Атына заты жарашкан Жоомарт

Жоомарттын адамгерчилиги өтө улуу. Бирөөнүн кайгысын өзүнүкүндөй кабыл алган. Адамдарга жакшылык гана каалап, берээрге ашын таппаган март, шар, колу ачык, бапырап жүргөн бараандуу акын болгон. Ачык күлкүсү тоо жаңыртып, атына заты жарашкан март эле. Мансапка, атакка кызыкпаган токпейил, ынсаптуу адам болгон.

Эмгекчилердин образын жаратуучу

Акын, драматург Жоомарт Бөкөмбаев 1910-жылы ал кездеги Ош областынын Кетмен-Төбө районунун Мазар-Сай деген кыштагында кембагалдын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энесинен эрте ажыраган акын 1924-жылдан 1926-жылга чейин Жалал-Абадга жакын жердеги Көкарт балдар үйүндө тарбияланган. 1926-жылдан 1931-жылдарга чейин Ош жана Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумдарда окуган. 1933-жылдан 1935-жылдарга чейин Москва шаарындагы Журналистиканын коммунистик институтунда билим алган.

1931-1933-жылдары “Кызыл Кыргызстан” гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп эмгектенген. 1935-жылдан 1941-жылга чейин “Ленинчил жаш” гезитинде редактор, “Советтик адабият жана искусство” журналында башкы редактор болуп эмгектенген.

1941-жылы Жоомарт Бөкөмбаев өз ыктыяры менен Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт. “За Родину, вперёд” аттуу дивизиондук гезиттин редактору кызматын аркалайт.

1927-жылы Жоомарттын Ош кантондук гезитинде Жоомарттын “Жер алган кедейлерге” аттуу ыры басылат. Бул ыр кыргыз дыйканынын турмушундагы көрүнүктүү окуя – Кыргызстандын түштүгүндөгү жер-суу реформасына арналып жазылган. 1933-жылы “Эмгек тели” аттуу алгачкы поэтикалык жыйнагы жарыкка чыккан. Жоомарт кыргыз акын, жазуучуларынын ичинен кыргыз адабиятына алгачкылардан болуп ынтызар эмгекчилердин образын киргизген.

 

“Алтын кыз”

Жоомарттын чыгармачылыгындагы маанилүү ролду 1935-жылы жарык көргөн “Алтын кыз” поэмасы ойногон. Акындын бул чыгармасынын негизинде музыкалык драма театр сахнасына коюлган. Ошондой эле, “Айчүрөк”, “Токтогул”, “Семетей” пьесалары да өз күйөрмандарын тапкан. 1939-жылы Москвада болуп өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында “Алтын кыз”, “Айчүрөк” операсы москвалык көрөрмандардын сынына коюлган. “Алтын кыз” поэмасы 1936-жылы орус тилинде жарык көргөн. “Алтын кыз” чыгармасы үчүн “Ардак белгиси” орденин алган. Бул чыгармалар акынга бүткүл союздук деңгээлдеги атактуулукту алып келген. Ушуга улай эле акын Жоомарт Бөкөмбаевдин бир канча чыгармасы орус тилинде жарыкка чыккан. Обон коштогон анын көпчүлүк ырлары кыргыз эли сүйүп ырдаган элдик ырларга айланып кеткен.

Жоомарт өзүнүн ырларында кыргыз элинин социалисттик курулуштун шартында оңолуп келе жаткан турмушун даңазалаган. Анын мындай ырларына: “Көкөш көзүн ачты” (1928), “Жүрөк кубанат” (1931), “Ленин жолунда” (1931), “Гүлдөгөн турмуш” (1939) чыгармалары кирет. Жоомарт бул жылдары куруучулар, шахтёрлор, жаңы турмуш жөнүндө жазды. Өткөн замандагы куу турмуш жөнүндө жазган чыгармаларына “Жокчулук”, “Өмүрдүн чөлү” аттуу чыгармалары кирет. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда “Москва-чеп”, “Жүрөгүм менин Кызыл Туу”, Кош Ала-Тоо, уулуң кетти майданга”, “Антым” “Көл үстүндө” сыяктуу ырлары советтик жоокерлерди жеңишке шыктандырган. Акындын жалындуу үгүт-насыяттары терең лирика менен айкалышып турган.

Кыргыз тилине оодарылган Шота Руставелинин, А.С.Пушкиндин, М.К.Лермонтовдун чыгармалары акындын калемине таандык. Жазуучулар союзуна 1934-жылдан бери мүчө болгон. 1944-жылы Ысык-Көлдө “Манас” эпосунун сюжети боюнча фильмди тартууга даярдык көрүп жүргөн кезде автокырсыктан улам, трагедиялуу өлүмгө кабылган.

 

Эрнис Турсуновдун эскерүүлөрүнөн

Жоомарт тууралуу маркум Эрнис Турсуновдун жакшы эскерүүлөрү менен бөлүшө кетпесек болбойт. Ал киши мындай дейт. “Кыргыздын дагы бир залкар акыны Кетмен-Төбөдө жарыкка келген. Негизи Кетмен-Төбө өрөөнү өнөргө бай өрөөн. Айтылуу Токтогул, Жоомарт, Коргол, кийин Сарыкунан, Туугамбай, азыр Элмирбектей өнөрпоздор чыккан касиеттүү өрөөн. Азыр деле Кудайга шүгүрсүңөр, бирок “скидка” менен. Жоомартча чыгыш керек. Токтогулча чыгыш керек. Жок эле дегенде Корголчо чыгыш керек. Өмүрүнүн акырында алыска бара албай калганында Коргол мал базарга барып ырдаган. Эл Корголду көрөбүз деп, ырын угабыз деп, мал сатпаса да, мал базарга атайын Корголдун ыры үчүн келишчү тура. Жоомарт да балдар үйүндө окуган. Жубайы Тенти, Жунушбай деген башкарманын өңдүү-түстүү, билимдүү эрке кызы болгон. Жоомарт Тентиден он жашка улуу. Жоомарттын адамгерчилиги өтө улуу. Бирөөнүн кайгысын өзүнүкүндөй кабыл алган. Адамдарга жакшылык гана каалап, берээрге ашын таппаган март, шар, колу ачык, бапырап жүргөн, бараандуу акын болгон. Ачык күлкүсү тоо жаңыртып, атына заты жарашкан март эле. Мансапка, атакка кызыкпаган токпейил, ынсаптуу адам болгон. Демилгечи, уюштургуч, күжүрмөн киши болгон. Жоомарт дайым Жусуптукуна келгенде Жусуптун жубайы Гүлсүнгө акча карматчу экен. Гүлсүн бул эмне деген акча деп албаса, алгыла, менин акчам жок калып, Жусуптан карыз алдым эле деп койчу дешет. Чынында Жусуптун үйүнө көрсөткөн жардамы болчу экен. Жусуп Жоомарттын үйүнө анан Касым Тыныстановдун үйүнө конокко барып, ушул эки үй-бүлө менен гана катышчу дейт. Согуш убактысында жазуучулар союзунда Жоомарт убактылуу секретарь болуп иштеп калат. Ошол тушта союзга “Фронтко жардам бергиле” деген кат келет. Бериле турган жардам мээлейден тартып, колдон келген бардык нерсе. Жоомарт жазуучуларга ачык айтып, жардам бергиле деп кайрылат. Бирок, бирөө да келбейт. Бирин-серин келбесе, жапырт келишпейт. Жардам чогулбай калабы деп тынчсызданган Жоомарт жазуучулар үйүнүн кулактандыруу тактасына “жазуучуларга акысыз көмүр берилет, баланчанчы күнү” деп бадырайта жазып илет. Ал күнү тим эле жазуучулар топтошуп, бири да калбай келиптир. Баары “көмүр кана” дешет. “Алганды билген, бергенди да билгиле” дейт Жоомарт. Согуштагылар жардамыбызга муктаж деген абалды түшүндүрөт. Ошентип, алды жылуу кийим, арты жылуу мээлей. Кыскасы, бар тапканын жазуучулар фронтко чогултуп берет. Жоомарт акын эле эмес, коомдук ишмер дагы болгон. Токтогул Сатылгановду көтөрүп чыккан ушул Жоомарт болгон. Токтогулдун хрестоматияга кирип калышына албетте, Жоомарттын салымы абдан чоң. Жоомарт кыргыз жерин жандай сүйгөн. Кыргыз жеринин кооз табиятын, агын сууларын, атыр жыттуу абасын, бийик тоолорун, салкын төрлөрүн, тунук көлдөрүн даңазалап сүрөттөгөн. 1934-жылы Сталин 60 жашка чыккан. Ал Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” чыгармасын сүйүп окуган, абдан баалаган. Ал китеп дайыма Сталиндин иш үстөлүндө турчу экен. 1939-жылы “Жолборс терисин жамынган баатыр” чыгармасын башка тилдерге которуу боюнча мамлекеттик заказ болот. Ал мамлекеттик тапшырма Кыргызстанга да келет. Жоомарт Нестан Дарежандын катын, дагы бир нече үзүндү которуп, чындыгында эле такыр колу тийбейт. Акырында мамлекеттик тапшырманы кечиктирбөө үчүн Алыкулга барат да, “Алыкул, сен котор, сенин убактың бар, сен өз деңгээлине жеткире которо аласың” деп ишенимдүү айтып, заказды Алыкулга өткөрүп берет. Алыкул ал кезде азербайжан кемпирден мурас болуп калган үйүндө турчу. Буйрутманы аткарам деп айнектерин караңгылап, калың чүпөрөктү терезесине жарык өтпөй тургандай кылып кактырып, эки күндү бир күн кылган Алыкул. Күндөп-түндөп иштеген. Бир жыл үч ай дегенде которуп бүткөн.

Мен Жоомартты көрүп, колуна суу куюп калдым. Жоомарт 34 жашында каза болду. Трагедиялуу өлүм. Чоң Сары-Ойдо машина оодарылып, борттун кыры басып калган Жоомартты. 6 кишинин ичинен Жоомарт өлгөн”, – деп айткан эскерүүлөрү бар.

Эрнис Турсуновдун айткандарынан улам, бул адамдын атына заты жарашкан кыргыздын чыныгы уулунун жаркын элеси көзүңө даана тартылат. Анын чыгармачылыкта жеткен бийиктиги ар дайым адамкерчилик бийиктиги менен эриш-аркак жүргөн. Бишкектин чок ортосундагы “Эркиндик” бульварында улуу акынга тургузулган эстелик бар. Анда Алыкулдун Жоомартка арналган мындай төрт сап ыры чегилип турат. Ушул ырдан акындын чыныгы автопортрети көрүнүп турат.

Анын ыры таттуу тилдүү бала эле,
Бул замандын чын с
үйүктүү жаны эле.
Жорголугун салыштыра келгенде,
Шырдакбектин жоргосундай бар эле.

Жоомарт атабыздын наамын касиеттүү Ысык-Көлдүн бир районунун борбору, жер-жерлердеги көчөлөрү, мектептери “Өз заманынын залкары, Ата Мекенинин чыныгы уулу” деп кадырлап алып жүрүшөт.

Талгат Деркембаев, «Саресеп», 17.12.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.