Кудайберген БАЗАРБАЕВ: «Чолпонбек байкемдин эски сумкасын дале көтөрүп жүрөм»

Кудайберген БАЗАРБАЕВ: «Чолпонбек байкемдин эски сумкасын дале көтөрүп жүрөм»

Тилинен бал тамган нукура чечен, ашкере таланттуу, жан дүйнөсү жароокер СССРдин Эл артисти, биздин балет өнөрүбүздүн сыймыгы Чолпонбек Базарбаев дагы арабыздан эрте кетти. Ал 23 жаш курагында эле “СССРдин Эл артисти” наамын алган. Ал “Ак куу көлү”, “Чолпон”, “Спартак”, “Щелкунчик”, “Жизель”, “Уйкудагы сулуу” балеттериндеги бардык жетектөөчү ролдорду керемет бийлеген. Ал тургай, эң татаал мезгилдерде маданият министри болуп туруп республикабызда маданият менен көркөм өнөрдү сактап калууга жана өнүктүрүү үчүн колдон келгенинин бардыгын жасаган. 53 гана жашка келип бул өмүрдө дагы көп жакшылыктарды жасоого талпынып турган маалда кайтып келгис сапарга кеткен Чолпонбек Базарбаев тууралуу анын иниси, учурдагы Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Кудайберген Базарбаев жана башка жакындары эскерет.

ch_bazarbaev

– Агаңыз балетке 28 жыл өмүрүн арнаган экен. Анын бул өнөрдүн ээси болушуна эмне түрткү болгону сизге маалымбы?

– Айылга атайын комиссия барып байкемди “бийчи кылабыз” деп тандап алышат. Анда анын болгону 7-8 жаш курагы экен. Бирок ата-энем байкемди жөнөтпөй коюшат. Ошол эле комиссия кийинки жылы да барып каршы болгон ата-энемди эптеп көндүрөт да, алып кетишет. 7-класска келгенде бою өзү теңдүүлөрдөн бир аз кыска болчу. Ошол жылдын жай мезгилинде боюн өстүрүүнүн аракетин кылып бутуна кире байлап алып бир саатка чейин асынып жүрүп 3 айда 15 сантиметрге өскөн. Ошентип, алдыга койгон максатына өжөрдүгү менен жете билген агам балет бийчиси болуп калган.

– Чолпонбек Базарбаев башка бир туугандарынан айырмаланып турчу беле?

– Биз сегиз бир тууганбыз. Атабыздан эрте ажырагандыктан Чолпонбек агам бизге ата ордуна ата болуп бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Ал 19 жашында Надя жеңебизге үйлөнүп, экөө биздин туура жолдо тарбияланышыбызга өз салымдарын кошушту. Баарыбыздан кеч жатып, эрте турган агам бизди жакшы окууга аракет кылсын дечү окшойт, каникулга келген маалда бир туугандар арасында ар кандай жарыштарды уюштурчу. Мисалга алсак, кагазга тигил же бул тамгадан башталган шаардын аты, борбору, жаныбарлар, кино, кинорежиссёрлор, актёрлор, чыгармалардын аттарын бир мүнөттүн ичинде жазышыбыз керек. Ким көп жазса, ошонубуз жеңүүчү аталып сыйлык алсак, артта калгандарыбыз кийинки жарышка чейин көп билгенге аракет кылып жаттачубуз. Көрсө, байкем бизди оюнга алаксытуу менен көп нерсени үйрөтүптүр. Байкемден калган бул оюнду азыр неберелерибиз да ойношот.

– Туура эмес иш кылып койсоңуз урушуп, жазалаган күндөрү болдубу?

– Мен туура эмес кылып жатканымды кандайдыр бир окуяны айтып берүү менен түшүндүрүп койчу. Ал эми үйдө бир идишти сындырып алсак, “Надя, ушул кантип болсун? Дагы сындырдыңбы?” – деп коёр эле. Аны Надя жеңем эмес, биз кылганыбыз үчүн ичибизден уялып калар элек. Надя жеңем болсо сындырбаса дагы жылмайып кутулчу.

– Бир туугандар канча аралыкта бир жолукчу элеңиздер?

– Ал биздин жоопкерчилигибизди алып баккандан уламбы, кийин өзүнчө үй-бүлө күтүп бөлүнүп жашасак дагы күнүгө жок дегенде бир жолу агамдын үйүнө тийип өтчүбүз. Майрамдарды да баарыбыз чогулуп агамдын үйүнөн тосчубуз. Бул бизде салтка айланып калган.

– Учурунда агаңыздын белгилүүлүгүнүн сизге пайдасы тийди беле?

– Байкем 1993-жылы Маданият министри болуп турган учурунда кайсы бир өлкөгө иш сапары менен барып жаңы сумка сатып алыптыр. Агам каза болгондон кийин ошол сумканы: “Сен дагы байкеңдей министр болуп каларсың. Көтөрүп жүр”, – деп жеңем ырым кылып мага берген эле. Жеңемдин жакшы тилеги ишке ашып туура 20 жылдан кийин мен министр болуп калдым. Азыр ал сумка эскирип, модадан чыгып калганына карабай көтөрүп жүрөм. Жеңемден алганы көтөрбөй көп жыл үйдө туруп калды. Ошондо жубайым сумканы көтөрбөсөм, башка бирөөгө берип салуумду айтканда эч кимге бербей турганымды айтып сактап жүрө бердим да, министр болгондон тарта көтөрүп баштадым. Болгон таасири ушул болду окшойт. Бири-бирибизди кызмат орду жагынан көтөрмөлөө деген болгон эмес.

– Балдарынын ичинен кимиси атасына көбүрөөк окшош?

– Тилекке каршы, байкемден кийин бир баласы жүрөк оорудан каза болуп калды. Учурда жалгыз эле Таалайы Надя жеңеме каралашып аны менен чогуу жашайт. Балдарынын ичинен Таалайда агамдын тамашакөйлүк жана боорукерлик сапаты бар.

 

Асанкул Исаков, досу: “Аз жерден үйүн банкка тарттырып коё жаздаган”

– Экөөбүздүн ортобузда 6 жаш айырма бар. Биз ага-ини дос элек. Экөөбүз таанышкан күндөн анын көзү өткөнгө чейин туулган күндөрүбүздү чогуу белгилеп жүрдүк. Анткени меники 4-февраль, Чокемдики 5-февраль эле. Экөөбүз бир күн көрүшпөй калсак эртең мененки саат алтыда чалат да, үнүмдү угары менен: “Кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың?” – деп ырдап калар эле. Өзү болсо таңкы төрттө туруп алып китеп окумай адаты бар болчу. Чокемдин тамашакөй, ким менен болбосун, бат тил табышкан сапатынан тышкары өтө боорукерлиги бар эле. Бир жолу “бир ишкерге жардам берем” деп өзүнүн үйүн банкка күрөөгө коюп коёт. Ал киши банктын акчасын төлөй албай, жыйынтыгында банк үйдү алып коймок болот. Ошондо Чокем ары-бери чуркап олтуруп банктын акчасын өз чөнтөгүнөн төлөп үйүн күрөөдөн чыгарып алган.

 

Жылдыз Тойбаева, кошунасы: “Балдарымды урушкандын ордуна таттууларын берип кетти”

– Чолпонбек Базарбаевич менен көп кабаттуу үйдө менин апам кошуна жашап калган, алар апамдан бир кабат өйдө турушар эле. Бир жылы биз апам менен чогуу жашап калдык. Менин эки балам аябай тентек болгондуктан үйдү үч көтөрүп кошуналарга чейин тынчтык берчү эмес. Тажаганда кошуналар келип кыйкырып урушуп кетишчү. Бир жолу адаттагыдай эле балдарым ызы-чуу болуп жаткан маалда Чолпонбек ага келип калды. Мен ага ыңгайсыздык жаратканым үчүн уялып азыр урушса керек десем, ал кирип келип балдарым менен таанышып, көтөрө келген таттууларын берип, жүздөрүнөн өөп мактап кетти. Балдарым ал кеткенден кийин ызы-чуу чыгаргандын ордуна таттууларын жеп алаксып эле олтуруп калышты. Ошол күндөн тарта Чолпонбек аганы балдарым жакшы көрүп, өзүбүз да бири-бирибиздикине каттап калдык.

 

Таалай Базарбаев, баласы: «Мен сага өзүмдүн жаркын атымды гана калтырып кетет окшоймун” деген эле»

– Менин балалык чагым опера-балет театрында атам катышкан ар бир спектаклди көрүү менен өткөн. Эсимде, байкем экөөбүз атамдын “Спартак” спектаклин көрүп олтурганбыз. Сценарий боюнча, спектаклдин аягында атам “өлүп калат экен”. Ошондо байкем: “Таалай, атам “өлүп калды”, – деп сахнага чуркап чыкты. Аны сахнадан алып чыкканча мен атам кийинип-чечинчү жерге чуркап барсам ал бетиндеги гриммин өчүрүп жатыптыр. Атамдын тирүү экенин көрүп ошол жерден кубангандан ыйлап жибергем. Атам каза болордон бир күн мурун: “Балам, мага таарынба. Мен сага 2-3 кабат үй салып бере алган жокмун. Ал тургай, кымбат баалуу машина да сатып бербедим. Элчилеп банкка сен үчүн деп акча жыйнаган жокмун. Мен сага бир гана өзүмдүн жаркын атымды калтырып кетет окшоймун”, – деген эле. Атамдын ар бир айткан сөзү дайым мени коштоп, кайда жүрбөйүн, колдоп жүрөт.

 

Кубан Сыдыков, кесиптеши: “Чолпонбек Базарбаевич үчүн президент менен көчө шыпырган адам бир катарда турчу”

– Чолпонбек Базарбаевич үчүн президент менен көчө шыпырган адам бир катарда турчу. Ал адамдарды иш ордуна жана даражасына карап бөлбөгөндүктөн жумушта аны бардыгы жакшы көрүп тартылып турушар эле. Ошол кездеги президент Аскар Акаевич катышкан бир иш-чарада Чолпонбек Базарбаевич сахнага чыгып: “Кыргыздын атын чет жерлерде таанытып жаткан интеллигент инсан, – деп айтып жатканда элдин бардыгы Аскар Акаев тууралуу сөз болуп жатат деп ойлошкон, бирок ал сөзүнүн аягында, – Таабылды Эгембердиев”, – деп койду. Ошондо зал толтура көрүүчүлөр тура калып кол чабышкан эле. Президент катышкан иш-чарада статусу боюнча андан ылдый турган адамды мактап, аны даңктаганынын өзү эрдик да.

Даткайым ДОСМАТОВА, «Леди.КГ»

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.