Тентимишевдин Алыкулга гүлдестеси

2015-жылы Алыкул Осмоновго арналган эки энциклопедия чыккан эле. Улуу акындын өмүрү жана чыгармаларына байланыштуу түрдүү материалдарды камтыган көлөмдүү эки эмгектин бири Улуттук илимдер академиясы тарабынан даярдалса, экинчисин жазуучу-публицист Мундузбек Тентимишев жалгыз өзү жазган жана түзгөн.

Француз агартуучусу жана философу Дени Дидронун (1713-1784) сөзү менен айтканда, энциклопедия чачыладай жайнап жаткан илим-билимди бир системага салып, окурманга тартуулайт. Кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата былтыр жарык көргөн эки энциклопедия тең ушул милдетти аткарат. Эгер Кыргыз Улуттук илимдер академиясы “Алыкул энциклопедиясын” тартуулап, илимий вазийпасын аткарса, публицист-жазуучу Мундузбек Тентимишов максатым окурмандардын Алыкул Осмоновго болгон кызыгуусун канаттандырып, акынга байланыштуу ак тактарды толтуруу эле дейт:

– Окурмандардын эле суроо-талабын канааттандырайын деген тилек. «Алыкул энциклопедиясын» түзүп, эч кандай атак жыйнайлы, байлык жыйнайлы деген түшүнүк болгон эмес да. Белек Солтоноевдин “Кызыл кыргыз тарыхында” бир мисал келтиргенин энциклопедиянын баш сөзүндө айтканмын. Белек ата

Алыкул энциклопедиясы
Алыкул энциклопедиясы

1896-жылы Пишпекке келип, китеп дүкөндөн тарыхка байланыштуу китептерди көрүп, аларды сатыңыз десем, өзбек дүкөнчү: «Сага тарыхтын кереги жок, кыргыз кырк кызды ээрчиген иттен таралган, атаңар ит, энеңер кырк кыз», деп мени ызалап коюп, ошондон баштап кыргыздын тарыхын өз алдымча жаза баштадым деген жери бар. Белек ата 36 жыл жазган “Кызыл кыргыз тарыхы” илимий-популярдуу, автордун өз көз карашын жазган бирден-бир эмгек. Ал китептен биз кыргыздын салт-санаасы, маданияты, тарыхы, этнографиясы жөнүндө кандай баа жеткис маалымат алып жатабыз азыр… Мен Алыкул энциклопедиясын даярдап жатып, ошондой кеңири максатты көздөгөн болчумун.

Мундузбек Тентимишевдун Алыкул Осмонов менен тааныштыгы 3-класста окуп жүргөндө башталат.

– Эсимде калыптыр: мектептин коридорунда чуркап келатсам биздин класстын жанындагы дубалда бир жаш кишинин сүрөтү илинип калган экен. «Алыкул Осмонов. 1915-жылы туулуп, 1950-жылы өлүп атат» 35 эле жыл жашаганбы деп таң калып койдум эле да. Мектебибиздин терезелери көлдү карап турчу. Кышында мугалим сабак өтүп жатканда Алыкулдун биздин Оттук айылын, биздин Ысык-Көлдү жазгандай ыр саптары көзүмө элестеп эле жүрдү. Анан айылдыктардын колунан Алыкулдун китептерин көрүп калчу элем. Ошондо канча акындар бар, алардын эч бирөө ушу Алыкулга жетпейт деп ыраматылык болуп кеткен адамдардын айткандарын укканмын.

 

Энциклопедия жазуу салтын бузган Тентимишев

Мундузбек Тентимишев өзү “Алыкул энциклопедиясын” адабий-популярдуу баян деп аныктайт. Андай чектөөгө карабастан, бул көлөмдүү эмгекти чабыты боюнча универсалдуу энциклопедия деп атаса болот. Себеби көлөмдүү китеп Алыкул Осмоновдун өмүр жолу жана жазган ар бир чыгармасынын жазылуу таржымалын жана каармандарын, “өңү серт” акынды билген-тааныган замандаштарынын эскерүүлөрүн, ага арнап жазылган ырлар менен изилдөөлөрдү, ал макалалардын ар бирине кыскача түшүндүрмөнү камтыйт.

– «Ленинчил жаш» гезитинде иштеп жүргөндө да Алыкул жөнүндө көп жаздым. 1987-89-жылдары Ташкенде Жогорку партиялык мектепте окуп жүргөндө Алыкулдун ажырашып кеткен жубайы Зейнеп Сооронбаеванын үйүнө эки жылдай барып сүйлөшүп жүрдүм. Эже көп нерселерди айтып берди. Сүрөттөрүн да берди. Алыкулдун китептеринин сүйүнчү нускасын да берди. Өзүнүн “Ыймандай сырым” деген орус тилинде жазылган кол жазмасын да берди. Ошол материалдардын негизинде 2002-жылы “Аны Алыкул деп аташкан” деген публицистикалык китепти чыгаргам.

Зейнеп Сооронбаева. 1946-жыл.
Зейнеп Сооронбаева. 1946-жыл.

“Алыкул энциклопедиясы” адабиятчы-илимпоз Абдыкерим Муратовдун айтымында, энциклопедия салтын бузуп, бүкүлү-бүкүлү макалалардан турат жана ушул жагы менен баалуу. Анткени ал макалалардын Алыкул Осмоновдун өзүнө жана чыгармаларына байланыштуу маалыматтарды элге жеткирүүдө баасы зор.

– Энциклопедия салттык түшүнүк боюнча майда-майда макалалардан туруш керек эле. Ошол салт бир аз бузулуп, М. Тентимишевдин «Алыкул энциклопедиясы» чоң-чоң макалалардан турат. Мунун өзү зарыл болчу. Себеби, Алыкулду ар тараптуу ачып берүүдө ушундай чоң макалалар керек. Менимче, китеп өзүнүн максатына жетти. Мундузбек Тентимишев көп жылдан бери Алыкул таанууда иштеп келатат. Анын “Алыкул энциклопедиясы” өзүнчө эле уникалдуу. Орустарда Лермонтов, Пушкин энциклопедиялары бар. Аларды бүтүндөй бир институттар, авторлук жамааттар тилдик, адабияттык, философиялык жана педагогикалык жактан иштеген. “Алыкул энциклопедиясын” Мундузбек Тентимишевдин жалгыз өзү бүтүргөнү чынында эле Алыкул таанууда эле эмес, кыргыз адабиятында эле эмес, жылпы кыргыз маданиятындагы чоң эмгек болду.

 

Кумурска да пил менен таймаша алат

Эки эмгекти салыштырып көрсөк, Тентимишевдин “Алыкул энциклопедиясы” көлөмү жана нускасы жагынан утуп кетет. Макаланын башында белгилегендей, Тентимишевдин 49 басма табактык эмгеги 780 бет. Ал бир миң нуска менен чыккан. Улуттук илимдер академиясынын илимпоздор тобу даярдаган 40 басма табактык “Алыкул Осмонов” энциклопедиясы 640 беттен турат. Ал басмадан 500 нускада жарык көргөн. Бул эки китептин жарыша сунуш этилиши кубандырат. Бул окурманга эки китепти салыштырууга, артыкчылык-кемчиликтерин аңдоого мүмкүндүк берет. Жана 35 жашында о дүйнө учкан акындын өмүрү жана чыгармалары изилдөөчүлөр үчүн суусу соолубаган мухит экенин айгинелейт. Буга публицист Тентимишевдин китептин жаңы чыгарылышы үстүнөн иштеп жатканы далил.

– «Алыкул энциклопедиясынын» 2-чыгарылышы даярдалып жатат. Мунусу мурдагысынан бир аз көлөмдүүрөөк болот. Себеби айрым нерселерге толуктоолорду жана тактоолорду киргиздим. Мисалы, Алыкулдун жети атасы жана башка көп кирбей калган нерселер бар.

“Алыкул энциклопедиясы” акындын ар бир ыры кайда, качан жазылганын, каармандарынын реалдуу прототиптери тууралуу маалымат бергенден башка да А. Осмоновдун өмүрүн акыркы мүнөттөрүнө чейин тизмектеп берет. Бул жагынан М. Тентимишевдин эмгеги Владимир Набоковдун “А.С. Пушкиндин “Евгений Онегин” романына комментарийи” менен үндөшүп кеткенсийт.

А. Муратовдун пикиринде, Илимдер академиясы чыгарган жана М. Тентимишевдин энциклопедиясы бирин-бири кайталабайт, тескерисинче толуктайт. Бирок, алар стилдик, мазмуну, формасы жана сапаты жактан ар бир китеп өз алдынча болууга татыктуу дейт илимпоз-педагог.

– Алыкул боюнча эки энциклопедия бири-бирин кайталап калбайбы деген да күдүк суроо пайда болуп атат. Албетте, кайталанып калган учурлар бар. Бирок бул эки китеп стилдик жактан, формасы жактан, мазмуну жактан өз өзүнчө карала турган иштер. Ушул эки энциклопедияны тең кыргыз маданиятындагы көрүнүш деп айтса болот. Деги эле кийинки 20 жылда («Манас» эпосунун эки томдук энциклопедиясы чыккандан кийин) ушундай энциклопедия чыгаруу ишке ашкан эмес болчу. Мундузбек Тентимишовдун “Алыкул энциклопедиясы” ошол кемтикти толуктап турат.

Алыкулдун биринчи махабаты Айдай.
Алыкулдун биринчи махабаты Айдай.

Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканасынын директору, филология илимдеринин доктору Жылдыз Бакашованын сөзүнө караганда, Илимдер академиясы жана Мундузбек Тентимишов чыгарган энциклопедиялар өлкөнүн 6 миллион китептүү борбордук китепканасынын жетишпеген кемтигин толуктайт.

– Мундузбек Тентимишовдун жалгыз өзү ушундай чоң эмгек жазганы бир чоң илимий институт бүткөрө турган эмгекке татыктуу. Алыкул жөнүндө ким гана жазбаган? Ал өзү: «Он беш жолу улам кайра туулуп, Он беш жолу жашарбасам карап тур», деп жазгандай, акындын 100 жылдыгына карата бир нече эмгек чыкты. Ошолордун ичинде Улуттук Илимдер академиясы чыгарган жана М. Тентимишов жазган эки энциклопедия өзгөчө орунда турат. Булар Улуттук китепканабыздагы 6 миллион китептүү фондубуздагы жетишпеген эмгектер эле. Эми Алыкулдун чыгармаларын кайра казып окуган адамдарга кенч катары кызмат кылат.

 

Китептин нускасы эмнени билдирет?

Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев элдин руханий өсүп-өнүүсүнө чоң салым кошкон адамдар жана алар жасаган иштер тууралуу такай айтпаса, улуттун ар намысын көтөрүү мүмкүн эмес. Ошон үчүн “Алыкул энциклопедиясы” сыяктуу китептердин чыгып туруусу коом үчүн абдан маанилүү дейт:

– Кыргыздын атын чыгарган инсандарыбыз аз эмес да. Чыгармачыл чөйрөнү алсак дагы бир топ эле бай, байсалдуу тизмени айтса болор эле. Эл өзүн-өзү таанытпайт. Элди ушу атактуу, эмгектүү, касиеттүү инсандар таанытат. Мына ошолордун арасында адабий, руханий, чыгармачыл чөйрөдөгү биздин кишилерибизден бирөөлөрдү баланча тармактан айт десе, шатыратып айтып ийе турган жаштар эмес, улгайып калган адамдар да көп азыр. Себеби унуткаруу атайын саясат эмес, бирок ушундай абалда туруп атабыз. Анткени маданияттын, адабияттын, дегеле руханий дөөлөтүбүздүн баркын дайыма жогору көтөрүп туруу жок болуп кеткендиктен ушундай болду да. Ошон үчүн атактуу инсандарыбызга арналган энциклопедиянын чыгышы өтө барктуу, баалуу керек нерсе да. Ошолордун бири Мундузбек Тентимишовдун “Алыкул энциклопедиясы”.

Алыкул. 1934-жыл.
Алыкул. 1934-жыл.

Б. Жакиев эки баалуу энциклопедия саналуу нускада чыккандыктан элге кеңири жетпегенине өкүнүчүн айтты. Педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов да “Алыкул энциклопедиясын” көп нускада чыкса жакшы болмок деп эсептейт.

– Андагы макалалардын сапаты дагы, саны дагы жакшы. Алыкул темасына мектеп мугалимдери менен окутуучулары, студенттери жетпей жаткан мезгилде, бул энциклопедия өзүнчө бир жакшы материал. Бирок ушундай энциклопедия аз гана нускада чыгат да мектептерге, башка билим берүү мекемелерине, Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына кызыгуучуларга жетпей жатат.

Анткен менен Алыкул Осмонов жөнүндөгү эки энциклопедияны сатып алып, аздектеп окууга көпчүлүк эл кызыкдар деп айтуу жаңылыштык болор эле деп ойлойм. Себеби, Илимдер академиясы чыгарган “Алыкул Осмонов” энциклопедиясы жана Мундуз Тентимишевдин “Алыкул энциклопедиясы” жалпы нускасы 1500 экени, олуттуу илимий мекеме да, Тентимишов да өз эмгектеринин өлкөдөгү 4 миллиондон ашуун кыргызга тез сатылып кетишине ишенишпеген сыяктуу. Баса, Алыкул Осмоновдун соңку эки томдугу 500 нуска менен, Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатырынын” акыркы чыгарылышы 1000 нускада чыккан. Болбосо, бир эле “Жолборс терисин жамынган баатыр” 1972-82-жылдар арасында үч ирет жалпы 45 миң нускада чыгып, сатылып кеткен эмес беле. Мунун өзү кыргыздар китепти аз окуп калган деген бүтүмгө түртөт.

Эскертүү: Бардык сүрөттөр М. Тентимишевдин “Алыкул энциклопедиясынан” алынды.

Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 06.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.