Оморбай НАРБЕКОВ, академик: “Чыкебиз жарык дүйнөдөн армандуу кетти”

Оморбай Нарбеков улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ишенген жана сырдаш иниси катары узак убакыт бою аны менен жакын мамиледе болду. Оморбай агайдын эл дарылаган иш бөлмөсүндө түстүү боёк менен тартылып илинген сүрөтүн көргөндө биринчи кезекте оюма ушул түшөт.

Учурда Айтматовду көрүп-билген адамдардын баянын китепке даярдап жатканыбыздан улам, мен алгач Оморбай Нарбеков менен маектешүүгө, анын көкүрөгүндөгү айтыла элек сырларын алып чыгууга ашыктым. Төмөндө “Көк асабанын” окурмандары үчүн сунушталган баарлашуубузду жарыяладык.

– Оморбай агай, бул жолу сизден өтүнүч: улуу жазуучубуздун өмүр соңундагы элге анча белгисиз болгон турмуштук окуяларынан жана көңүл түпкүрүндө сакталган жеке байкоолоруңуздан аңгемелеп берсеңиз?

– Чыкем менен 30 жылдан ашык чогуу жүрдүк. Кийинки окуяларынан айтсам, Европадан келсе тосуп алып, кетсе жөнөтүп дегендей, чын тилектештик, чын боордоштук сезимде ысык-суугун тең бөлүшүүгө аракет жасап келдик. Эми ал кишинин Брюселлде элчи болгон таржымалы – өзүнчө чоң сөз. Ар бир келген сайын, Европанын саясый жаңылыктарын эмес, а биринчи кезекте, ошол жерде кандай кызык, ойчул жана жалпы адамзат көйгөйлөрүнө акыл калчаган адамдар менен жолугуп сүйлөшкөнүн ушунчалык бир эргип отуруп айтып берээр эле. Уккандан тажачу эмеспиз. Ушул жагынан алганда, Чыкебиз андан мурун өзү демилгечи болуп уюштурган “Ысык-Көл форумунун” идеялары менен мүдөө-максаттарын элчи катары талыкпастан өнүктүрүп жаткандай таасир жаралчу. Түрдүү көз караш, түрдүү кесип, түрдүү курактагы адамдарды магниттей өзүнө тарткан кайталангыс инсандык, калемгерлик касиети менен Европанын андай гүлдөгөн борборунда эл менен элди, өлкө менен өлкөнү жакындаткан айкөл-кенен руханий даанышмандын милдетин да ак өтөгөндүгү талашы жок чындык.

Кыргыз элим, Кыргызстаным деген түшүнүктү өмүрүнүн соңку мүнөтүнө чейин жүрөгүндө жашатты. Жеке пайдасын көздөгөн айрым бир “атактуулар” өңдөнүп башка чоң, бай өлкөнүн жараны болууну оюна да алган жок. Андыктан, ар бир ыймандуу, уяттуу кыргыз Чыкемдин ушундай улуулугуна сыймыктануу менен, арбагына ар качан таазим этип жүрүшү керек деп ойлойм. Тилекке каршы, эл башкаргандардын арасында андайлар аз, абдан эле аз болуп жатат.

Жамандын кесепети дегендей, бийлик башына кокусунан келген Курманбек Бакиев деген маңкурттун убагында бир канчалык басынтууга түшүп, адам абийири кечирбес ыза-кордукту да көрүп калды. Дегеле Бакиев жазуучубуздун кадырын, улуттук даанышмандыгын түшүнө турган киши эмес эле. Аны чет өлкөдөн келгенде кастарлап тосуп алып, жайма-жай отуруп абалын сурап, мамлекетти башкаруу жаатында акыл-кеңешин укканды мындай кой, Чыкем ага кайрылып: “Мына, 80 жылдыгым болгону турат, Европада аздыр-көптүр дос күттүм, тилектеш күттүм, колумдан келишинче республикабыздын маселелерин чечип бердим, эми бар болгону 6-7 ай гана чыдагыла, ошондо 80 жылдыгымды ошончо дос-тилектештерди чакырып, ушул жерде коштошуу чайын берүү менен белгилейин дагы, элчилик кызматымды өткөрүп берейин” деп аксакалдык өтүнүч-сунушун айтса, тиги маңкурт неме ошону караманча көңүлгө албай койбодубу. Бул эмне деген ызалап-кордоо дагы, эмне деген кемсинтүүчүлүк! Чындыгын айтканда, Бакиев ким эле да, Айтматов ким эле? Дүйнөнүн абийир-ыймандуу бир да президенти мындай мурдун балта кеспестик, арамза түркөйлүктү жасабайт.

– Чыкени күтүүсүз жерден элчиликтен бошотуп, өзүнчө эле бир тымызын репрессиячыл жорукту баштаган Бакиевдин ошондогу бети жоктугун көздөй күбө катары өзүңүз да жүрөгүңүзгө эң оор кабыл алсаңыз керек?

– Ананчы. Чыкемдин ордуна Брюселлге Жыргалбек Азылов деген жигитти арыдан-бери элчи кылып дайындашты. Өзүнө бир ооз кеңешпеген, эскертпеген мындай чечим кайран улуу жазуучуга далыдан сайылган бычак сыяктуу болуп калды. Сыртынан сыр билгизбегени менен, биздей жакындары анын жан-дүйнө убайымы менен нааразылыгын көз карашынан эле сезип турдук. Элчиликтен бошотоор замат дипломатиялык кол тийбестиктен да ажыратып салышты. Ошол Брюсселден бери түз учуп келе албай, үй-бүлөсү менен бирге жолдогу Варшавада канчалык азап-тозок тартканын айтып отурса – ал өзүнчө узун сөз. Ал жерде жүк-буюмдарын өткөрбөй, кайра-кайра аңтарып-текшеришип, атактуу жазуучу экенине карабай, кадимки эле документсиз жүргүнчүдөй толгон-токой убарачылыкка салышкан экен. Чыкем ал тууралуу айтып бергенде, тимеле Бакиевдин айбандык кылыгына өтө ачуубуз келген. Көрсө, Польшанын бажыканасында дипломатиялык уруксааты – мөөрү жок кыйналсын деп быяктагы жарты мээлүү маңкурттар атайы жасашкан экен.

Чыкенин Европада кадыр-баркы ушунчалык жогору экен, анын күтүүсүздөн элчиликтен бошотулушун түшүнө алышпай, бир топ убакытка чейин алиги “бакиевчил” Ж.Азыловду кабыл албай коюшпадыбы.

– Чыкебиз өз ордуна бакиевчил Азыловдун дайындалышына кандай мамиле жасады? Байкай алдыңызбы?

– Таласта губернатор болуп жүргөн Байымбет Мураталиев деген инибиз менден Чыкени конокко ээрчитип келсеңиз деп көптөн бери өтүнүп жүргөн. Бир күнү ыгын таап макул кылып, ээрчитип бардым. Барсак, үйүндө Жыргалбек Азылов да бар экен. Күткөн эмес элек. Ал тууралуу алдын-ала эскертип койбогон үй ээсинин жоругуна өзүмдү ыңгайсыз сезип турсам, Чыкебиз эч шек билдирбестен, ишине агалык ак ниеттен ийгиликтерди каалап, кыргыз эли, Кыргызстан үчүн иштегиле, иштегенде да, ар-намыстуулук, иш билгилик менен иштегиле деп акыл-насаатын айтып, анан Байымбет ага камдап койгон ак калпакты кийгизип, үстүнө чепкенди жаап, дагы бир жолу таң калаарлыктай айкөлдүгүн көрсөттү. Эгер улуу жазуучубуз ич арамы же кекчилдиги бар адам болсо, өзүнүн ордуна уялып-этпестен барып отурган немеге мындай мамиле көрсөтөт беле?

Солк этпеген, майда-баратка нерв коротпогон киши эмес беле, ыраматылык. Күнүмдүк маселелерге кейүүчү эмес. Угуп коюп, күлүп коюп эле отура берчү да, аягында бир-эки ооз сөз айтып койчу. Ошондой болсо да, элчиликтен кетип Европадан кайтып келгенден кийин ичтен муңданып, убайым-санаалуу абалын аркы-терки басуу менен жымсалдап-жашырып жатканын Дөөлөтбек Шадыбеков экөөбүз биринчи жолу көрдүк. “Мага убакыт деген тартыш, эми өткөн нерсени жиликтеп талдоо үчүн убакыт кетет эмеспи, ошондуктан элчилик турмушту эскербей тим коёлучу” дегендей, баягы өзүнө таандык айкөлдүк мүнөзүн туюндурду. Биз да андан ары такыбалап сураган жокпуз. Бирок, ошондо, Европадан келгенден кийин, маанай түшүрө кейиген абалын биринчи жолу көрдүм.

80 жашын күтүнгөн даанышман адамыбызды кейитүүнүн өзү, кемсинтүүнүн өзү эмне деген акмакчылык, кыргызда жок жорук! Чыгармалары дүйнөнүн 100дөн ашык тилине которулган улуу инсаныбыз, элибизде миң жылда бир туулчу уулубуз 80 жаш курагына 6 ай жетпей жарык дүйнөдөн армандуу болуп узады деп жатканым ошол. Чыкем менен болгон ал көз ирмем, ал жолугушуу менин жүрөгүмдү дале болсо сыздаткан боюнча турат…

Маектешкен Мундузбек ТЕНТИМИШЕВ, “Көк асаба”, 05.11.2015

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.