Адабий сынак, №38, ыр
Ала-Тоонун артынан…
Амансыңбы мекеним, жарык калаам,
Сагындыңбы? Жакында барып калам…
Санаа тартып өңүңдөн азып кетпе,
Сагыныч бул дарт эле айыкпаган…
Теңир берген… карабай “жаратыма”,
“Темир куштун” жармашып канатына….
Кош дегенге тил келбей… Каалгып келип,
Конгом тооңдой үйлөрдүн арасына.
Темир кушту минчүмүн… көргөм учуп…
…Темингенде көк асман көздөн учуп…
Булуттарың бутума жармашкансып,
Узатышып бир боорум өңдөнүшүп.
Табы келип очоктун апам жаккан,
Тарткансыды жармашып жакам жактан…
Көк асманга сүңгүчө көөдөн муунуп,
Көз албадым дөбөдөн атам жаткан.
Алты күндүк ат басым баспаганга,
Айлап, жылдап ашуу, бел ашпаганга.
Алай-дүлөй… ден дароо боло түштүм,
Ала-Тооңдон алыстай баштаганда.
Ал ансайын калдаңдап темир канат,
Алып учуп… дил канап, көңүл канап…
Сулуулана баштадың улам сайын,
Улам алыс мен узап, өзүң карап.
Аска-зооңдон жашырып ырайымды,
Адырыңа көрсөтпөй муңаюумду…
Эчен жашап… көрдүм го эми гана,
Эч бир сулуу теңелбес чырайыңды.
Сулуу жандар – жанымдын дарты эле да,
Сүйүү – ошол жаранын карты эле да…
Анык сулуу, чын сүйүү көрбөй жүргөн
Менин ошол “сезимим” калп эле го?
Темир кушту “тереңим” жерип турду,
Тереңимди теңирим жеңип турду…
Куш пирине кубулуп… темир кушту
Бир тээп жерге кондургум келип турду…
…Конуп жерге көлү көп, камышы көп,
Көрдүм жерди чыгышы, батышы жок.
Кумурскадай жык толгон түркүн эли,
Кутучада жаткансып катышы жок.
Ооба, кооз жер… карагай, кайыңы көп,
Тоосуз… бирок, жайкалган жайыгы көп.
Ашыктыгым арттырып көрдүм… бирок,
Сага болгон сүйүүнүн дайыны жок.
Түшкө кирсе шыбагы жондоруңдун,
Түтөп кирем чачырап ойлорум миң…
“Көк түтүндү” көкүрөк көтөрө албай
Көздөн учат боз чаңы жолдоруңдун.
Төрсүз экен… а сенин төрүң кенен,
Өрсүз экен… а сенин өрүң белен…
Сеникиндей күн, айды көрдүм, бирок..
Бир күн чыкса жети күн көрүнбөгөн.
Барам кайра, тура тур тыным алып,
Баягыдай кытмырлуу күлүп алып…
Айтпай кеткем… дагы айтпай жетип барам,
Каркыра же, турнаны минип алып…
Салам айлым, мекеним, жарык калаам,
Сагынбай тур, жакында барып калам…