“Чыкем өлбөптүр дедим”

Кыргыз эл сүрөтчүсү, ”сүрөтчү-манасчы” Жоомарт Кадыралиев менен маек.

– Жоомарт байке, адабият жаатында алпурушкан адамдардын бири Айдарбек Сарманбетов агайыбыз бүгүн алтымыш жашка келип калыптыр. Жакында мен “Мекенсиз” деген китебин окуп кыргыз адабиятына дагы бир Айтматовдун артынан бирөө келип калганбы деп ойлоп калдым. Сизге бир суроо бере кетсемби деп кайрылганымдын себеби да ушундан болуп калды. Сиз Айдарбек Сарманбетовдун чыгармачылыгына кандай баа бересиз, же болбосо качандан бери таанышсыз?

– Айдарбек Сарманбетовдун чыгармачылыгын мен жогору баалайм. Себеби, бир жолу жазуучулар союзуна барып калып ал жерден “Кыргыз адабияты” деген гезитти алып келген элем. Мына ошондо Айдарбектин “Дөбө” деген аңгемеси бар экен, ошону окуп калып аябай таасирлендим. Бул, адабият жаатына же болбосо Чыңгыз Айтматовдон кийин эле сүйүү темасын өзүнчө жаңы көз караш менен ачкан бир чоң жазуучу келгенин байкадым. Оюмда Чыкем өлбөптүр дедим. Себеби, Айтматовдун адабияты менен биз жашап келгенбиз, эми анын калемин кургатпаган, артында өзүнүн курч калемдүү инилери калган турбайбы деп ойго баттым. Мына ошол “Дөбө” деген аңгеме али күнчө бассам-турсам оюмда турат.

– Жоомарт аба, бүгүнкү күндө адабиятка башын малбаган адам жок калды, эми ошол чыгармачыл адамдардын деңгээлине салыштырмалуу кандай баа бересиз?

– Ооба, бүгүнкү күндө колунан келгени деле, колунан кебегени деле жазуучу, акын, сүрөтчү, композитор, айтору койчу, баарысы эле жин-когу чыгып аралашып жатып калды. Кимиси эмне жазып жатканын деле билбейсиң, чынында адабияттын беделин “чала молдо дин бузарлар” аябай түшүрүп жиберди. Ошондуктан мен колума тийген эле китептерди окуй бербейм, анын дабышын баамдайм, эгер жакса гана окушум мүмкүн. Жана айтпадымбы Айдарбектин “Дөбө” деген аңгемесин алгач гезиттен окудум деп, мына ошол гезиттеги варианты эле мени али күнчө ойлондурат, кайра кайра адамда болуучу алгачкы сүйүүнү эске салып турат, улам өткөн чак – алгачкы махабаттар адамга кайталанып келе берет экен. Чыгарма чакан аңгеме болгону менен ХХ! кылымдагы адамдар махабатынын аруулугун, бийиктигин адамзаттык деңгээлде даңазалап турат. Чыгарманы мына ушунусу менен Чыкебиздин “Жамийладан” кийинки улуу классикалык чыгарма десем болот.

– Сүрөтчүлөрдүн баамы өтө күчтүү болот эмеспи, мынча сөз болуп калгандан кийин ушул”Дөбө” деген Сарманбетовдун чыгармасын тереңден карап талдап көрсөк кандай болот. Себеби, бүгүнкү күндө адабиятка деле көңүл буруп, сын-пикир айткан адам жок калды, өзүңүз айткандай баардыгы жин-когуна аралашып кетти. Эми ошолордун ичинен жакшысынын жүзүн ачалы деген ойдомун. “Дөбө” деген аңгемени баса айтып калдыңыз, маани маңызы кандай экен?

– Ооба Таалай, бир чети туура айтасың, чыгарманы талдаган жакшы, бирок мен сынчы эмесмин, мен окурман катары гана өз пикиримди айта алам. Айдарбек бул “Дөбө” деген жөнөкөй эле ат менен тарыхтын фонунда өтө кенен, романдын жүгүн көтөрүп турган чыгарма жазган экен. Мисалы, Осман империясынын тушунда византиялыктардан Туркиянын Изник деген шаарын канча айдан бери камап, алып ала албай жаткан учурда биздин ата-бабалар барып (кыргыздар) суу кирген туннел менен шаардын ичине кирип, византиялыктар менен согушуп, шаардын дарбазасын ачып, ошондон кийин түрктөр жеңишке жеткенин тарыхтан тааптыр. Анан да Аттилла бабабыз жөнүндө, Манас бабабыз тууралуу баяндар бар экен. Аңгеменин фонунда чоң тарыхтын таасири өтө күчтүү болот экен. “Дөбө” деген аңгеменин ичинде болуп жаткан болумуш окуядан алынган негизги баян бул – сүйүү темасы экен. Айылдын чекесинде эртели-кеч мал айдап, мал тоскондо жолугушуп, аңгеме-дүкөн курган бир дөбө бар экен да, мына ошол жерден Мустафа деген түрк карыя, Шаршемби деген кыргыз аксакалдар өткөн-кеткенди эскеришип отурушат, чамасы биз курактуу болсо керек. Чоң аталарын тегерене чуркап-ойногон Касым менен Назгүл деген түрк кызы ушул дөбөдөн кайрадан канча жылдан кийин жолугуп Назгүлү Назлы болуп таанылбай, Бакуда окуп, Түркияда иштеп, айтор, бирин бири тааныбай, бейтааныш адам болушуп, бирок ортодогу бабалардан калган салттуу дөбөнүн сыры экөөнүн тагдыр жолун өзүнө тартып бара жатат. Назлыны көргөн менен аны тааныбаган Касым да эки ортодо эмне сыр бар экенин, бул дөбөдө эмне сырдын барлыгын түшүнбөй турган жерден тун сүйүүсү Назгүлүн таап жатканы, алардын сүйүүсү дале ошол бойдон, же болбосо андан да алоолоп күйүп жатканын сезип туруусу чынында керемет сүрөттөлгөн. Сыртынан караганда бул жөнөкөй эле окуя да, бирок Айдардын сүрөткерлик, чыгармачылык даремети менен бөлөк бир жаңы ачылыштай болуп, окурманга чоң таасир калтырат, же болбосо ал, жазуучу катары чыгармасына жан салып койгондой сезилет. Чыгармачыл адам катары аңгемеден соң мага жаңы маанидеги “сүйүү картайбайт, көңүл картайбайт, өмүр картайбайт” деген ой кайталап, терең маанисинде келгендей болду.

– Сүйүү үчүн Спартак бүтүндөй кулдарды көтөрүп Римди талкалаптыр, Чынгысхан Бөртөнү тарттырып жиберип кол курап меркиттерди чаап, анан бүт дүйнөнү багындырыптыр, Шах Жихан Таж-Махалды салдырыптыр. Айтор, сүйүү үчүн адам баласынын кылбаган нерсеси жок окшойт, бул жаатта сиздин көз карашыңыз кандай болду экен?

– Ар бир адамдын өз сүйүүсү болот тура. Бул дүнүйө сүйүүдөн жаралган да. Жараткан Көкө Теңир ааламды, баарын жаратып, анан улуу ыйык көңүлдү жаратты. Ошол жаратмандыгы – эмгек. Сөз болуп жаткан Айдарбек “Дөбө” деген аңгемесиндегидей, ийгиликке өзү да эмгек аркылуу жетти да. Чакан аңгеме болгон менен маани-маңызында өтө тереңдик бар. Окурман катары анын таасиринен улам мен өз сүйүүмдү да эстеп кеттим. Аңгемедеги негизги каарман – кыргыз жигити менен түрк кызы ондогон жылдан кийин кайра жолугушуп, адам баласынын сүйүүсү каны менен, жаны менен жаралгандай көкүрөктөн өмүр бою кетпейт турбайбы. Ошондогу каармандардын сөздөрү аркылуу мен сүйүү дегенди жалпы эле адам баласынын жашоосунда эч эскирбей турган нерсе экенин дагы бир ирет сездим. Сүйүү – ар пенденин өмүрүнө маани, багыт бергенсип турат. Ошол, Айдарбектин чыгармасы аркылуу мен Чыкени эстедим (Чыңгыз Айтматовду – авт.) себеби “Жамийладан” кийин андай мыкты чыгарма чыкпайт го деген ойдо жүргөм. Эми көксөөм кайра канды окшойт. Луи Арагон “Жамийланы” “дүйнө адабиятындагы эң бийик сүйүүнү даңазалаган ыр” деп атабады беле. Өз доору, өз заманына туура келген жана гений Чыкемин “Жамийласын” ылдыйлатпайм, бирок өзүм үчүн окурман катары ак сөзүмдү айтпай коё албайм. Жамийла менен Даниярдын сүйүүсү бийик ырдуу, даңазалуу, өз доорунун символу болуп калган. Эми доор, заман алмашты. Жаңы кылымда адамзат өз ачылышын ар бир тармактарда – руханий өмүр жолундабы, адабиятындабы өзүнүн заманына жараша ачылыштар болот экен да. Ошондон улам өмүр-жашоо өзөгү жаңы ачылышты талап кылат окшойт. Көрсө сүйүү темасы эч качан, эч бир ченем-өлчөмгө батпай тургандай сезилет мен үчүн. Эгер Алла-Таала ааламды сүйүп жасаса анда сүйүүнүн кеңдиги ошол ааламдай кеңдик деп ойлойм. Ошондуктан бул эч качан бүтпөгөн тема, эч нерсе менен ченеп алалбай турган тема. Муну биз жазып дагы, айтып дагы, ырдап дагы бүтүрө албайбыз. Айдарбек ошол түшүнүктү чакан аңгемесинде ааламды палифониялык, симфониялык кеңдикке чыгарыптыр.

– Сиз өзүңүз дагы тун сүйүүлөр эске түштү деп кеттиңиз. Өзүңүз сүйүү темасына ачылыш катары, жаңылык жаратуу катары кайрылдыңыз беле?

– Мен дагы 1987-жылы бул темага “Эсимде” деген картина жазып кайрылгам. Ар ким өзүнүн сүйүүгө болгон түшүнүгүн тактап, же болбосо сүйүүгө арнап айтат, чыгармачыл адамдын сүйүү темасына жаңылык кылып кирип келгени мыйзам ченемдүү, жашоодогу көрүнүш. Мисалы, таш бетине жазган жазуудан баштап, кийин адам баласы кагаз бетине түшүргөндөн тарта мисалы улуу акындар Рудаки, Хафиз, Жами, Саади, Руми, Омар Хайямдардын калеминен жаралган керемет ачылыштар бар. Ансыз адам баласы жашай албайт, жан азык ала албайт. Сүйүүнү өнөр, искусство аркылуу ажарын ачып жаңыртып турган жакшы. Мисалы мен үчүн Айтматов өзүнүн “Жамийласы” аркылуу сүйүү темасын керемет ачкан. Ага катары Чыкенин таасири алдында биз өрнөк менен өнүп-өстүк. Адамга болгон мамиле, же чыгармачыл иштерге болгон мамиледен. Эми Данияр менен Жамийланын, Касым менен Назгүлдүн, анан менин “Эсимде” деген чыгармам – баары тогошуп калгандай болуп жатат. Ошол чыгарманы тартып бүткөндө ичимдеги, көкүрөгүмдөгү нерселер кеңүлүм, рух, жашоом, жан дүйнөм кайрадан жаңыргансып аңтарылып кетти. Айдарбектин “Дөбө” деген аңгемесинин мага болгон таасири, жашоомдун маңызындай, сүйүү деген түшүнүктү мага кайрадан, бала кездегимди кайтарып берип жаткандай болуп жатат. Мына биз сүйүү картайбайт деп жатабыз, таза, бийик, жандуу, жакшы чыгарма болсо ал да эч картайбайт.

– Ааламды Кудай сүйүүнүн күчү менен жаратты деп жатасыз, ал эми чыгармада жазылган сүйүү күчү да адамдарга таасир этсе керек?

– Эмгек менен ааламды жараткан Кудай адамды да жараткан да, ал улуулук ошол адамдын, же болбосо ошол жазуучунун эмгеги менен айтылып жатпайбы. “Дөбө” аңгемесинде дагы каармандар өмүр жолундагы татаал жылдардан кийин кайрадан капыс жолугуп калып, балалык кездеги таза сүйүүнү бийик сактаганы баяндалат. Автордун каармандарга берген сыпаттоосу – айыл четиндеги дөбөдө Назлы менен Касым жолугуп, жанаша отурушуп, түндө жылдыздар чыкканда ошол жылдыздарды ой сала карашып, байыртадан эле канчалаган адамдар, кылымдар өтсө дагы Алтын казык, Саманчынын жолу баягысындай эле, “биз бала кездегидей болуп тура берет, а биз келебиз, кетебиз” деген Назлынын ичтен ыйлап жатканын Касым сезип калып жатпайбы. Анда ачуу өкүт, өмүргө сүйүүнүн укмуштай таасири, өмүрдүн баасы татаал анализделип жатпайбы. Китептин тили менен айтканда метофизикалык түшүнүктөр кетип жатат. Дөбөнүн өзү ыйык жер, анда Назгүлдүн чоң атасы Мустафа, Касымдын ата-бабалары жатат. Ошондон улам Назлы “бул жер мазар, кийин биз дагы ушул жерге жанаша жатабызбы” деп жатпайбы. Ошол, бирге жатабызбы дегенде тиги дүйнөгө да өмүр кетип жатпайбы, ошондо, “тиги дүйнөдө дагы бирге болуп экөөбүз жолугабызбы, ак сүйүүбүздү сактап калабызбы” деп жатат. Аны менен тээ, байыркы атабыз Манас тууралуу кыз Сайкалдын “Каныкей, бул дүйнөдө Манас сеники, тиги дүйнөдө Манас меники” дегени эске түшүп жатпайбы. Кыргыз элибизде Манас эки дүйнөнү бир кармаган киши болуп жатат. Ошол мааниде бул дүйнө жалган делип, тиги дүйнөнү чын деп айтылат. Илимде “верхний мир” – аалам асманда деген түшүнүк бар, ал эми кыргызда асман ата, жер эне деп коет. Жерди Алтайда “нижний мир” же “мир мертвых” деп коёт. Айдарбек чыгармасында ошол, терең ойдун башын ачып коюп жатпайбы! Каарманы Назгүлдүн сөзү менен автор “тиги дүйнөдө бирге болобузбу” деп айтып жатат. Ошондо эки дүйнөнүн бирдиги берилип жатат, жаныбыз тиги асманда, ал эми денебиз жерде, ушул дөбөдө калат деп жатат. Азыркы биздин заманыбызда кыргыздын терең дүйнөтаанымына бап келип, так келип ага өзүнүн – Айдарбек Сарманбетовдук генин кошуп жатат. Муну да ал өтө жөнөкөй сөздөр менен ачып берген.

– Эки дүйнөнүн барлыгы дүйнө жаралганда эле болсо, бул чыгарманы окуганда бизге ал жаңылык катары, информация талаасындагы жаңыча түшүнүк болуп жатат. Бул да болсо жазуучунун чеберчилиги эмеспи. Ошондо ал жаңылык, же болбосо информация деген эмне, бар болуп, кайрадан жаңырып жарала береби?

– Туура, азыркы заман маалыматтын заманы – орусча “век информатики” делип жатпайбы. Бирок чындыгында радиодон, теледен берилген, гезиттерге чыккан маалыматтын баары эле маалымат эмес, кабар, а бирок маалымат адам баласынын жанында, рухунда, денесинде, дененин ичиндеги канда да маалыматтар болуп жатпайбы. Мына, мында “генетический код” жатат. Мисалы, ата-тектен калган атаңды, жети атаңды биле жүр деп жатышат. Ушунун баарын Айдарбек адабияттын, аңгеменин ыгы менен жаңы ачылыштарды ачып жатпайбы. “Дөбө” деген аңгеме адабий чыгарма катары сакталып калат, бирок ичиндеги мааниси нары, терең жактагынын четин чыгарып, каймана түрүндө айтып, Айдарбек өзүнүн стилин ачып, кыргыз баласынын дүйнө таанымына, кыргыз баласынын махабатка карата түшүнүгүнө, чоң масштабдуу аалам алкагына Саманчынын жолу, Алтын-Казык жылдыздарын, айлуу түндү – ушунун баарын бирдиктүү кылып көргөзгөнү менен кыргыз адабиятына “Жамийладан” кийинки жаңы чыгарма катары денелик, ааламдык, философиялык, палифониялык симфония катары кабыл алдым. Ошон үчүн “Дөбө” – кыргыз адабиятында унутулбай турган чыгарма катары эсимде калды.

– Бул аңгемеде автор сиз айткандай генетикалык коддорду ачып берген дейсизби?

– Аңгеменин баалуулугу – ичте катылган, канда катылган түшүнүктү сыртка чыгаруу керек болгонунда болуп жатат. Мисалы, Айтматовдун “Жамийласында” Сейит аркылуу Чыкемдин өзү да, адабиятка сүрөткерлик катары мамиле жасап, эки кичинекей сөлөкөттү тартып коёт го. Мына ушундай өнөрдүн түрлөрүн биз бири-биринен ажыратпашыбыз керек. Жаштарды глобализациянын айла-амалдарынан алып чыгыш керек, өнөрдү өрдү көздөй чабыш керек деген Айдарбектин чыгармасында кайып акыл турат.

– Мынчалык терең кирип калдык, биз Кудайды кантип тааныйбыз, кайып сырларын кантип чечебиз? Омар Хаямдын “Кайдан келдик, кайда бармай түшүнүү, Кыйын болду, неде жашоо үзүрү” дегендей туңгуюкка кептелип калган жокпузбу? Айдарбек байке да бул кайып сырларын көп изилдеп, көп кайрылган жактары бар экен, эми мунун аягы кайда барып такалат? Диндер эмне кызмат кылат?

– Байыркы, Арий доорунан, алмуздактан бери жашап келе жаткан кыргыздар 25 миллиондук илимий такталган мезгилди камтып жатпайбы. Мына биз ошондон бери диндер чыга электе эле Кудайга сүйүү аркылуу кайрылып таңда да, түштө да, кечте күн батып жатканда да сыйынганыбыздын өзү кыргыз элинин дүйнөнүн бирлигине болгон мамилесин билдирип жатат. Кийинчерээк ар түрлүү диндер чыкты. Мисалы, буддизм, христиан, ислам деген диндер чыгып, Жарткандан китеп түштү деп жатышат. Эми ушул Кудай берген сөздү, ойду ушунчалык ортолуктан бузбаса. Мисалы, буддизм, христиан, ислам жазуулары бизге жеткиче нечен жолу өзгөрүлгөн. Таң калганым: жер үстүндөгү адамзатта жөөт-семит элдери аркылуу келген 12300 пайгамбар сава бар дейт. Ошолордун арасына көп элди кырган Искендер Зулхарнайнды да кошуп койгон. Семиттер башка элдерди итине чейин кырган да. Ошондуктан, биз көзүбүздү ачып, бөлөк элдердин пайгамбарлык кылганын ойлонуп көрбөйлүбү.

Эми биз эгемен өлкө болдук. Бул сөз өзү эки сөздөн куралат. Эге – Кудай, Теңир дегенди түшүндүрөт. Ага мен деген сөз кошулуп “эгемен” болдук. “Кудай” менен кайра бириктик деп жатпайбы. Бакай атабыз дагы Семетей менен коштошуп кетип жатканда “чоң Кудайым колдой көр” деп жатпайбы. Айдарбектин “Дөбө” деген аңгемесиндеги Назлы менен Касым да жолугуп, бири-бирин тааныбай, жан дүйнөлөрү уйгу-туйгу болуп турган жериндеги кульминациялык учуру дал ушунда. Ошол жерден Назлы “бул жерде менин чоң атам жатат” дегенде гана анын Назгүл экенин билип, “Назгүлүм менин” деп жатпайбы. Бул, кыргыздын ичинен алтымышка чыккан жазуучусу Айдарбек элибиздин байыркы терең, канында катылган түшүнүгүн көңүлүндө сактап келе жаткан экен да. Аны менен ал, кенен, ааламдык түшүнүк, же палифониялык түшүнүнүк деп айтабызбы, эки дүйнөнү кошо алган, ошону ачып берип жатат. Мына ушул жерден эле автордун мыкты чыгарма жаратканын билүүгө болот. Бул, “Дөбө” деген чыгармага Айдарбек рухий чоң даярдык менен келген.

– Куруп берген терең маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Маектешкен Таалай НУРКЕМЕЛ, 2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.