Куурума күлчөтай

Керектелүүчү азык-түлүктөр: 1-1,5 кг. куурдак (же эт), 100-150 гр. суюк май, 2 баш пияз, 2-3 даана помидор (же 2 аш кашык томат), 1 даана сабиз, 1 даана түрп, калемпир, мурч, туз, 1 кг. ун, 200-300 гр. суу жана 2-3 даана жумуртка.

Жасалышы: Унду керектүү өлчөмдө идишке салып алып, анан ага жумурткаларды бирден чегип аралаштырып, андан кийин идишке тузу өткүлүрөөк жылымык сууну куюп, шашпай жууруӊуз. Камырды ийине жеткире ийлеп туруп, 10-15 мүнөт үстүн идиш менен жаап коюӊуз. Андан кийин камырдан чактап үзүп алып унга чалып, үбөлүк менен тегиз кылып жайыӊыз. (Камыр канчалык жука жайылса, кесмеси ошончолук жакшы болорун эстен чыгарбаӊыз.) Андан соӊ камырды курч бычак менен чарчы-чарчы кылып кесиӊиз.

Куурума күлчөтай негизинен куурдакка жасалат. Адегенде майды дак кылып, пияз ж. б. жашылчаларды кууруп, анан куурдакты салып аралаштырып туруп, суу куюӊуз. Тамак бышарына аз калганда камырын салыӊыз. Анан даяр болгон тамакты аш табакка салып, үстүнө тууралган көк пияздан себиӊиз. Эгерде жасаган тамагыӊыз куурдак болбосо, анда алдын ала этти бөртө-бөртө туурап, кызаргыча кууруп алганыӊыз оӊ.

“Шоокум”, 25.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.