар немедей.
Фанер эшик артында топурашат адамдар,
Сен да мүмкүн өттүң го эч нерседен кенебей.
Ал ансайын артылат келер деген ишеним,
Сен киресиң, мынакей, сүйлөшөбүз акырын…
Бар болгону үч кадам, анан узун коридор,
Шайтан алгыр, карачы, эшигиңдин жакынын.
* * *
Күйүп жаткан отмун мен, кармалбаган колуңа,
Зарыктырам түндөсү, бүлбүл жанып алыстан.
Колуң капыс тартасың, колум сунсам бир күнү,
От эмессиң, коркосуң оттой күйүп-жаныштан.
Кылчактап туруу жарабас,
Алдыга ар бир кадамым.
Асманга чачып сан жылдыз,
Ажайып түсүн карадым.
Анан да аруу сезимим
Жашоого калган артылып.
Жатпасын үчүн беймарал,
Издеймин минтип жаңылык.
Баарысы тааныш, мен болсо
Сапардан-сапар карытам.
Мекеним менин – Жер шаары,
Кымбатсың, чыны, жанымдан.
* * *
Тааныштар көп, бири да
Бөлүшпөй кайгы-капамды,
Күнүм жок, эне тилим да,
Үйүм жок. Көөнүм караңгы.
Айланып учкан бариктей,
Багытым даана билинбейт.
Чоочунмун. Күтөт ким бирөө,
Билемин. Көзгө көрүнбөйт.
Үч айры жолдо таш жатат,
Кол булгап минтип үчөө тең.
Тандоого чама калбады,
Кайдасың, айтчы, кең Мекен?
Андыктан мени күнөөлөп,
Айгайга түшпө суранам.
Сен барсың мени сүйбөгөн,
Ошого кейийм, кубанам.
Которгон Таштанбек Чакиев