Жумгалдагы бир күмбөздүн сыры

Бул күмбөз Жумгал районунун Чет-Кууганды айылында жайгашкан. Күмбөз турган жерди жергиликтүү эл Ак-Бейит деп коюшат. Анткени, бул күмбөздөн сырткары ал жерде эски көрүстөндөр, коргондор жана мүрзө үстүнө тургузулган башка эстелик белгилер бар.

Чет-Кууганды өзү Жумгал өрөөнүндөгү чакан айылдардын бири. Болгону 30 түтүндөй эл жашайт. Эл отурукташып, айыл түптөлгөнгө чейин эле, Чет-Кууганды суусун бойлоп көчмөн калк чарбачылыкты башынан кечирип келген. Дал ушул сууну өрдөп илгертен көчмөндөр малчылык менен оокат кылып келишкен. Албетте, Чет-Кууганды суусун бойлой жайгашкан эстеликтерди изилдөө өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Бирок, ошол өзөн боюндагы эстелик күмбөз тууралуу сөз кылмакчыбыз. Күмбөз жана анын ичиндеги сырдуу жазуулар тууралуу маалыматты, бизге ардагер Аскаров Кулчоро карыя алып келди. Кулчоро аксакал 1969-жылы Кыргыз айыл чарба институтунун зооветеринардык факультетин аяктагандан кийин Жумгал айылындагы “Өрнөк” колхозунда башкы зоотехник, “Чаек” колхозунда катардагы жана башкы зоотехник кызматтарын аркалап, райондун мал чарбасынын жана экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Учурда ардактуу эс алууда экендигине карабастан, тарыхка кызыгып калмай жайы дагы бар. Чоро карыя айылдан бир топ алыс жайгашкан күмбөз тууралуу биринчи кабарды мындан эки жыл мурда бизге алып келген.

Эми күмбөз тууралуу кеп салсак. Чынында сырткы көрүнүшү боюнча күмбөз XVIII – XIX к.к. Борбордук Теңир-Тоодо тургузулган эстеликтерге абдан окшош. Бирок алардан олуттуу айырмаланбайт. Алсак, Кочкор өрөөнүндөгү Кырк-Чоронун, Ак-Талаадагы Тайлак баатырдын ж.б. күмбөздөрүнө түспөлдөшүп кетет. Аталган күмбөздөрдүн тургузулган мезгили болжол менен XVIII к. экинчи жарымы – XIX к. туура келет. Күмбөздөр жергиликтүү материалды колдонуп, ийленген топурактан куюлган жазы чийки кыш менен салынган. Алардын арасында бышкан кыштан тургузулгандары өтө эле сейрек. Биз алдыда сөз кыла турган күмбөз дагы ошондой эле ыкма менен салынган. Күмбөздүн пайдубалы таштардан кыналган, анын үстүнө чийки кыш коюлуп, маңдайкы дубалды бекемдеп кармап турган оң жак жана сол жак бурч тарабына мунара сымал тирөөчтөр тургузулган. Мандайдан артка кеткен эки каптал дубалдардын кыштары дагы ушул мунарага байланган. Күмбөздүн артынан тартылган сүрөткө караганда, дубалдан жогору карай көтөрүлгөн куполго байламта катары ичке карагайлар ашталып коюлса керек. Кочкордогу кырк чоронун күмбөздөрүндө да ашталып коюлган карагайларды көргөн элек. Демек карагайды аштап коюу, күмбөздү тургузганда дубал менен куполду бири-бирине бекем карматып туруу үчүн колдонулуп келген куруу ыкмаларынан болгон. Албетте, күмбөздүн курулуш-архитектуралык өзгөчөлүктөрүн кенен-чонон изилдөө адистердин иши. Анткени, ал жерде буга окшогон дагы бир чоң күмбөз жана эстелик белгилер сакталып калган. Күмбөздүн ичиндеги жазууларды үчкө бөлүп карасак болот. Бул биринчиден, аны жазган же жаздырган киши жана күмбөз кимге арналып тургузулгандыгы тууралуу кыскача маалыматтар жана экинчиден, күмбөздөгү совет мамлекетин негиздеген Ленин тууралуу жазылган сөздөр, үчүнчүдөн, диний-насаат сөздөрү. Жазууда жолбашчы Ленин менен диндин катар коюлушу, албетте, кызыктуу. Бизге белгилүү болгондой, совет бийлиги орногондон тартып эле, большевиктер атеизм саясатын жүргүзүшкөн. Демек, бул күмбөз атеизм саясаты күчөп турган чакта тургузулгандыгына байланыштуу (1926-1927-ж.) этияттык үчүн бир жагынан Ленинге байланыштуу текст киргизилиши мүмкүн жана экинчи жагы, жазылган сөздөргө караганда эстеликти кургандар совет бийлигине эч кандай жагынуучулук кылбастан эле жолбашчыга болгон элдин сүймөнчүлүгүн ачык билдиргендигин баамдайбыз. Анткени, Ленин башында турган совет бийлиги гана 1916-жылкы көтөрүлүштөн кийинки оор кыйынчылыктарды башынан кечирип жок болуп кетүү коркунучуна дуушар болгон кыргыз элинин саясий экономикалык жана маданий баш кошуп биригиши үчүн чукул мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды ишке ашырып жаткандыгын эл жакшы түшүнгөн.

Темиркул АСАНОВ, тарых илимдеринин кандидаты, доцент,
«Кыргыз туусу», 26.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.