“Чапанды чыгаруу апама берген отчетум болчу”

Кыргыз элинин улуттук кийими– чапанды кеңири чөйрөгө, кыргыздарга эле эмес, чет өлкөлүктөргө да жайылткан айым Жумагүл Сариева ийгиликтин сырлары менен бөлүшөт.

“Чапан” студиясынын жетекчиси Жүмагүл Сариевадан он кеңеш:

  1. Адам кандай ишти баштабасын, ишке дити менен берилиши керек

– Апам Курманбүбү Коңурова “Чапан тигип чыгар, ушул сенин колуңдан келет” деп кулагыма куюп келген. Илгери таятам Токтогонов Коңурдун үй-мүлкү конфискация болуп, кулак катары айдалып кетип баратканда, таенебиз кыз-келиндерди чакырып, түнү менен чапан шырып тиктирип, тигиштердин ичине падыша акчаларын салып сүргүнгө узаткан экен.

Кичинемден сүрөт тартууга шыгым бар болчу. Кесибим инженер-конструктор, Москвада имараттарды долбоорлоо мекемесинде иштеп келгем. Ал кезде курбуларга, жатаканадагы кыздарга кийим тигип берчүмүн. Бир хоббим бар эле, апам чапан, кийим-кечелердин эскизи тууралуу айтканда, чапандын сүрөтүн тартып туруп, өзүнө кол койдуруп алчумун. Ошол жазууларым дагы эле сакталуу. Апамдан, элден уккан-көргөндөрүмдөн сырткары кыргыздын кийим-кече тарыхын иликтеп чыктым. Антипинанын 9 томдук кийим-кече тууралуу китебинин бизде 7 эле тому сакталып калыптыр. Китепти башынан аягына чейин окуп, элибиздин кийим-кече өнөрү менен таанышып чыктым. Ошентип, 2011-жылдан тартып даярданып, 2012-жылы чапан чыгарууга кириштим.

 

  1. Кадрларды туура тандай билүү маанилүү

– Эгер өзүм кыргыздын каада-салты менен жакындан тааныш болбосом, өзүм тикмечи, сүрөтчү, бычмачы боло албасам, анда мен тикмечилерди кантип текшерип, кантип иштин жөнүн таап кетет элем? Тигүүчүлөрдү биздеги атайын окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан издедим. Бирок улуттук кийимди, чапанды тигиш үчүн өнөрлүү болсо да, өтө жаштардын турмуш тажрыйбасы, чыдамы жетишпейт экен. Акыры турмуш сыноосунан өтүп, ою токтолуп калган, чапанды кунт коюп, берилип жана сапаттуу тиккен кадрларды топтой алдым.

chapan1

 

  1. Жумушчу орун жана техниканы тандоонун пайдасы чоң.

– Тигүүчү болгондон кийин бизге жумушчу орун, имарат да маанилүү. Имарат тандоо жагынан кыйынчылыктарга кездештик. Бизге ылайыктуу, кенен жайдын ижара акысы көп болгондуктан, андайга  шартыбыз келген жок. Ижарасы азыраак болгон жерге кызыгып, азыр жумушчу орундарыбыз  тар жерде иштейбиз. Дагы эле тигүүчүлөргө ылайыктуу жай, имарат издеп жатабыз. Ишти баштаганда үч тигүү машинасын алганбыз, числосу да эсимде бар, 27-февраль күнү эле. Кийин ЮСАИДдин долбоору менен 5 машина алдык. Машиналарды  улам жаңылап туруш керек.

 

  1. Каражат маселеси баарынан маанилүү

– Ишти жаңыдан баштаганда апама отчет катары эле чапан тигип, элге чыгарып көрөйүн дегем. Ошондуктан бул ишти уюштурууга канча акча жумшалаарын алдын-ала эсептеген эмесмин. 5 миң сом менен иш баштагам. Өзүм ишкерлик менен мурун алектенип көрбөсөм да, ишкерликке байланыштуу уюштурулган окууларга, семинарларга үзбөй катышып турдум. Эгер каражат жагынан каржалбасак, дагы көп ойлорду ишке ашырууга болор эле.

chapan2

 

  1. Ишти өтөөсүнө чыгара алам деген ишеним керек

– Ишти бир азыраак эле акча менен баштап жатканым менен, биринчи күнү эле ушул ойду аткара аларыма, ийгиликке жетише аларыма ишенчүмүн. Анткени максатым чоң бизнес ачуу эмес, кыргыздын унутулуп бараткан чапанын жаңы түс, жаңы дем менен элге чыгарайын деген аракетим бар болчу.

 

  1. Товарың сапаттуу болсун

– Чапан тиге турган кездеменин сапатына абдан көңүл бурам. Чапандын ичи-тышына Индиядан келген сапаттуу, пахтадан токулган кездемелерди пайдаланабыз. Чапандын ичине салына турган жылуулагыч да табигый материалдан. Аны илгеркидей жүндөн кылса да болот, бирок ал бир эле жолку кийим болмок, себеби жүн жууганда тоголоктошуп калат. Топчуну, жипти да атайын заказ менен сапаттуусун сатып алабыз. Илгерки чапандар 100 жылга чейин чыдаса, биз бери дегенде 10 жылга чыдагандай тигип атабыз.

chapan3

 

  1. Товарың элдик болсо да, заман талабына жооп берсин

– Чапан –кыргыз элинин кийими. Бирок анын фасонун, түсүн заманга ылайыкташтырып өздөштүрүүгө аракет жасап келебиз. Мага чейин деле бул сыяктуу чапандарды чыгаргандар болду, мен эч кимге атаандаш болоюн деген эмесмин, азыр дагы андай ойдон алысмын. Ал түгүл мындай чапандар дүйнөнүн башка элдеринде деле кездешет, бирок ар бир элдин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Биздин чапандарды Германиядан 8 дизайнер заказ менен сатып алып, улам жаңыртып кийишет

 

  1. Ар дайым изденүү жолунда жүрүш керек

– Жаңыланып чыккан чапандарыбызды азыр кыз-келиндер, балдар, карылар, эркек кишилер кие башташты. Чет өлкөгө балдарыбызга, неберелерибизге барат элек, ушул чапан ылайыктуу, жеңил, улуттук кийим экен деп айтышууда. Же байбичелер көчөдө неберелерин жетелеп чыгышса деле, чапан кийгени ылайыктуу деп жатышат.

“Курманжан датка” фильминин каармандары үчүн да чапан тиктик. Илгеркидей кыргыздын күмүш топчусун кадап коюу жагын да караштырып жатабыз. Илгерки нак күмуш топчулар жоголуптур. Анын үстүнө күмуш топчунун баасы да бир далайды чапчыйт экен. Айтор каалагандарга күмүш топчу да кадап берүү жагын, башка кийимдерди да чыгаруу жагын ойлонуудабыз.

chapan4

 

  1. Товарды кантип сатууну жолго коюш керек

– Биз чапанды алгач сатыкка койбой туруп, көргөзмөгө алып чыктык. Элдин ой-пикирлерин угуп, кемчил жактарын баамдап, анан сатыкка чыгардык. Илгери уздар карыштап ченеп-бычып тиккенде, бир да ашык-кеми жок, туура келчү экен. Мен аз да болсо карыштап тигүү жагын өздөштүрдүм.

Бизге “Таш-Рабат” соода борборунан ижара акысын жеңилдетүү менен берилген жайда чапанды өзүбүз койгон баада сатабыз. ЦУМда сатуучулар бааны өздөрү коюшат. Эл аралык эксперттер чапандын баасы кеминде 400 евро болушу керек деп сунуштап жатышат, бирок бааны көтөргөндө жакшы сата албай, чапан элге жетпей калат.

 

  1. Коллектив алдында сенин иш-аракетиң ар дайым ачык болушу керек

– Бизде иштеген 15 кыз-келин менен бардык ишти ачык-айрым талдоого алабыз. Алардын иш көлөмүн улам алмаштырып турабыз. Өзүбүзгө кабыл алынган бир жылдык иш-план жалпы коллективдин иш-планы болуп калат. Биздин планыбызда Москвадагы жердештерибизге коллекция уюштуруу, март айында Стамбулдагы аялдар кийимдеринин көргөзмөсүнө, Европага жана Америкага мода жумалыгына катышып келүү планыбызда бар.

chapan5

Айгүл Бакеева, “Политклиника”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.