Жашоо сабактары

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

Адамдын өзгөрүүсү

Жашоонун шаңы менен, талаптын күчү менен адам өзгөрөт, өсөт, өркүндөйт. Эгер адам өзгөрбөсө, изденбесе, аракет кылбаса – адам мезгилден артта калат, жашоо шартын өзгөртпөйт, өзүн өстүрбөйт.

Күндөн күнгө, айдан айга, жылдан жылга өзгөрбөгөн адам – артта калган адам. Күн тартиби, жашоо нугу улам-улам өзгөрүүдө. Өзгөрүүнү байкаган адам – көрөгөч адам. Өзгөрүүгө моюн сунбаган адам – кежир адам. Өзгөрүү – жашоонун талабы. Өзгөрүү – мезгил талабы. Эң биринчи өзгөрүү: ойдо, сөздө, кыймылда болуш керек. Кээ бир учурда өзгөрүү – муктаждык. Бул шарт аткарылбаса – адам ийгиликке жетпейт. Бул шарт аткарылбаса – адам байыбайт жакшы жакка.

Жашоонун ыргагы, тартиби акырындан (билинбестен) өзгөрүүгө дуушар болот. Бул – мыйзам.

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144- 820; 0552 853- 555

«Көк асаба», 15.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.