Жыргалбек Касаболот: Деңиз/ Стамбулда жазылган ырлар
Эжеси Жибек жана карындашы менен.
Стамбул
Сен өзү кызык шаарсың,
Көп киши көлөкөңдө тердеп жүргөн,
Көрсөм деп далайлары дегдеп жүргөн,
Байыркы гректерден
Азыркы арабдарга чейин келип
Ар кандай арбын улут жердеп жүргөн,
Истанбул… Царьград… Византия…
Абалкы Азияны
Эзелки Европага теңдештирген,
Түндүгүң ээлеймин деп түртүшкөнүн
“Түбү бир динсиңер!” деп элдештирген.
Жатасың албан түркүн эл кучактап,
Жардылар жер кучактап,
Төрөлөр сыйлуу жакта төр кучактап.
Үнөмүң андан кызык
Үй салган дөңдөрүңө дөңдү чаптап.
Көкөлөйт тардыгынан,
Көөнөргөн көчөлөрүң өр кучактап.
Дегеле кенебейсиң анда деле,
Деңизден куюп алып көл кучактап.
Жандырмак сырын катып,
Жайнашат мечиттериң
Жайма-жай жалаң гана көр кучактап.
Сен чакан кийимдейсиң
Селкилер көркөмү үчүн кысып кийген.
Таштарың үшүйт кышта
Талыкшып жайы бою ысып күйгөн.
Эзелки табышмактай
Элиң бар жашоону да кызык сүйгөн.
Эки саат бир чай менен маектешет
Эркектер эркелетип мышык сүйгөн.
Илебиң сырдуу сенин
Илгерки калып жаткан,
Иттери көлөкөдө талып жаткан,
Эртеңге умтулганы жапжаш туруп
Эскиси үбөлөнүп карып жаткан,
Кармаса балык саткан,
Кааласа чарык саткан,
Өзгөчө базарсың сен
Өмүрдөн башкасын бүт алып саткан.
Көзүмө кайда болсо урунганың –
Көп сүйлөп, көп иштеген кулундарың.
Көмкөргөн кайыктардын тумшугундай
Көрөмүн адегенде мурундарын.
Жашайсың жамап-жаскап,
Жаңыга эскисинин жулунганын.
Байыркы Лабиринттей
Башымды адаштырат булуңдарың.
Жандуусуң тынымы жок
Күндүзү күн куйкалап жарык тийген,
Түнкүсүн түмөн оттор жанып-күйгөн,
Айтылуу акындардай
Аялды акыл-эстен танып сүйгөн,
Жээгиңде, көпүрөңдө
Тирүүлүк шыбагасын күтүп турат
Тизилген ышкыбоздор балык сүйгөн.
Ак халат врачтайсың.
Адамдар агат сага,
Айыгам деген жарык үмүт кирген.
Өзгөчө калаасың сен,
Өлкөсү кубаласа
Өз элин жеген далай сүлүк кирген,
Өзүңдөн канча киши ыйлап чыкса
Өнтөлөп ошончосу күлүп кирген,
Ээлери жаңырса эле
Эскисин сүрүп кирген,
Айлампа иримсиң сен
Кудайдан жөө качканды
Кудайга жөө барганга бириктирген.
Көчөңдү көчөлөшүп,
“Көрдүңбү кечээ?” дешип,
Байбичем экөөбүз да
Байкалбай өткөн кезди эселешип,
Эми биз баратабыз,
“Эл көрсө эмне дейт?” деп тартынбастан
Элүүдөн ашкан кезде жетелешип.
Бурчуңда таң атканын,
Бул дүйнө шар акканын,
Булуттай өмүр өтүп баратканын,
Билсин деп бир өзүңө жиберди окшойт,
Билгени болсо керек Жаратканым.
Жээгиңде жүргөн сайын
Жуулуп, тегизделип,
Жумуртка сыяктанган
Жумуру таштай болуп барат жаным…
Жыргалбек Касаболот
(Стамбул, 02/06/2022)
***
Иңир
Булуттай көктө асылып
Бул дүйнө менен бет маңдай,
Ээнсиреп турат көңүлүм
Эңсөө жок болуп эч кандай.
Оргуштап агып чыкчу эле
Ойлорго боюм түт келбей.
Аңгырап турат акылым
Айтылчу сөзүм бүткөндөй.
Аркысы дагы, беркиси
Акыйкат дешет элеги.
Адамга жарык бербесе
Аныңдын кимге кереги?
Келечек таңда көрүнөөр.
Келатат кирип кеч деле.
Күн сырын билген улуулар
“Күүгүмдө жатпа!” дешчү эле.
Өмүрдүн бийик чокусу,
Өлүмдүн жайык тегизи.
Башына дагы, соңуна
Байланбай турам, негизи.
Чырмалган далай түйүндүн
Чыгарбай татаал эсебин,
Туйлабай тынчып жүрөгүм
Тунжурап калган кезегим.
Жыргалбек Касаболот
(23/05/2022, Стамбул)
Сүрөттө – эски ун фабрикасынын калдыгы, Үскүдар району, Стамбул шаары.
***
Деңиз
(II)
Кайык толуп канча түмөн эл жүргөн,
Калкыйт жүзүң карегимде телмирген.
Быша берип бырыш түшкөн жемиштей
Былтыркыдан башкачараак келдим мен.
Эстутумдун жарык бурчун жай кылып,
Эт жүрөктүн толтосунан айрылып,
Ээн-эркин жээгиң бойлоп бир баскан
Эжем сага келбей калды кайрылып.
Эңгиретип акыл менен эсимди,
Элестетип кеме минген кезимди,
Таманымдан тиреп турган кара жер
Таянычсыз толкунуңдай сезилди.
Келет, кетет, түнөрөт да жаркылдайт,
“Кечээ көргөн бүгүн жок” деп шарпылдайт.
Оп тартканда орду-түбүн билгизбей
Оомал-төкмөл дүйнө гана калкылдайт.
Таптаза элем таң кылайып атканда,
Талыкшыдым күн кызарып батканда.
Мезгил шарты бир тараптуу билеттей –
Мен көргөн жээк башка болот кайтканда.
Жыргалбек Касаболот
(Стамбул, 28/04/2022)
***
Акыйкат
Билими жок көңдөй көрүп башымды,
Билип-билбей ыргытсаң да ташыңды,
Кээ бириңдин аяп турам көөнүңдү,
Кээ бириңдин сыйлап турам жашыңды.
Алакам бар, көбүң менен ширелген,
Амалы көп, да бирөөсү чиренген.
Бирок мага акыйкаттын жарыгы
Бийик турат кантсе дагы силерден.
Түшөм десең – жалган үчүн тор мына,
Түтөм десең – жатат нечен жол мына.
Чыга келсе жаркыраган Күн сымал
Чындык гана коёт баарын ордуна.
Айтып кеткен өмүрүнүн күзүндө,
Апакемдин осуяты күчүндө:
“Ушул балаң Күндүн уулу болот” деп
Ууздай кары айткан экен, түшүндө.
Адам деген жалган сөздөн уялат,
Акты кара дей бергениң – кыянат.
Акыр түбү абийир гана тараза
Аныгында чындык гана зыярат…
Жыргалбек Касаболот
(Стамбул, 11/04/22)
***
Мени деле уга жүр
Айтып жаттың чыгарчудай желиңди
Аласаң бар өңдүү кыйбас кишиңде.
Унчукпастан жуткан сайын кебиңди
Улам бир сөз өлүп жатты ичимде.
Арызчылсың, бул дүйнөгө таарына
Арак ичсең адамды укпай көшөргөн.
Арманыңды милдет кылдың баарына
А мен баарын сопсоо жүрүп көтөргөм.
Эзилесиң, эстеп өткөн кезиңди,
Эптей салып чындыгыңа жалганды.
Бул өмүрдө сеники эле сезимби?
Бул дүйнөдө сеники эле арманбы?
Бийик сөздү кеп кыласың ар кандай.
Бир ооз менин сурабастан алымды.
Бул дүйнөдө өзүң эле калгандай
Бугуңду айтып кашайтпагын жанымды!
Кинелейсиң киргил суудай топтолуп
Кичинекей чындыгыңды жар салып.
Элдин баарын карагыдай сот болуп
Эч ким сага карыз эмес анчалык.
Көп нерсенин сырын каткан көзүмдү
Көрүп туруп түшүнбөдүң эмгиче.
Уга жүргүн менин деле сөзүмдү
Унчуга албай калган саатым келгиче…
Жыргалбек Касаболот
(10/02/2022)
***
Сепил
Жамгырда жашы көлдөгөн,
Жайында суусап чөлдөгөн,
Эзелки чептин таштары
Эмнени гана көрбөгөн?
Убакыт сырын жандырган
Устанын колун талдырган,
Уранды жатат, бир кезде
Убара болуп салдырган.
Канча бут келип басты экен,
Кандай жоо келип чапты экен?
Каректин жарык нуру өчүп
Канчоонун башы жатты экен?
Көрсөтпөй канча күйгөнүн
Көтөрүп шаардын үйлөрүн,
Көркөмү болуп туюлат
Көөнөргөн ушул дүйнөнүн.
Эскиге жаңы жарашып,
Эбин таап жакын жанашып,
Тамынын боорун, бактардын
Тамыры турат талашып.
Кең асман толо кептер көп.
Келгенден кайра кеткен көп.
Чаалыккан Жердин бетинде
Чалдыбар болгон чептер көп.
Эзелки доорду көрбөгөн,
Эмдиги шартка көнбөгөн,
Элүүдөн ашкан мен деле
Эскирген сепил өңдөнөм…
Жыргалбек Касаболот
(Стамбул, 06/02/2022)
***
Периштелер
(«Илхам» тобунун элесине)
Ыр бөлмөсү… Кайран жаштык гүлдөгөн,
Ырыс менен ынтымактын бурчу эле.
Пенделиктин булганычын билбеген
Пейли таза периштелер турчу эле.
От чачырап көздөрүнөн күнү-түн
Обондору ойлор менен жарышчу.
Ай нурунда айбыкпастан ыр үчүн
Алыкулдун мүрзөсүнө барышчу.
Айткан сөзгө коргошундай эриген
Акындардын арасында жүргөндө,
Жан-дүйнөсүн чачып турчу перилер,
Жатакана жарылчу эле күлгөндө.
Төгүнү жок далай сырды түнөткөн,
Төгүшчү эле көөдөнүнө батпаса.
Шүгүр кылчу жаштыгына жүрөктөр,
Шүүдүрүмдүн тамчысындай таптаза.
Алыс болуп кол жеткидей жакыны,
Аса байлап далай тулпар таң ашты…
Периштелер канат жайып акыры
Пенделердин дүйнөсүнө тарашты.
Жаздык тиксе кубандырып жумшагы,
Жакындарга төшөп бүтүн өмүрүн,
Кайран куштар уясына жумшады
Каркыранын канатындай көңүлүн.
Көкүрөктө көрүнбөгөн бук калып,
Көйнөк менен жүзү кошо бырышты.
Асман койну жер бетинде жыттанып
Акырында Адам болуп тынышты.
… Азаюуда сагынгандар андагы
Абазы мол, арзуусу мөл түндөрдү.
Ышы калып эчак өчкөн шамдагы
Ыр окулбай чыр окулган күн келди.
Антсе дагы ак-карасы аралаш
Азыркыдан өткөн күнгө шаң улап,
Ар кай жерден асман менен санаалаш
Ак куулардын обондору жаңырат.
Кайрыктары эскирсе да баягы
Кадимкидей жапжаш, турган турушу.
Каркыранын канатындай аялуу
Кайталангыс дүйнө тура, бул ушу!
Жыргалбек Касаболот
(30/01/2022, Стамбул)
***
Урпактарга
Унуткарат мезгил чаңын себелеп,
Укпасаңар урушпайбыз, жемелеп.
Үзүлбөгөн үмүт болуп, тирүүлөр
Үстүбүздө турасыңар тебелеп.
Күрөө тамыр ысык канга жирелип,
Күрөштөрдөн бир тирилип, бир өлүп,
Күн көрүнбөй калган жерде жатабыз,
Күздө түшкөн жалбырактай күрөлүп.
Жатат мында жакын-алыс кишибиз.
Жасап кеткен жакшы-жаман ишибиз.
Кумга сиңген агын суудай алыбыз,
Кумурсканын мээнетиндей күчүбүз.
Бул турмуштун мыйзамы бар урагыс,
Бул дүйнөнүн сырлары көп, сурагыс.
Кыр-кырлардан сагынганда кайрылып
Кыргызча эле салам айтып турабыз.
Ушул жашоо – бүтпөс сүйүү, эрегиш,
Унутулган кайрыктарда келебиз.
Таштасаңар тамандарда тепселип,
Таянсаңар тамыр болуп беребиз.
Уучтап келип кайрат менен жигерди,
Урпактарым улантат деп бир элди,
Үнү угулбас алыс жолго баратып
Үрөн кылып таштап кеттик силерди…
Жыргалбек Касаболот
(23/12/2021)
***
Балапан короз баяны
Ал кезде митинг мыкты эле…
Ак Үй жак көп сөз укту эле.
Бакиев тобун «Кетсин!» деп
Байсалов кошо чыкты эле.
Куугунтук абдан курч эле.
Курманбек доорун сүрчү эле,
Жапаров менен Ташиев
Жан-дилин төшөп жүрчү эле.
Бандиттер элге баш болгон.
Балапан короз жаш болгон,
Бүгүнкү турган эки дос
Буларга түбү кас болгон.
Кыйындар өлүп жаткан кез,
Кылмышын Жаныш жапкан кез.
Оңбогон гана “Дикобраз”
ОБОНду ойлоп тапкан кез.
Жугунду күтүп жумуштан,
Жуттугун Түптөн кылышкан.
“Каркыра калсын!” дегенди
Катындар талап урушкан.
ЦАРИИге баарын сунушкан,
“Царектор” ишти кылышкан,
Азамат эрдин мыктысын
Аянттан атып тынышкан.
Арадан кылым өткөнбү,
Аконит мээге тепкенби?
Кырк жылда кегин кууп алчу
Кыргыздын эси кеткенби?
Ак Үйдүн аткан октору
Акылга акыл кошподу.
Бир топ жыл өтүп, Жаныштын
Бийликке келди достору.
Эки дос айтып жалганды,
“Элдикпиз!” дешип карганды.
Манасты күткөн кыргыздар
Максимге кайра алданды.
Бакиев болуп “уулдуу,”
Балапан короз кубулду.
Англия жактан жылт этип,
Ак Үйдөн сөзү угулду.
“Башчыбыз сонун дили” дейт.
“Бар экен башка кими?” дейт.
“Кызматым андан аябайм,
Кыргыздын Петр Бири!” дейт.
Кубулуп чоңдор көп ирет,
Кууланса калпы көбүрөт.
Мекенин саткан короздор
Мекиян болот көрүнөт.
Эрендер болсо бейиште,
Эл үчүн түшүп кейишке,
“Жаныңды жебе!” дей албай
Жатышат, Ата-Бейитте…
Жыргалбек Касаболот
***
Эжеме кат
Тең бөлүшүп айткан менен дегенди,
Тээ илгертен жоктотподуң энемди.
Өткөн чактан кайтаарыңа ишенбейм –
Өзүм койгом келбес жайга денеңди.
Жарым жылда көп нерседен кеч калдым.
Жанып жүрүп чыйралайын деп калдым.
«Жибешкаа?…» деп чучук сунсам күлчү элең
Жилик чаксам өзүм жалгыз жеп калдым.
Бүгүн Бишкек кардан кымкап жамынды,
Бүлөң болсо күлгөнүңдү сагынды.
Бааягыда сүрөтүмдү жөнөткөм,
Бала кезим коштоп жүрсүн жаныңды.
Азыр мизим андагыдан бүлөндү,
Айрым жерде айтаар сөзүм түгөндү.
Сен экөөбүз жоруп койгон түштөгү
Сээп жүрөм ойдон бүткөн үрөндү.
Жаңы чындык кандай экен, көндүңбү?
Жаңы жерде көчөт болуп өндүңбү?
Өмүр бою кеп кылчу элең эскерип,
Өткөн-кеткен жакындарды көрдүңбү?
Көзгө урунбайт кетишиң да, келишиң.
Көрүп деле жаткандырсың эл ичин.
Колго тийди биз эңсеген бир китеп,
Кол тамгасын ала элекмин сен үчүн.
«Жардам бербей кантип түтөт көзүм?» деп,
Жашачу элең, жан үрөбөй өзүм деп.
Ал тарапка качан барам, ким билет,
Айтор сага айта турган сөзүм көп…
Келер-кетер өмүр экен жылдырган,
Кереги жок, нур кыздары кылгырган.
Бейиш болуп тосуп чыкса болгону
Пейлиң сенин, дасторконду ыр кылган.
Тагдыр күттүң талкаланган, үшүгөн,
Таттуу уйкуңан чочутпайын, түшүңөн.
Бугум менен айтып алдым, болбосо
Бул дүйнөдөн чаалыкканың түшүнөм…
Жыргалбек Касаболот