Балдар адабияты: китепке үндөгөн “Китепландия”
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү. 1950-жылдан бери майрамдалып келаткан бул күндү Кыргызстан да акыркы жылдары белгилей баштады. Көбүнчө балдардын укуктарын коргоого арналган бул күндү ата-энелер негизинен перзенттерин эркелетип, аларга көңүл буруп, оюн ойнотуп, каалаганын алып берип өткөрүшөт. Бирок биз балдарыбыздын толук жарамдуу кыргыз жараны катары калыптанышын кааласак, эртедир-кечтир чечилиши керек болгон, колдон келсе эмитен чече турган бир маселе бар. Ал – балдарыбыз жаштайынан башка тилге өтүп кетип атканы.
Жеткинчектер колуна телефон тийери менен ал жакта кеңири жайылган контентти кайсы тилде көрсө, ошол тилде сүйлөп кетип атат. Буга чейин эле телевизордо 70тей канал болсо, мультфильм, жомок ж.б. балдарга ылайыктуу контентти көрсөтө турган каналдардын дээрлик баары орусча болчу. Ошол тенденция кийин Интернеттин мобилдик версияларына андан бетер жайылды. Азыр ушу тапта бөбөктөрдүн дээрлик баары телефон талашып, колуна тийсе эле орусча мультфильмдерди, жомокторду көрүп, тили ошол жакка ооп баратат. Бул өз ара таза кыргызча сүйлөшкөн ата-энелердин да башындагы көйгөйгө айланууда.
Балдарга арналган контент чыгаруу жагынан биз башынан эле айласыз арттабыз. Жолон Мамытов, Эдилбек Сарыбаев сыяктуу кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү демилге көтөрүп тарттыргандарын эске албаганда, кыргызча мультфильмдер дээрлик жокко эсе. Ал эми чынында китепке караганда мультфильмдер алда канча таасирдүү экени ошол кезде эле белгилүү болуп калган. Андан бери ого бетер артка кеттик. Совет мезгилинде балдар адабиятына мамлекет атайын көңүл буруп, пландуу түрдө жомоктор, өспүрүмдөр үчүн тарбиялык маанидеги аңгемелер жана башка чыгармалар бастырылып келсе, эгемендик жылдары такыр эле көңүл бурулбай калды.
Акыркы жылдары гана ЮНИСЕФ сыяктуу уюмдардын демөөрчүлүгү менен чакан китептер басылууда. Бирок алардын өз талабы жана стандарты бар, ага жазуучулардын баары эле көнө бербейт жана анын да олуттуу себептери көп. Убагында Муса Жангазиев, Токтосун Самудинов, Турар Кожомбердиев ж. б. акын-жазуучулар баштап кеткен жол ойдогудай уланбай, ал тургай алардын мезгил сынынан өткөн мурасы системалуу пайдаланылбай жатат. Экинчиден кыргыз адабиятын окутууда ошол мезгил сынынан кайсынысы өтүп, кайсынысы тарых барактарында гана калганын талдап, инвентаризациялап чыгуу – өтө чоң ресурстарды талап кылган, бирок чечилиши зарыл маселе (Жыргалбек Касаболот. “Гуманитардык билим берүүнүн жаңы парадигмасы”).
Мындай шартта балдар үчүн кыргызча кандай китептер жазылып атканын изилдеп, аларга саресеп салуу – актуалдуулугу небак бышып жетилген, бирок түйшүктүү иш. Анын жүрүшүн, оош-кыйышын адистер өзүнчө айтышаар, азырынча бул багытта жеткинчектер үчүн жазылып жаткан аздыр-көптүр ийгиликтүү чыгармаларга баарыбыз көңүл буруп, башкаларга жеткирип турганыбыз маанилүү. Жеке менин пикиримде, алардын арасынан акыркы жылдары көңүл бура турган өзгөчө чыгармалардын бири – Талантбек Шабиевдин “Китепландия” аттуу жомогу.
Китеп мектеп жашындагы кыргыз тилдүү жеткинчектерге арналган. Аны текстти шар окуганга, сүйлөмдөрдүн маанисин түшүнгөнгө жарап калган балдар жакшы кабыл алат. Сюжети өтө кызыктуу. Жомоктогу падыша саякатка чыгып, көптөгөн кызыктуу окуяларга туш болуп, анын акылдуу баласы жалаң аскер күчүнө таянган каардуу хандын мүнөзүн китепке кызыктыруу менен өзгөртүп, анын жакшы адамга айлануусуна себепкер болот. Андан наркы окуялардын негизги нугу да жакшылык жамандыкты, билим түркөйлүктү, достук кастыкты жеңерине багытталган гуманисттик идеялар менен сугарылган. Кара күчтүн идеалдары кийинки муунду кара таандай каптап, билимге умтулган жаштарга бурулган көңүл экинчи планга сүрүлүп жаткан азыркы шартта мындай багыттама китептин кудуретине болгон ишенимди ойготуп, көптөгөн өспүрүмдөрдүн болочок ориентирин өзгөртөөрү шексиз.
Китептин дагы бир ийгиликтүү жагы – кыргыз тилинде жазылганы, каармандарынын көбү кыргыз жомокторуна мүнөздүү болгону менен аны кайсы тилге болбосун которсо да түп нускасы тиешелүү тилде чыгарылган жомок сыяктуу кабылданып кете берет. Бул анын сиңимдүүлүгүн арттырат. Эгерде бир нече тилге которулуп, чет өлкөдөн өз окурмандарын тапса Гарри Поттер тууралуу жомоктор сериясы сыяктуу балдар аудиториясынын кыйла бөлүгүн тартышы мүмкүн.
Китептеги окуялардын үзгүлтүксүз уланышы, окурманды жетелеп кете берген сюжеттик сызык анын негизинде мультипликациялык сериал тартууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргыз анимациялык фильмдери саны жагынан да, сапаты жагынан да айласыз артта калып, бул балдардын тилге болгон мамилесине эң орчундуу таасир этип жатканын эске алганда, бул да абдан актуалдуу мүмкүнчүлүк.
Мен кыргыз балдар адабиятынын акыркы үлгүлөрүнөн өзүм жакшы билген бир гана чыгарманы китепти мисал келтирдим. Башка кыргыз окурмандары да өзү билген китептерди сунуш кылса андан бетер жакшы.
Кеңири маанисинде балдарды коргоо – аларды физикалык зомбулуктан гана сактоо эмес. Азыркы заманда анын катарына балдарды өз элинен алыстаткан сырткы таасирден, диний радикализмден, тескери тарбиядан, зыяндуу идеалдардан да коргоо киргени көп болду. Оюнчук сынат, кийим эскирет, оюн-зоок көптүн бири катары эстен чыгат. Андыктан балдарыбыздын келечегин ойлосок, аларга “Китепландия” сыяктуу кыргызча жомокторду тартуулап, туура багыт берип, балдар арасында кыргыз тилинин жайылышына бир тамчыдан болсо да салым кошолу, мындай жакшы саамалыктарды бардык каналдар аркылуу жайылталы демекчимин. Балдарыбыз бул жомоктун каарманындай болуп азыркы замандын терс күчтөрүн жеңип чыгууга умтула берсин.
Биздин адамдык милдетибиздин бири ошондо.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ