Отту жакшы көргөн Турар

Кайда барсаң, окусаң саясат, экономика, көр тирлик тууралуу ойлор, пикирлер. Биз ушинтип жатып кийинки муунга туура тарбия бере албай жатабыз. Дегеним, адамзат байыртадан эки байлык жаратып келет. Бири – рухий байлык, экинчиси – матриалдык байлык. Азыркы жаш муундар рухий байлык – бул көөнөрбөс байлык экенин чындап түшүнө бербейт. Алардын түшүнүгүндө байлык – бул «ири» акча, заңгыраган үй, жеке менчик ресторан, аптека, же базар, автомашина, үйүр-үйүр жылкы, короо короо кой, жакшы кийим. Адамзат генийи Омар Хаям:

Бул жарыкта сенин жошооң кыпындай
Мүлк жыйнасаң тутулганың кутулбай.
Баардыгынан артык турат жан дүйнөң
Жан дүйнөңдүн жүргүн кутун учурбай
– деген экен.

Адамзат техникага ХIХ кылымдан баштап эле жетти. Улам кийинки муун өркүндөтүп отурушуп техниканы жаңысына ээ болду. ХХ кылымда электрондук эсептөөчү машина (ЭВМ) пайда болду, анын өркүндөгөн түрү азыркы компьютер, уюлдук телефон. Бирок мунун баары бир адамдын эмгеги эмес, миңдеген адамдардын акыл-эси, кара күчү. Материалдык байлык кылымдаган убакыттын, миңдеген адамдын акыл эсинин продуктусу. Бул байлык улам эскирип, чирип жок болуп, кайра жаңыланып турат. Жогорудагы Омар Хаямдын ыры мындан миң жыл мурун жаралса да, ал ошол бойдон. Ал, чирибейт, оңдолбойт, жаңыланбайт. Манас, Кожожаш дастандары, “Көкөй Кести”, “Сынган Бугу” комуз күүлөрү качан жаралганын эч ким билбейт, бирок алар чирибейт, жок болбойт, оңдолбойт, жаңыланбайт. Ошол үчүн рухий байлык көөнөрбөс – деп аталат! Мына ушуну жаштарга айтууда, кем болуп келебиз. Мүнкүн жаштардын жан дүйнөсү таза болсо, келечектин бийлик ээлери болуп калышса, “жан дүйнөлөрүнүн кутун учурбайт эле, жаратман болот эле” деген жакшы ой. Эмесе сөз кыргыздын көөнөрбөс рухий дөөлөтүнө нар көтөргүс байлык таштап кеткен алп акын Турар Кожомбердиев тууралуу азын оолак ой айтайын дедим.

Турар ага өткөн кылымдын 60 жылдарынан 90 жылдарга чейин эл оозунан кетпей адабиятта бир жаралган адам катары бааланып турду. Анын төккөн ыр нөшөрү бир канча обончулардын сезимин козгоп, сандаган обондор жазылып, ырчынын кубулжуган үнү ар бир кыргыздын жүрөгүн жибитип, көңүлдөрүн эргитип жатты. Мукам обондордун ырын жазган лирик Турардын артынан далай кыздар ээрчиди. Ээрчибей коймок беле, ырлары ажары жаркын, кымча бел кыздардын сезимине дүрбөлөң салып жатса. Баса, ырларына обон, романс аз жазылган орустун улуу акыны Сергей Есениндин ырларына, өзүнө кумар болгон Галина Бениславская деген кыз “Бул мүрзөдө далайлар атылып өлөт!” деп керээз кат жазып акындын мүрзөсүнө барып атынып өлгөн. Ырларына нечендеген обондун жаралышы Турардын нукура лирик акын экени далилденди.

Жыйырма жашында “Көлчүктөгү ай” деген биринчи китеби жарык көргөн алп акын Турардын ырлары бөбөктөрдүн жан дүйнөсү, кыргыз жаратылышы, тоолор, түздөр, агын суулар, адам пейилдери дагы толгон токой түбөлүктүү темалар болгон. Акын ырларында айрыкча эне, от, күн, жер темасын философиялык өңүттө алдыңкы айдыңга чыгарып келген. Түбөлүктүү бул темаларга алп акын өз үнү, сезими, ой-толгоосу менен эч кыйнылбастан бир дем менен жазганын байкоо татаал эмес. Мындай талант ар бир эле акында боло бербейт.

Адамга жашоо берген эне, уланып кеткен жашоону улантууга кубат берген суу, күн, от. Байыркы доордогу акыл-эске ээ болгон адамзат (Homo sapiens) эң алгач отту ойлоп тапканын акын жакшы түшүнгөн.

Философиялык маселени Турар ыр менен нөшөрлөтө төккөн. Турар акын бекеринен китептерин “От өчпөгөн коломто”, “Эне жана от”, “Күн-Жер-Жүрөк” деп атабаса керек. Чынын айтуу керек, Турардын чыгармалары иликтесе бир эмес бир канча доктордук диссертация.

Орустун улуу акыны (менин жан дүйнөмө жакын) Сергей Есенин чыгармалары аз эле. Акындан “Перс кайрыктары” лирикасын эске албаганда, ал чын жүрөктөн орус кышы, кайыңы, ити, уйу, буудайы, талаасы, суусу жана башкалары жөнүндө төгүп жазган. С. Есенин орус үчүн кандай болсо, Турар акын биз үчүн бийик, улуу!

Жолдошбек Токоев, 09.04.2016ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.