Зинакан Пасаңова. “Билерик”

(аңгеме)

Жаңыдан супа сала баштаган жайкы таң айылдын чок ортосунда жайгашкан бак-шактуу үйдө ый менен башталды. Ушул үйдө бүт өмүрүн өткөрүп келген Айымпаша бүгүн түнү сексен эки жашында көз жумду. Короонун кең ачылган темир дарбазасынын сыртында тизилишип турушкан эркектер байбиченин уулдары, инилери, кайнилери эле. Ар бири жаңы ак калпак, чапан кийишип, белдерин шайы кур менен курчанышкан. Колдорунда жаңы бет аарчы, аны менен көздөрүн басышып, киши келген сайын «Энем ой!» деп өкүрүп жатышты

Айымпашанын кыздары, сиңдилери, келиндери да ого эле көп болгондуктан маркумдун сөөгү жаткан боз үйдүн төрүндө эки-үч катар жайланышып зорго батышты. Алар да жаңы сарпай кийишип, баштарына чоң жоолукту арта салынышып, омоктуу олтурушуп, үнүн жасап ыйлап, эл көзүнө сөөлөттүү көрүнүүгө милдеттүү. Көңүл айтканы келишкендер кошоктун сөздөрүнө, мукамдуулугуно кулак төшөшүп, өз баасын берип кетишет. Бул күнү сөөк чыгарган үйдүн каржылык дарамети, ынтымагы, нарк-насили элдин сынынан өтөт.

Байбиченин кенже кызы Жазгүл суук кабарды түндө телефондон угаары менен жолго чыкса да таңга маал зорго жетип келди. Ал эже, таежелеринин катарында эң акыркысы болуп олтуруп, келгенден бери өксөгөн ыйын баса элек. Бул биринчи жолу башына түшкөн оор кайгы эле. Башына салынган жашыл гүлдүү чоң жоолугу, үстүнө кийген жаңы көк көйнөгү да апасын жоктотуп, жүрөгүн туз куйгандай ачыштырат.

Жазгүл жана анын эжелери, таежелери азага кийишкен көйнөктөр менен жоолуктарды Айымпаша байбиче сандыгында көп жылдан бери жыйнап келаткан. Алыс-жуукта жашашкан кыздары анда-санда бир келишкен сайын бокчосун ачып, өзүнүн өлүмтүгүнө деп чогулткан сарпайын көрсөтүүнү унутчу эмес.

Бокчодо сакталган ар бир буюмдун атаган ээси бар эле. «Бул көйнөктү мен өлгөндө сен киесин, муну таежеңерге бересинер, муну болсо чоң келиниме, бул абысыныма», – деп кымбат баалуу кездемелердин оромдорун, ага кошуп жоолуктарды бир-бирден көрсөтүп чыкчу. А түгүл алмаштырып алышпасын деген ойдо, кимге атаса, ошонун ысмын кагазга жазып, ичине кошо бүктөп койчу. Алардан тышкары уулдарына атагандары, батага келгендерге себетке деп жыйнаган шуру, күзгү, атыр-упа, чай пиала, аш кеселер, шайы жана пахта кездемеден жасалган белбоо, бет аарчы сыяктуу майда-чүйдө буюмдар да бир чоң баштык толо эле. Жаназа окуган молдого берилүүчү жайнамаз менен акча эң үстүндө турчу.

«Бул менин себим. Кемпир өлгөндө баары бокчосунан чыкпаса эл сөз кылат», – дечү кыздарынын кулагына куя сүйлөп

Байбиченин уул-кыздары эненин керез-мурасын уга беришип бышы кулак болуп калышса да анын бир кымбат буюму гана кимге тиерин эч ким билчү эмес. Анын билегинде жаркылдап турчу нукура ак күмүштөн жасалган тоголок билерикти кимге ыроолорун өзү айтпагандан кийин суроого батынышкан да жок. Алар бала чактан бери апасы билеригин бир да жолу колунан чечкенин көрүшпөптүр.

Айымпашаны күйөөгө узатаарда атасы бир төөсүн Анжиянга айдап барып пулдап, өзбек зергерлеринен күмүш сөйкө, шакек, билерик, шуру сыяктуу жасалгаларды сатып келген экен. Атанын бул белегин Айымпаша өмүрүнүн аягына чейин бапестеп жоготпой жана чечпестен тагынып өттү. Айрыкча толмоч билегине куюп койгондой жарашкан күмүш билерик көргөн көздү арбап турчу. Ага чегилген ашемдүү майда кештелер узак мезгилге сүрүлүп өчүңкү тартканы жана ажыдаардын башы кейптенип кайкалай жасалган эки учу бул буюмдун кымбат баалуулугун билдирет. Кулагындагы селкилдеген «сандыкча» күмүш сөйкөсү, көйнөгүнүн тик жакасын төөнөгөн күмүш тогоосу, колундагы билериги апасынын ажарын ачкан буюмдар эле. Мындай илгерки азем зергер жасалгалар айылдагы нарктуу байбичелерде да чанда гана учурайт.

Кичинесинен эле сөйкө-шуруга жакын чыккан Жазгүл апасынын билеригине бала кезден ашык. Кызынын сонуркоосун байкаган эне да: «Мен өлгөндө сен аласың», – деп коюучу. Бой жетип, алтын десе алтын, күмүш десе күмүш сөйкө шакектерди кош-коштоп тагына баштаса деле апасынын убадасы көңүлүнөн чыкпай жүрчү. Бирок, билерикке эгедер болуучу күнду күткөн да эмес, ким эле ата-энесин өлүмгө ыраа көрсүн.

Билерик жөнүндө сөздү апасы өзү козгоду. Акыркы жылдары тез-тез эле сыркоолоп жүрчү Айымпаша байбиче алыс-жуукта жүрүшкөн уул-кыздары чогулуп келип калышкан күндөрдүн биринде колундагы билерикти кармалап, анан Жазгүлгө күтүүсүз кайрылды: “Ушуну мен өлгөндө сен ал деп жүрчү элем. Өлүм айттырбай келет, азыр эле чыгарып ал”.

Жазгүл сүйүнгөнүнөн “мейли” деп ашыга айтып, башын ийкегилеп да жиберди. Апасынын көңүлү үчүн: “Коюңузчу? Албайм-этпейм эле. “Өлөм” деген каяктагы сөздү айтасыз да? Биздин бешенебизге узак жашаңыз. Күнү-күчүбүздү көрүңүз”,— дегенге шаасы да жеткен жок. Абийирдин бул үнүн бала кезден эңсеп жүргөн буюмга ээ болуу кубанычы басып койду. Эки колу билерикти көздөй кантип сунулганын да байкаган жок.

— Сен чыгара албайсың. Учтары катуу. Ме, сен чыгарып, колуна салып бер, – деп эне чоң уулуна колун сунду.

Агасы билерикти апасынын колунан сууруп алууга дити барбагандай козголгон жок. Башкалары да ооздорунан сөздөрү түшкөндөй жер тиктей тунжурашат. Өмүр бою билегинен түшүрбөгөн азем буюмун көзү тирүүсүндө эле кызына тапшырып жатканына ичтери ачышкандай.

Эненин экинчи жолку буйругунан кийин гана агасы билериктин эки учун күч менен жазып сууруп алды. Андан кийин аны Жазгүлдүн колуна кийгизип туруп, кайра эки учун капшыра бириктирип койду. Күмүштүн муздак, оор салмагын өз билегинен сезгенде келиндин бала кезден энсөөсү канып жыргай түштү. Кубанычы койнуна батпай, ага-жеңелерин, эжелерин жаадырай тиктеди эле, алардын кабактары салыңкы экен. Көрөйүн деген көздөрү да жоктой. «Ичтери күйүп жатат», – деп ойлогон Жазгүл ага этибар деле берген жок. «Ушул кызыңызды эле жакшы көрө бересиз?», – дешип кичине кездеринде ага көп атаандашышчу. Кызынын сезимине дагы да эне ортоктош болду. Билерикке кошуп ак пейлинен батасын берип, узун өмүр менен бактысын тиледи.

Эки күндөн кийин апасы: «Меники өлө турган кесел эмес, балам. Үйүңө барып, тиричилигиңди кыл», – деп берчүсүн бууп-түйүп, Жазгүлдү жолго салды.

Таксиде баратып келиндин эрмеги билерик болду. Жанында олтурушкан сапарлаштарга байкатпай уурдана тиктеп, кумары кангыдай эмес. Али аялдык баралына жете элек Жазгүлдүн билегине кеңирээк келген күмүш билерик ары-бери жылып, муздак жана оор салмагы менен көңүлүн кошо кытыгылайт. Аны менен кошо апасынын ажары, деми, жылуулугу өзүнө кошо өткөндөй башкача бир жылуу сезимге балкып келатты.

Апасынын көзү өткөнү жөнүндө суук кабар Жазгүлдүн артынан кошо жетти. Күтүүсүз кайгыга эсеңгиреген келин эң биринчи колундагы билерикти чапчыды. Муздак күмүш алаканын кызыл чоктой күйгүзүп жибергенсиди. Жоон билериктин карышкан эки учун кантип жазып жибергенин да билбейт. Колунан сууруп алып, дубалга күч менен бир урду да, боздоп-боздоп ыйлады. Энеден ажыраган күйүтүнө кошул-ташыл ага өзү себепкер болгондон бетер кечиримсиз күнөөсүнө жүрөгү канады.

Көзүнүн тирүүсүндө эле колунан билеригин чыгарып алганы жакшы жышаан эмес эле. Кыз кезинен колунан түшүрбөгөн аздектүү буюмунан ажыраганда апасынын көңүлү бошоп, алдан тая түштү бекен? Беш көкүл бийкеч курагын, жигит сүйгөн жаштыгын, бала жыттуу келин доорун, очор-бачар аялдык бактысын, байбичелик ооматын коштоп келаткан жан шерик билеригинен ажыроо эненин үлпүлдөп турган өмүрүн “жалп” өчүрдүбү? Ушундай армандуу өкүнүч Жазгүлдүн күйүтүн ансайын күч кылды.

Эненин сөөгүн сууга алышардын алдында жымжырт боло түшкөн көпчүлүктөн бирөө эс болуп: “Жазгүлдү үстүнө киргизгиле. Коштошуп калсын. Ушул кызын башкача жакшы көрчү эле. Өзү да аябай күйүп жатат, бечара…”, – деп жаны ачый айтты. Ыйлай берип алдан тайган келинди эки аял жөлөп-таяшып мүрдө жаткан көшөгөгө алып киришти.

Бул учур Жазгүлдүн жүрөгүнө өмүр бою унутулгус болуп терең батып калды. Көзү тирүүсүндө карааны тоодой көрүнчү апасынын денеси секелек кыздыкындай чакан тартып, пендечиликке өз эрки менен моюн сунгандай керилип жатат. Боздогон келин эми энесинен түбөлүккө ажыраганына ишенбей, анын жансыз денесине боюн уруп жатты. Бирок, каруусунан былкылдатпай кармаган колдордон бошоно алган жок.

— Апа-а!!! Кечир мени, угуп жатасызбы?! – деп чыңырды Жазгүл сыздаган үнү наркы дүйнөгө жеткидей болуп. “Мен ыраазы, кызым! Мен бардыгына миң мертебе ыраазымын…” дегенсип көшүлөт эненин жүзү бир башкача тынч алып.

 

***

Ошол азалуу күндөн бери бир нече жыл өттү. Жазгүл кийин-соңгу билерикти бир да жолу колуна тагынган жок. Апасынан өзүнө мураска калган дагы бир буюм – арча сандыктын түбүнө ак жоолукка ороп катып койгон. Бул жоолук да энеге таандык эле. Көз жумгандан кийин мүрзөгө алып кеткиче жүзү ушул жоолук менен жабылып турган. Кез-кез апасына кусаланганда жоолук менен билерикти алып чыгат да аларды көзү тойбой көпкө тиктеп, кармалап, жытын искеп, кусалыгын жазат. Түтөгөндөй капкара коңгуроо чачтары жоолугунун чеке-белинен ээ-жаа бербей чыгып турчу апасынын ажардуу жүзү, бала үчүн жүрөгүн төшөгөн мээрими, уккулуктуу үнү элестейт.

Өткөн-кеткенди эстеп, көңүлдүн бөксөсүн толтуруп олтурган ошондой күндөрдүн биринде беш жашар кызы жанына айланчыктап:

— Тайенемдин билеригиби? Мага берчи? – деди апасына жалоооруй тиктеп. Жазгүл аргасыз күлүп жиберди. «Кыздын көзү кызылда» деп кайсыл бир даанышман таамай айткан экен.

— Сага тагынууга али эрте.

— Аний, мына мага чапчак экен. Карасаң! – деп, билерикти чийдей билегине салганга шашылган кызы моюн толгоп.

— Аны мен өлгөндө аласың, – Жазгүл бул сөз оозунан кантип чыкканын өзү да байкабай калды.

— Качан өлөсүз?

Кызынын балалык каалоосунун күчү айттырган бул сөзүн көңүлүнө деле алган жок.

Бирок өзүн өмүрдүн жаңы чегин аттаганын туйду. Билериктин жаңы мураскору чоңоюп келатыптыр. Тирүүлүктүн учугу ушинтип улана берет тура.

Качандыр өмүр-дүйнөнүн дагы бир эшигин ачарын ойлоду Жазгүл. Ошондо ал ушуга чейин ак жоолукка аярлап ороп, арча сандыктын түпкүрүнө бекемдеп катып жүргөн эне мурасы – күмүш билерикти алып чыгат да кызына сунат:

— Бул сеники!

Бул сөздү айттыруучу кудурет-күч балдарын жанындай сүйгөн мээрбан энеде гана болот.

 

zinakanЗинакан Пасаңованы башка чыгармаларын бул жерден таба аласыздар.
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.