Хамит Өзгөн: «Кыргызстанда төрөлбөсөм да, сөөгүм өз жериме коюлса экен»

Кыргызстанга келгенге чейин кыргыздардын тарыхын, маалыматтардын бардыгын окуп чыккам. Бирок, башка бир улут тууралуу окугандай боло берчүмүн. Кыргызстанга келип кеткенден кийин, мен кыргызмын деп башымды көтөрүп, сыймыктанып айтып калдым. Эми Кыргызстанда төрөлбөсөм дагы, сөөгүм өз жериме коюлса деп тилеп атам, — дейт Хамит ата.

1930-жылдары Совет бийлигинин коллективдештирүү саясатынан улам, өз мал-жанын сактап калуу үчүн Кыргызстандын аймактарынан бир топ кыргыздар Кытайга качышкан. Кашкарда аларга дуңгандар тынчтык бербей, Индия аркылуу Араб өлкөлөрүнө өтүп кетүү үчүн жолго чыгышкан. «Улут уюткусунун» бул чыгарылышында өз өлкөсүнөн сырткары качып жүрүп көргөн азап-тозоктору тууралуу Хамит Өзгөн менен кызыктуу маек курдук. Ал Индиянын чек арасында төрөлүп, Пакистанда чоңоюп, учурда Түркияда жашайт.

 

1936-жылы Индиянын чек арасында төрөлүп, 6 айымда энемден ажырагам

— Кыргызстанга коммунисттер келип, 1927-жылдан баштап байларга кысым болгон. Аларды кулакка тартып, камакка алып, байлыктарын тартып алышып, өлтүрүп жок кыла башташкан. Атам Барпы өзү бай адам болгон. Ошондон улам менин атам 1930-жылдары Жаныбек казы сыяктуу дагы башка достору менен Кыргызстандан Кашкарга качып кеткен экен. Атамдын айтуусу боюнча Оштун Кытай менен чектешкен Өзгөн аймагынан, Нарын тараптан дагы бир топ эл качкан. Атам ага чейин Кытайдан койлорду алып келип, сатып барып келип тургандыктан, Кашкарга баруучу жолду жакшы билген. Ошондуктан, Кытайга качышкан.

Ал жерде кыргыздар өздөрү менен өздөрү болуп, Кашкарда 5 жылга жакын жашашыптыр. Анда кыргыздардын арасынан дуңгандарга кошулуп кеткендер болуп, алар менен чыр-чатактар орун алып турган. Ал жерден 1935-жылдары козголуп, Индияга андан Арабияга ажыга барабыз деп жолго чыккан экен. 1936-жылы Даван деген Индиянын чек арасында жол бекип калып, 5-6 ай ошол жерде жашап калышкан. Мен ошол жерде төрөлгөм. Энем ушул жерде каза болгон. Ал убакта Пакистан Индиядан бөлүнүп өз алдынча мамлекет боло элек болчу.

Жол ачылгандан кийин кайра жолго чыгып, Индиянын Карачи деген жерине барып, туруп калышкан. Карачи шаарында 18 жыл жашадык. Атам кийин ажыга барып келди. Түркия бийлиги Орто Азия аймагынан көчүп келген, ал кезде түркистандыктар деп коюшчу ошолорду 1952-жылдардан баштап көчүрө баштаган. 1954-жылы биз Түркияга көчүп бардык. Бизге чейин Ооганстандан өзбек, кыргыз, казак, түркмөндөр болуп 10 миңдей үй-бүлө көчүп барышыптыр. Бизден кийин дагы келгендер болду.

 

Жетим чоңойгон күндөрүмдү эстесем башымды жерге ургум келет. Пакистанга жылуу сезимим жок

— Менин бала чагым ошол Пакистанда энесиз өттү. Себеби, мен 6 айлык кезимде апамдан ажырагам. Биз атам, 3 агам жана мен болуп, жалаң эркектер жашадык. Биздин үйүбүз Карачи шаарынын четинде эң кедейлер жашаган жеринде эле. Ал жерде чүпүрөктөн, каптан жасалган үйлөрдө жашообуз өттү. Атам 10 жылга жакын үйлөнбөй жүрдү. Ал эч качан башка улуттагы аялдарга үйлөнүүнү каалаган эмес, балдарын дагы үйлөнткөн жок. Кытайлар Кашкарды басып алууга аракет кылганда бир топ кашкарлыктар Пакистанга качып барышкан. Атам ошолордун ичинен бир аялга үйлөнүп, андан 5 балалуу болду. Бирок үйдө аял киши болду деген менен ал дагы мага өгөйлүк кылды. Агаларым болсо Вандан ошол Памирден келген кыргыздардан үйлөнүп келишкен. Кийин атам досу Жаныбек казыны көрөм деп Гилгит деген жерге бардык. Анда мен 11 жашар болчумун. Ал жерде 2 жылча жашап, кайра Карачиге келдик. Пакистандын эли бизге эч жамандык деле кылган жок. Бирок, кичинекейимде энемен эрте ажырап, караган киши жок, жетим чоңойгон күндөрүмдү эстесем башымды жерге ургум келет. Азыр ал жак менен такыр байланыш жок. Пакистанга жүрөгүмдө эч кандай жылуу сезим болгон эмес, ал жакка баргым келбейт.

 

Түркияда «биздин тамагыбызды кошо талашып жеп жатышат» деп да айткандар болду

Атам балдарынын тапканы менен жан багып жүрдү. Анткени ал тил билчү эмес. Атайын кесиби болбогондон кийин эч бир жумушта иштей алган жок. Мен 3-4 жаштарда болчумун. Акем ошол жерде бир уйгурдан бут кийим тигүүнү үйрөндү. Кийин мен 6-7 жашка келгенде бут кийим тиге турган дүкөн ачты. Келгендердин бут кийиминин өлчөмүн алып анан тикчү. Базарда майда-чүйдө соода кылып, ошентип жашап кеттик.

Ошентип жүрүп Түркияга көчүп келүүгө аргасыз болдук. Себеби, Пакистанда калсак, жок болуп кетишибиз да мүмкүн эле. Ал жерде жашообуз жакшы эле болду, жакшы шарттарды түзүп берди. Бирок, эл ичинде кызганычтар болуп, «биздин тамагыбызды кошо талашып жеп жатышат» деп да айткандар болду.

 

Атам Кыргызстанга келүүнү 18 жыл күтүп, келе албай өтүп кетти

Атам өмүр бою орустар чыгып кетсе, Кыргызстанга келип, мурункудай байлыгым менен жашайбыз деп айтып, 18 жыл күтүп жүрдү. Бирок андай болбоду, орустар кеткен да жок. Атам Кыргызстанга келе албай өтүп кетти. Биринчи жолу 1970-жылдардын башында чоң акем келди. Ал эми азыр жол ачык, баары эле келип, кетип атышат. Менин 5 балам бар. Алардын төртөө Кыргызстанга келди, улуу балам келе элек. Жакында келем деп ниеттенип жүрөт. Ал балам Түркиядагы мыкты 9 мергенчинин бири. Ошол өнөрү менен Кыргызстандын атынан чыгып таанылсам деп аракет кылып жүрөт.

 

Энем болгондо кыргыз тилин мындан да жакшы билмекмин

Мен өзүм өмүр бою машине оңдоп иштедим. Түркияда Тайота сервисим бар болчу. Ага чейин акча табуу, жер көрүү үчүн Европада 10 жылдай жашадым. Кийин Түркияга келип, үйлөнүп, өзүмдүн фирмамды ачып, иштетип жүрдүм. Өзүм Пакистанда жашап, окуп калгандыктан пакистанча жакшы билем. Мындан сырткары англисче, түркчө, арабча бир аз, Голландия тилинде сүйлөй алам. Ал эми биздин тилдерден кыргыз, казак, уйгур, өзбек жана башкаларынын барын билем. Тилдерди бири-бирине аралаштырбай сүйлөйм. Ал эми кыргыз тилин кичинекей кезимен билем, атам дайыма кыргызча сүйлөгөндүктөн, тилимди унуткан жокмун. Энем болгондо балким мындан дагы жакшы билмекмин. Балдарым болсо, кыргызча жакшы түшүнүшөт, бирок жакшы сүйлөй алышпайт.

 

«Кыргызмын» деп башымды көтөрүп, өзгөчө сыймыктануу менен айтам

Кыргызстанга Кудайдын буйругу болуп биринчи жолу 1986-жылы 50 жашымда биринчи жолу келдим. Кийин 1991-жылы келип, 1994-жылдан кийин туугандарыма таарынычтар болуп такыр келбей калгам. 2010-жылдан бери жыл сайын келип турам. Бир балам бул жактан үйлөнгөн, азыр Бишкекте жашайт.

Өзгөндөн 3 ата өткөн туугандарды таптык. Атам 3-4 жашар кезинде Кара-Кулжанын Сары-Камышында жашачу экен. Бир күнү айылды суу басып кетип, Өзгөнгө көчүшүптүр. Өзгөндөгү Жаңы-Талап деген жерде жашап калышыптыр. Өзгөндө апамдын акесинин кызы да бар экен. Аны, кийин бөлөлөрүмдү таптым.

Балдарымдын барынын көңүлдөрү Кыргызстанда. Мен биринчи жолу 1986-жылы бул жакка келгенде, досторум конокко чакырып, бир топ кыргызды ошондо көрдүм. Кийин алардан ажырап, кайра үйгө кеткенде кадимкидей өңгүрөп ыйлагам. Ошондон кийин Ата Журтума байланып калдым. Бул жакка келгенге чейин кыргыздардын тарыхын, маалыматтардын бардыгын окуп чыккам. Бирок, башка бир улут тууралуу окугандай боло берчүмүн. Кыргызстанга келип кеткенден кийин, мен кыргызмын деп башымды көтөрүп, сыймыктанып айтып калдым. Эми Кыргызстанда төрөлбөсөм дагы, сөөгүм өз жериме коюлса деп тилеп атам.

Каныкей Бозгунова, «Марал ФМ», 29.07.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.