Динара Бейшеналиева: Күндөй ырлар асманда, жазбай койдум…

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Адам, сен ааламдардын карегисиң

Аял кишинин жүрөгү үлбүрөк болоорбу. Акыркы кездерде көп нерсени укпас, көрбөс болдум. Аял болгонум үчүн эмес, адам болгонум үчүн Кудай дейм. Баткан Күнгө балкып, чыккан Күнгө ысысам да Көктү карайм. Эстеген сайын байлык сурабайм, түз жол сурайм. Түбүң түшкөн дүнүйөнүн өзөгү түздүк болорун жон терим менен сездим. Непадам, оюңа кылт эткен арамдык түшсө аягың мүдүрүлөт. Оо дүнүйөдөгү кыл көпүрө – бу дүнүйөдөгү кыл көпүрөнүн көчүрмөсү. Оо дүнүйөдөгү алоонгон оттун отунун бу дүйнөдө өзүң чогултасың…

Адам, сен болмуштардын данегисиң,
Адам, сен ааламдардын карегисиң.
Адам, сен тебеленбе жалгандарга,
Адам, сен акыйкаттын дарегисиң.
Бу дүнүйө болгону бир көңүл экен.
Адам, сен, улоого эле келиптирсиң.
Улоо менен уланып өмүрүң да,
Адам, сен, түбөлүктү жеңиптирсиң.
Адам, сен болмуштардын данегисиң.
Адам, сен ааламдардын карегисиң.

Бийиктиктин кадырын – урайлекте тааныгын
“Кырктын кырына келдиңби, базарың жүрүп калыптыр”- деген сөз бар. Өлүм базары жөнүндө ушундай кеп.Соодалашасың. Мынча кила соопко, мынча литр жарык. Мынча баккам жакшылык. Жамандыгым мынчасы… Мен көйнөк базарында көп жүрдүм. Ал базардын кичинекей эле экенин каяктан билиптирмин. Билсем го, туулганы эле өлүм базарын аралап кетмекмин. Бар акчама текейден арзан сатылып жаткан соопторду алып жыйнай бермекмин… Күлкүм келет. Айласы кеткен кишинин күлкүсү келет экен. Мындай күлкү ыйдан жаман болот окшобойбу….

 

Түз жолдордун кадырын – кулайлекте тааныгын.
Бийиктиктин кадырын – урайлекте тааныгын.
Кепин келелегинде – жеткин ата наркына,
Жетим бололегиңде – жеткин эне баркына.

Күч-кубаттын кадырын – ал тайганча билгиниң.
Сулуулуктун кадырын – картайганча билгиниң.
Адал, арам, ак, кара тараптарды билип жүр.
Башка балээ келгенче – Жаратканың билип жүр.

Жакшы сөзгө жаралган, кайран оозду кор кылба,
Сүйлөөрүңдөн сен мурун ойлон, сөздөн — ор кылба.
Бар болмуштун кадырга, жок болгончо жетсеңчи.
Бар күнүңдү бактыга – айландыра кетсеңчи….

***
Ак башат

“Ката кылганың үчүн өзүңдөн өзүң уялбасаң, бул күнөөдөн да чоң”-деген экен ата-бабалар. Ушул сөз эмнегедир мээме кыттай куюлду. Ызаат, ыйбаа менен мамиле жасаган адамдарды көргөндө ичиң жылыйт. Бирөөнүн шагын сындырбай, назардан калбаган адам дегеле кем болбойт. Өсөт. Өнөт. “Таяктын эки учу бар, бирөөнүн жамандыгына сүйүнүп, жакшылыгына күйүнгөндөр да кездешет” дешет. Чыным айтсам, мен аларды көргөн жокмун. Кездешпедим…
Дене менен жандын кайсынысы узак жашайт десе, даанышмандар жандын улуулугун айтышат. Дүйнөлүк болоор болбос нерселер менен түбөлүк жашап калчу жаныбызды түйшүккө салып, кичирейлип, түгөтүп, жоготуп, күйгүзүп алгандан Кудай сактасын….

Оо, жан, оттон, суудан өткөнсүң ойдолоктоп,
Миллирад доор сиңирген Улуусуң сен.
Топурактан жуурулуп, адам болгон,
Тосоңдордон мурунку Сулуусуң сен.

Көйнөк-денем, азыркы ак ылайдан,
Алтын үнүм куюлду сурунайдан,
Жарык жүздүү жан өзү Эзелки Нур,
Жанган көзүм, жайнаган сулуу Айдан…

Жарышат да жарыктар, оо жарыктар.
Түбү барып, Жалгызга кошулган бир.
Ак айланат, ааламым ак айланат,
Актын башы Кудайга созулган бир.

Түбү барып, Жалгызга кошулган бир…

Олоң чачтуу, от денең – кылчалыктыр

Көңүлүмдүн көк мелтир дастаны бар.
Жанымдын да жап-жашыл жазганы бар.
Кара байыр казанат, кайрык мезгил,
Кайрып шамал, артынан шашканым бар…

Бороон-чапкын боройдо катканым бар.
Алай – дүлөй, далайдан тапканым бар.
Жонду тилип турса да кайыш дүйнө,
Жоголбогон Жогорку Асманым бар…

Ооба, ооба, бар дедим… Ал астында,
Олоң чачтуу, от денең – кылчалыктыр…
Тутамдаган дүнүйө – тутандыргы,
Туудай кылым, кылым мес – жылчалыктыр…

Олоң чачтуу, от денең – кылчалыктыр

***
Карантин

Күндөй ырлар асманда, жазбай койдум.
Күмүш ырды бу жерден казбай койдум.
Күлүк дүйнө күүлдөп жылбайсыңбы,
Күндөрүңө дегеле батпай койдум.

Бийик ырлар көктөдүр, жазбай койдум.
Билинбесин бу жерден казбай койдум.
Оодарылаар, дүнүйө жылбайсыңбы,
Ооналактап түнүңө батпай койдум.

Түндүгүм бу түйшүктөй эптеген бир.
Шамал жүрөт, а сыртта кетпеген бир.
Кара бутак карарган ыр ырдашат,
Кадалсам да жүрөккө жетпеген үн….

Кадалсам да жүрөккө жетпеген үн….

Жер-менин туулган айылым

Түн. Туталанам. Аквариум ичиндеги балык сезем өзүмдү. Эгем сууну алмаштырса тазаланат, болбосо чалчык. Эгем төбөмдөн жем таштаса жейм, болбосо ачмын. Сүзгөнүм бекер. Күткөнүм жем.
Оо, Кудай, мени жем жеш үчүн эле жаратпаган чыгаарсың. Топурактын ичи нур эмеспи, мени төрт бурчектин ортосуна камап эмне кыласың? Бул жерден чыгарып таштачы! Чыгып кетейинчи, Сен Кадыр эмессиңби….
Бир күн сурандым. Бир ай, бир жыл сурандым. Түн. Отурам адаттагыдай. Байкасам дем алганым башкача, жа-ай. Жүрөгүмдө сүйүүдөн башка нерсеге орун жок, толуп турду… Ысык… Ичим ысыйт…Кыбыр эткендин барын жакшы көрдүм ушул азыр. Бир жаралыптырмын, бир мүмкүнчүлүк берилиптир, жакшылык гана тилеп өтүп кетейин… Отурган ордумду тээ үстүнөн карадым. Ооба, ал менин өтүмүшүм экен. Алышып, тартышып, таарынышып…Кайран күндөрүм…Бирок, жаманды көрбөсөң жакшынын баркы кайдан?…Бир аз өзгөрсөң дүнүйө түп тамырынан бери алдыңа жайылып…
Көпөлөк шам чыракты айланып учуп жүрү. Карап турам. Бу керемет экен көпөлөк. Кудайдын Жандуу деген ысым сыпатынын чагылышы бар тура. Терезеде өсүп турган гүлдөн Кудайдын Сулуу деген ысым сыпатынын чагылышын көрдүм. Кумурсканы, куртту да өлтүрбөшүң керек…
Оо, кара жер, узак жашагайсың. Сенин бир кычыгыңда кыргыз деген эл жашайт, сени менен узак-узак жолго чыккан, бар болгой.Түн бар болгой. Күн бар болгой…
Көпөлөк канаттарын дир-дир эткизип, чырак айланып учуп жүрү…Карап турам… Катып эле карап тургуң келет…Көпөлөктү көргөн жокмун, көзүмөн жашым тамчылайт. Дүнүйөнүн кайсы бир эшиги ачылып калгансыды..Ал Бар…Бардык жерде Бар…

 

 

 

 

 

 

 

 

 

***
Жер чоң эмес,
Жер бир үлкөн – айыл чыны.
А айылдар жайгашкан,
Аалам деген дүйнө бар.
Аалам анан жайгашкан,
Болмуш деген чийне бар.
Болмуш дагы жайгашкан,
Боп-бош, Боштук үймө бар.
Убак сааты сөзү жок.
Кулак көзү, өзү жок.
Андан ары жок дебе.
Дагы- дагы, дагы бар,
Нөл, нөлдөргө барабар.
Нөл-нөлдөрдү жок дебе,
Накталыктар башталыш.
Нак данектер ташталыш.
Нөлдүн баары – башталыш…

Эркиндик

(Мини-поэма)

“…Он милосерд: Он Магомету,
Открыл сияющий Коран,
Да притечем и мы ко свету,
И да падет с очей туман…”
А.С.Пушкин

Биринчи күбө- Күн:
Эгем экөө жаратты,
Аалам, адам улуулап.
Руханиятты, дүйнөнү,
Тартуулаган сулуулап.

Экинчи күбө, Шамал :
Сулуу кылып жаратса,
Жер астына не көмөт?
Мендей болуп адамдар,
Учушпайбы? Не өлөт?

Биринчи күбө- Күн:
Ооруу менен соолук да бир азыктан болот, бил,
Душмандашуу, махабат жакындыктан толот, бил.
Элгегенге алыс-жуук, жаратылган бул адам.
Сен шамалсың, сыр алыс. Балким, сага жомок бил.

Доогер, Убакыт:
Жамандык үчүн эмес, жакшылык үчүн жиберилгем.
Караңгылык үчүн эмес, жарыктык үчүн имерилгем.
Адамың – оюн-зоок, шапар-шарапка чачып таштады,
Баркымды баалаган жок…Экинчи жиберилбейм…

Сот:
Пас болуп, мас болуп, жулунуп жулкунуп бир,
Өмүр уурдатканың – уурулук бил.
Өкүм чыгарам: Өмүр боюу зынданда жатсын.
Сен напсиңди эмес, напсиң сени баксын.

Адам:
Менин сотум- беш маал намазым,
Кудайды эстетип турган.
Өлүм тууралуу ой-санаалар.
Караңгылыкты көз алдыга сунган,
Жабыр тарткан -Убакыт сынган,
Мени кечиргиле.
Напсим мени каралабай,
Адвакат болуп берсин,
Сабырымды – өзөк,
Садакамды -далил кылып,
Эркиндикке чыгам….

Экинчи күбө, Шамал :
Жан – ал баарын жараткан.
Күн, Асманды караткан.
Жан – периште чындыгы,
Жалган менен бараткан.
Мен учтум,
Мен учтум.
Шуу.

ДНКда ошондо,
Мурунку да ошондо.
Кийиз китеп жаздырган,
Кийинки да ошондо.
Жеткирбейм,
Жеткирбейм,
Кеттим,
Мен.
Шуу…

2019-жыл, 6-август.

Тоого чыктым

Бир орунда көбүрөөк отурсаң, денелер курушуп кетет экен. Иш ошол да, спортсмен болсом го, башкача болот эле. Өзүмдүн жакшы көргөн врачым бар. ”Динара, канча километр бастың?” деп сурап турат. “Дептер ачып, число коюп, жазып тур, текшерем”-дейт телефондон. Тамашалаганы менен чындап күйүп-бышып. Кой, калпычы болбой тоого чыгып келейин деп бүгүн чыгындык.
Кеткиң келбеген керемет жер да тоо деген. Үч күн, үч күн жатып эс алганга чатыр менен келишиң керек бу жерге.
Тоолордо тоолордой ойлор бар деген туура, карасаң дүйнө өзү тоого окшойт. Сен кыйкырган жакшы- жаман сөз өзүңө жаңырык болуп кайтып. Киши болсоң кишинин, чымчык болсоң чымчыктын үнү кайтат чырылдап жаңырып. Жаңырык бир укумуш. Ушул жаңырыкта да алда нерсе катылып жаткан сыяк. Мисалы, дүйнөнүн күзгү экени. “Эй” десең, “эй” деген үн кайра келет.”Эмне болду?” деп бурмаланып келбейт.Чындык ушул тоолордо. Бийиктик да тоолордо. Отурдум. Суладым…Булут жылып баратыры…

Түштө, өңүмдө тоолордун башындамын.
Түбөлүктүү сагыныч кашындамын.
Түйшүк тарта түйүлө калсам эгер,
Түзөтүүгө койнуңа жашынганмын

Азис өмүр тоолордон бүткөнбү дейм,
Айткан сөздүн кайрадан келиши бар.
Үн жаңырык, чагылыш ирмемдердин,
Үмүт менен үзүлөөр жемиши бар….

Түштө, өңүмдө тоолордун башындамын.
Түбөлүктүү сагыныч кашындамын.
Түйшүк тарта түйүлө калсам эгер,
Түзөтүүгө койнуңа жашынганмын.

Күзгүдөн чоочуйм

Күзгү карасам, мени мен эмес эле башка бирөө тиктеп тургандай болуп, коё салгыча шашам. Каякка шашам билбейм, шаша берем. Күзгүдөгү неме артыман кыйкырат…
Убакытты ая. Ар бир көз ирмем кымбат.
Убакыттын уурусу- оюн-зоок, уурулук-кескилик, текебердик, жалкоолук, билимсиздик, уятсыздык, кенебестик…
Кудайды эсте. Адам калыбын сактайт.
Өлүмдү эсте. Өмүрдү сактайт….Кыйкырык…

***

Жаркыган таңдарыңан,
Жаралыш заңдарыңан,
Адашып калдымбы мен,
Алыстап жардамыңан…

Сүйүүнүн жанганынан,
Түбөлүк бардамыңан,
Кагылып кетсем болот,
Калтырба жардамыңан…

Болбосо улуу элем,
Тоолордон, карларынан.
Күн, Айдан, көлмө, көлчүк,
Көлкүгөн салдарынан.

Ааламды болтургансың,
Адамдын жарыгына.
Бар элем бир үлпүнчөк,
Бар элем Жарыгыңда.

Караңгы жүздөн өттүм.
Бейишбак күзгө жеттим.
“Укпасаң, сынал” деген,
Утурум түзгө кеттим…

Динара Бейшеналиева

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.