Анна Ахматованын “Реквием” поэмасын Шайлообек Дүйшеев кыргызчалады

Кыргыз адабиятында биринчи жолу!

ЫРАКМАТ!

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев Анна Ахматованын “Реквием” поэмасын кыргызчага которуп бүткөнүн угуп, аябай сүйүнүп олтурам. Бул иш улуу акындын белгилүү саптарын которуудан башталып, анан киришкен ишин аягына чыкмайын жаны тынбаган дулдул Шакем татаал чыгарманы баса олтуруп которуп салды. Билгенге бул пил көтөргүс опол тоо эмгек. Анна Ахматованын акындык өнөрүнүн Кан-Теңир чокусундай алыстан көрүнүп турган, жаралашы кечээки тарых—акындын совет кезиндеги татаал, трагедиялуу турмушунан сызылып чыккан, жеке кайгы-касиретин доордун добушуна айлантып, көп катмарлуу, көп маанилүү, окуган адамдын ой-сезимин зылдай басып, өткөндү, учурду, келечекти кенен ойлонтуп салган чыгарма жаратып салган. Акындын кайгысы, трагедиясы аягында келип замандын ыйы, доордун азабы катары чыгат. Шакем ушул 196 саптын ичине камтылган татаал ойлорго чүмкүп, ар бир сөздүн түбүнө түнөп, анда айтылгандарды өзүнө жакын кабыл алып, “Реквиемге” күйүп-бышып, эмнеликтен адамдар бирин бири жок кылып, бирин бири кыйнап, канбайрамды салышат суроосуна башын оорутуп, кыйлага чүнчүдү. Кандайынан келгенде да кыргыз тилинин мындай улуу классикаларга “тиши” өтпөйт, мындайларга алы жетпейт деп бышкырык аткандарды таза мыш кылып, “Реквиемдин” кыргыз кыртышына өнүп, эне тилибизде эркин сүйлөп чыгышына опсуз мээнет сарптаган Шайлообек акынга ыракмат!

Бекташ ШАМШИЕВ,
филология илимдеринин кандидаты

______________

Анна АХМАТОВА

РЕКВИЕМ

(1935—1940)

Оронбодум алтын, күмүш, шайыга,
Оор кезеңде ооздук менен суу ичтим.
Элим менен бирге болдум дайыма,
Эл уу ичсе мен да кошо уу ичтим.
1961

КИРИШ СӨЗ ОРДУНА

Ежовщинанын каардуу жылдарында мен он жети ай бою Ленинграддын түрмөлөрүндө кезекте тургам. Ошондой күндөрдүн биринде кимдир бирөө мени бүшүркөп тааныды. Арт жагымда турган, ээриндери көгөрүп чыккан аял, албетте менин атымды өмүрүндө укпаса дагы, уйкудан ойгонуп кеткенсип серпилди да кулагыма акырын шыбырап (ал кезде баары эле шыбырап сүйлөп калышкан):

– А сиз ушуларды жаза аласызбы?-деп сурады.

Мен:

– Жаза алам, – дедим.

Ошондо, ал аялдын, ага дейре такыр эле күлкү жолобой качып калган жүзүндөкжылмаюуга окшогон бир нерсе пайда боло түштү.

1957-жыл, 1-апрель.
Ленинград.

 

АРНОО

О, кудай-ай, мындай тозок кайда бар?
Бул азаптан тоо бүктөлүп, токтоп калды дайралар.
Түрмөлөрдүн бирок бекем эшиги,
А аржактан тиктейт көрдүн тешиги.
Ким бирөөнүн шамал сылап жүзүнөн,
Ким бирөөнүн түгөнүүдө кешиги.
Биз баарыбыз тагдырлашпыз, азган-тозгон арыган,
Солдаттардын зыл ташындай кадамы,
Каалгалардын кайчылдаган үнү ачкыч кажыган.
Кутпа жайлар көркоолукка көнүккөн,
Кудурет да, Кудай дагы жөнүккөн.
Купкуу болгон шаардын илкип карааны
Аттап жылат жансыз жаткан өлүктөн.

Күн чүмкөнүп, Нева туман, думугат,
Курган үмүт өчпөйт дале көңүлдөн.
Өкүм… Дароо көз жаш куюлат,
Түрмөдөн да, дүйнөдөн да бөлүнгөн.
Бүт жашоону жүрөктөрдөн суургандай,
Таштандыга таштаганы тургандай,
Келет араң… Эптеп бузбай ыргагын,
Кайда менин курбуларым, курганым,
Кайда менин жинди болгон жылдарым?
Не болду экен ызгаарында Сибирдин,
Айды тыткан бороонунда иңирдин,
«Кошкула!» деп айткан соңку сөздөрүм,
Колуңарга тийер экен кимиңдин?
Март 1940.

 

КИРИШҮҮ

Болгон, болгон, кандын жыты малаңдап,
Ленинградда, түрмөлөрдүн ичинде.
Дарга асуучу жип-шуулары салаңдап,
Өлүктөрдүн куунап-жыргап жүзүндө.
Соолор такыр акыл-эстен айныган,
Соттолгону солбуп келип токтогон.
Коштошуунун чолок ырын каңгыган,
Паровоздун кыйкырыгы коштогон.
Так төбөмдө ажал турган жымыңдап,
Эч айыпсыз өчүп Русь, өчүп Күн,
Эч айыпсыз тепселүүдө кайгым да
Канды кечкен таманында өтүктүн,
Ыйды кечкен дөңгөлөктүн алдында.

I

Апкетишти үйдөн сени таңга жуук,
Таштандыны апкеткендей андагы.
Караңгыда балдар көзүн канга жууп,
Калч-калч этип колдон түштү шам дагы.
Унутулбайт! Унутулбайт эч качан!
Чекеңдеги муздак тери ажалдын,
Эрдиңдеги сууктун ызгаар илеби.
Жалгыз уулу, жан эринен ажырап,
Жолун тосуп асмандагы Кудайдын,
Кремлди тиктеп алып улуп турган аялдардын иреңи.
1935. Күз. Москва

II

Агат жымжырт Тынч Дон күндөгү,
Ай сапсары биздин үйдөгү.
Шапкеси шаңсыз кыйшайган,
Шайы кетип, алсыз кыйкайган.
Сары санаа жеген, соолуткан,
Ушул аял жалгыз, оорукчан.
Эри көрдө, уулу түрмөдө,
Эч жан жоктур мындай дүйнөдө.
Маңги кылган маңыз түн күбө,
Мага дуба кыла жүргүлө.

III

Жок, мен эмес, андан алысмын,
Мен антелбайм, айтпа аларды.
Чүпүрөктөп, чүмкөп салышсын,
Апкетишсин Түндү, Фонарды.

IV

Энчилеткен эмес эч бирин,
Эркеси эле үйдүн, короонун.
Царскселолук шайыр селкинин
Ким билиптир мындай болорун—
Киргизалбай тамак-ашыңды,
Кресттеги ыйлуу катыңды.
Жаңы жылдын төктүң музуна
Көзүңдөгү ысык жашыңды.
Түрмөлөрдө улам жыгылып,
Түнү бою ажал кыдырып.
Үнсүз-сөзсүз, кылдай күнөөсүз,
Канча өмүрлөр жатты кыйылып…
1938

V

Он жети ай мени сенделттиң,
Оорумсуң, оюм, санаамсың.
Бутун да өптүм желдеттин,
Баламсың балам, балаамсың.
Түрүүлөй басты жин-арам,
Түйүнүн турам чечелбай.
Кимиси жырткыч, ким адам,
Өлүмдү күттүм кетелбай.
Чиркөөдөн чыккан үндөрдүн,
Түтүндүү изи түндөрдүн
Кайдадыр каңгып агылат.
Карегин менден албастан,
Жакында болчу кырсыктын
Жылдызы көзгө чагылат.
1939

VI

Апталар жеңил өтүүдө.
Түшүнбөйм, эмне болгонун,
Түрмөдө, сенде– ойлорум.
Агыш түн дагы кириптир,
Акырын басып жүрүптүр.
Шумкардын оттуу көзүнөн,
Өзүңдү көрүп каралдым,
Өлүмдү уктум сөзүнөн.
1939. Жаз

VII

ӨКҮМ

Кулагым угар сөз эле,
Антээрин билгем булардын.
Кулады таштай өзү эле,
Мен бейбак дагы чыдармын.

Ансыз да ишим чачтан көп,
Ак уруп азап тартпайын.
Жалаасын камдап жаткан көп,
Жашоомду кайра баштайын.

Чын эле… Күздүн табыбы,
Ээлентти көңүл кушумду.
Ээн үйдө Күндүн жарыгы,
Мен күткөн майрам ушулбу?
1939. Күз. Фонтандуу Үй.

VIII

ӨЛҮМГӨ

Сен баары бир келмек элең—неге бүгүн кечиктиң?
Айтчы күткөн оңой бекен өлүмдү?
Шамды өчүрүп, ачып койдум эшикти,
Келиш сага кеп эмес го кенедей,
Кандай келсең дал ошондой кенебей,
Жардырып кел снарядың ууланган,
Же баш кесер бандит болуп келе бер,
Же жомок бол каалагандай кууланган–
Жанды оозума тиштеп жатып өлөйүн,
Сандалдагы саман өңү саргарган,
Саткындардын кебетесин көрөйүн.
Маган эми баары бир,
Түндүк Уюл жылдызынын жарыгы,
Енисейдин селдеп-ташып акканы.
Ашыктардын арзуусунун жалыны,
Ажал келип каректерин жапканы.
19-август 1939.
Фонтандуу Үй

IX

Акылды каптап тунарык,
Жанымдын жармы бөгөлдү.
Шарапка тынбай сугарып,
Мас кылып жатты өрөөндү.

Түшүнүп турам мен аган,
Жеңилип бериш керегин.
Өзүмдү угам деле анан,
Башкага келет жөнөгүм.

Толтургум келип кемтемди,
Жалбартсам дагы көзүмдү.
Алдыртпай эч бир нерсемди,
Апкетти жалгыз өзүмдү.

Азаптан жаны таш болгон,
Уулумдун көзү каар элес.
Добул да эмес, жаан эмес,
Жолуга турган маал эмес.

X

БАТАЛГА

                                  не рыдай Мене, Мати,
                                  во гробе зрящия

1

Периштелер куунап-жыргайт, кубанат,
Асманды отко жагып жатат будалап.
Аласалып, аяк-башы көрүнбөй,
Алай-дүлөй, акыр заман, кыямат.

2

Крест дагы, Ай да Жиндин күчүндө,
Чиркөөлөр да, Мечиттер да түтүндө.
Жер жалындап, ээрип, түгөп, аз-аздан
Жексен болуп бара жатты бүтүндөй.

ЭПИЛОГ

1

Өмүр көрдүм күлдөй күбүп, тагдыр айдап экчелген,
Үрөй учкан коркунучту шыбырашкан кептерден.
Клинопистин барактарын таш чополуу дептерден,
Кыйноолордун бырыштарын азап тарткан беттерден.
Кышка жетпей кыроо баскан кара-күрөң чачтардан,
Маркумдардын эрининен өлөрүндө жылмайып,
Күлгөндөн да коркуп жатып кургаарына аз калган.
Дуба кылдым жалгыз эле өзүмө эмес, дагы да,
Мени менен күнү бою тургандардын баарына.
Бурганактуу аязда да, жайдын кайнак күнүндө,
Түрмөлөрдүн кызгылт, дүлөй дубалынын түбүндө.

2

Кирип келди аза күтүү сааты санап биерди,
Көрүп турам, угуп турам, сезип турам силерди:
Калт-калт этип терезеге араң жеткен сени да,
Кара жерге кепини жок жалаң кеткен сени да,
Сени дагы, күч-кубатты берсе экен деп түрүңө,
Айттым эле: “Күндө келем, келген өңдүү үйүмө!”
Баарыңарды атайт элем атыңардан кез келген,
Жок кылыптыр тизмеңерди, табалбадым эч жерден.
Шейит кеткен баарыңарга берсин орун жаннаттан,
Кудай эми төрүңөрдү бейиш кылсын ал жактан.
Мен силерди эстейм дайым, өлүм мени жеңсе да,
Мен силерди унутпаймын, тозок кайра келсе да.
Сөзсүз менин оозумду жаап, сүйлөтүшпөйт, тыйышат,
Так ошондо жүз миллион эл кыйкырып чыгышат.
Алар дагы башкалардай мени дагы эстешсин,
Келген адам өлгөн күнү бүгүн тура деп кетсин.
Качандыр бир бул өлкөдө ким бирөөлөр эскерип,
Койсокпу деп ойлонушар мага балким эстелик.
Коло менен тургузчулар же чекчүлөр таш менен,
Макулдугум берет элем мына мындай шарт менен:
Койбогула, мен төрөлгөн, көк деңиздин жанына:
Кол үзгөмүн мен деңизден, көргөзбөгүн аны маа.
Дагы болбойт сейил курган бакка алпарып бөлөсөң,
Мени ал жерден таппай жүрөт издеп курган көлөкөм.
А мында мен үч жүз сааттап шордуулардын кешигин,
Алып келип күткөндө да ачкан эмес бирөө чыгып эшигин.
Коркушсун деп кыйноолордон жаны оозуна көрүнгөн,
Коркушсун деп колдоруна колгап кийген өлүмдөн.
Унутсун деп, каны жерге агып жаткан жемпирдин,
Ок жаңылган жырткычка окшоп улуганын кемпирдин.
Мейли анда, кылымдарга кыймылдабас коло эстелик өң берсин,
Карлар эрип аккан кези аялдардын аккан жашы өңдөнсүн.
Түрмөлөрдөн учуп чыксын көгүчкөндөр алыстай,
Нева менен сүзүп жүрсүн кеме, тыптынч, камыкпай.

1940, март
Фонтандуу Үй

Кыргызчага которгон Шайлообек ДҮЙШЕЕВ,
14-октябрь, 2019-жыл,
Таш-Дөбө айылы.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.