Максат Чакиев: «Айкүр бильярдга атаандашат”
Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларынын бири Максат Чакиев кыргыздын чүкө менен ойнолчу улуттук оюндарын жаңы, заманбап деңгээлге алып чыгуу жана дүйнөгө таанытуу максатында Айкүр федерациясын түптөдү. Максат мырза менен жаңыланып жаткан чүкө оюндарынын өзгөчөлүгү, жаңы деңгээлге алып чыгуудагы пландары тууралуу баарлаштык.
– Айкүр федерациясын түзүүгө эмне түрткү болду?
– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга 10 жылга жакын убакыт даярдандык. Ошол жылдары Олимп оюндарына атаандаш же болбосо альтернатива жок болчу. Эми Көчмөндөр оюну аркылуу ал деңгээлге бир аз да болсо жетише баштадык. Ошол эле учурда спорт оюндарынын ичинен бильярд стол оюндарынын арасында бүткүл дүйнөдө монополист болуп саналат. Мисалы азыр Бишкек шаарында эле эң аз дегенде 200дөн ашык бильярд салондору бар. Жаш жигиттер, улгайган адамдар чер жазыш үчүн бильярдга барышат. Анан оюндун жүрүшүндө эле саясатын, бизнесин, пландарын сүйлөшүп, ар кандай маселелерди чечишет. Биз ойлонуп көрүп, чүкө менен бильярд оюндарынын стилин айкалыштырып, чүкөлөрдү столдун үстүнө алып чыкканы жатабыз. Чүкөдө алчы, таа, бөк жана чик позициялары бар эмеспи. Биз алчынын дагы бир аталышын алып, Айкүр аттуу федерацияны түздүк. Эми мындан ары мурда жерде ойнолгон чүкө оюндарынын бардык түрлөрү бильярдга окшоп стол үстүндө ойнотулмакчы. Оюн салондорунда бардык шарттар түзүлгөндүктөн чүкөгө кызыккандар келип ойногон сайын бара- бара популярдуулугу да артат деген ниеттебиз. Шаардагы бильярд салондоруна жок дегенде бирден айкүр столдорун коёбуз. Келген кишилер биздин кыйыр, үч тапан, калды сыяктуу чүкө оюндарын ойношуп чер жазса деген максат. Оюндун эрежелери столго ылайыкташтырылууда. Мисалы оюн алдындагы саламдашуулар, өзүн алып жүрүү эрежелери кыргыздын улуттук салттарынын негизинде болмокчу. Себеби айкүр ар бир эрежеси, кыймыл- аракеттери кыргыздын маданий баалуулуктарын жана көчмөндөрдүн салттарын камтыган интеллектуалдык, көңүл ачуучу оюн болуп эсептелинет.
– Эмне үчүн улуттук оюндарыбыздын арасынан дал ушул чүкө оюнун тандадыңыздар?
– Чүкө оюнун азыр жалаң эле жаш балдар ойноп, чоңдор арасында популярдуулугу жокко эсе болуп калган. Анын себеби – көчө- көйдө, чаң жерде ойнолгондугунда. Чоң кишилер ысыкта, же суукта көчөдө ойной албайт, курсактуулар эңкейе албайт, классикалык кийим менен улам отура калып, эки жакка басып ойноо мүмкүн эмес. Ошондуктан чүкө оюндары жалаң эле жаш балдарга таандык болуп, чоңдор арасында көп ойнолбой калды. А бирок чүкө оюндарында кызыктуу стол оюндарына таандык бардык өзгөчөлүктөр бар. Анан дагы негизи эле тарыхты карап көрсөк чүкө оюндарынын кыргыз маданиятында аябай олуттуу орду бар. Жерде ойнотуу менен канчалык аракет кылсак да дүйнө жүзүнө таанытуу мүмкүн эмес экен. Анткени чоң кишилердин көпчүлүгү жогоруда айтылган себептерден улам жерде ойногусу келбейт. Эмне үчүн бильярд дүйнөгө тарады? Себеби бул оюн оюнчуларга комфортту түзүп берген. Адамдар кыйналбай, аба ырайына карабастан, каалаган нерсесин жеп- ичип, көп убакыт ойной берет.
– Чүкө оюндарын дүйнөлүк деңгээлге алып чыгабыз деген максатыңар бар экен. Буга кандай аракеттер көрүлүп жатат?
– Алгач пландарды ишке ашыруунун алдында бир топ жолу тестирлөө өткөрдүк. Тайпаларга бөлүнгөн адамдарга жаңыланган эрежелер менен оюндарды ойнотуп көрдүк. Алардын барынын кызыгуусу артып, жакшы пикирлерин айтышты. Бул оюндун келечеги бар экендигин билдирет. Негизи чүкө оюндарынын жыйырмадан ашык түрү бар экен. Биз азырынча 3 түрдү тандап, ошолордун үстүндө иштөөдөбүз. Себеби бардык түрүн бир мезгилде иштеп чыгуу, эрежелерин столго ыңгайлаштыруу көп убакытты талап кылат. Бирок Айкүр федерациясы оюнду толугу менен иштеп чыгат. Ошондой эле 21- сентябрда Бишкек шаарында айкүрдүн бет ачары болот. Ал жерге кыргызга таанымал аттуу- баштуу инсандар, саясатчылар, ишкерлер жана спорт чөйрөсүндөгү инсандар келет. Аларга чүкө оюндарын колдоп, бардык катмардагы адамдардын ойноосуна өбөлгө түзүп, дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу тууралуу маалымат жеткирели деп жатабыз. Элиталык оюн катары таанытуу максатында чүкөлөрдү алтын түскө боёдук. Ошондой эле жакында Казакстанда да Айкүр федерациясы ачып, андан кийин Орусия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө да иш жүргүзүү пландарыбыз бар. Негизиги максатыбыз — дүйнөлүк Айкүр федерациясын ачууга жетишип, чүкө оюндарын дүйнө жүзүнө жайылтуу.
– Айкүр федерациясы расмийлештиби?
– Азыр иш- чаралар мамлекеттик деңгээлге чыкпастан, федерация деңгээлинде гана турат. Бирок буюрса кийинки жылы Мамлекеттик спорт агенттиги менен бирге өлкө чемпионатын өткөрөлү деп турабыз. Буюрса ошол мезгилден баштап расмий түрдө мамлекеттик деңгээлге чыкмакчы. Ошондой эле кийинки жылы өтө турган Манас оюндарынын жана Көчмөндөр оюндарынын программасына киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат.
Азат АКАЕВ, “Де-Факто”, 23.09.2016-ж.