Жыпара АКУНОВА – акын жана журналист

Студенттик кез. 5-жатакана. Анда КМУнун филология факультетинин студенттери жашашчу. Акын, жазуучу болом деп далалат жасаган студенттердин дубал гезити болор эле. Бат-баттан акындардын ырлары чыгып, ал ырларынын авторлорун тааныганга шашчубуз. Бир ирет Жыпар Акунованын ырлары чыгыптыр. Чоң курстун студенттери “Ал дагы илмейген арык кыз ушундай сонун ырларды жазыптыр, Клара Кичимолдоева экөө дайым ээрчишип жүрүшөт. Акын кыздар дос тура”- деп калышты. Ошондон кийин Жыпар бизге жакын тааныш болуп калды. Факультеттин дубал гезитинде, “Ленинчил жаш” гезитине ырлары жарык көрүп, поэзия сүйүүчүлөр тааный башташты. Студенттик күндөрдөн калемин курчуткан Жыпар Акунова акын, журналисттин жүгүн өмүрүнүн аягына чейин бирге алып жүрдү.

Алгачкы кадам

“Өзүнө ой санаасы, руханий дүйнөсү, табигый мүнөзү шай келишкен адамды жолуктуруу бул деле бакыт», — деп Чыңгыз Айтматов айткандай, кулк — мүнөзү өзүнө жарашкан, дүйнө таанымы кең, чыгармачылык жагдайда өз эмгегинен ырахат тартуулаган жан эле. Жыпар Акунова Кыргыз журналисткасында кыргыздын таланттуу төгөрөгү төп келген чыгаан кыздарынын бири болду. Эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинен баштады. Тагдырдын буйругу менен өмүрлүк жолдошу Акун экөө кол кармашып Ошто иштеп, Ошто жашап калышты. Ошондо “Ленин жолу” газетасында кабарчылык кызматка орун жок корректор болуп иштеп, анан кабарчылыкка өттү. Бул жылдар ичинде ар кыл тармактан макалаларды жазды. Мал багып, бак тигип, эгин талааны гүлдөтүп, мол түшүм алгандардын бейнесин ачып, эмгек күжүрмөндөрүн жазды. Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын аймактарын кыдырды.

Өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуп, эмгек жасагандардын үлгүлүү иштерин, тажрыйбаларын элге жеткирди. Социалисттик эмгектин баатырлары менен бетме-бет сүйлөшүп, күндүн көйгөйлүү маселелерин көтөрдү. Сын макалаларды жазды. Ошону менен бирге акындык өнөрүн өөрчүттү. Жаратылыштын кереметтерин, мекенге болгон сүйүүсүн, сүйүү темаларында да ички сезиминдеги баккан ойлорун ырга айлантты.

Үй-бүлөгө кам кор, мээримдүү эне

Балдарына өтө мээримдүү эне болду Жолдошу Акундун оорун колдон, жеңилин жерден алган камкор түгөй, кайын журтуна жакын күйүмдүү келин болчу. Достук мамилеге да бекем эле. Анын бой көтөрбөгөн жөнөкөйлүгү, адамгерчилик мамилеси жогору эле. Сырга бекем, ашыкча сөз айтпаган, баары менен бирдей мамиле жасаган жан эле. Кыргыз Республикасынын Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы кызматын аркалады. Облус башчысынын районго жасаган иш сапарлары боюнча маалыматты ошол эле күнү массалык маалымат каражаттарына берип турчу. Баса, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн кесиптик майрамдарында мекеме- ишканалардын жетекчилери менен иштешип, демөөрчүлук жасатып, журналисттерге моралдык колдоо көрсөтүп турчу. Эл аралык уюмдар аркылуу долбоорлордун негизинде семинарларды уюштуруп, журналисттерге ар тараптуу колдоо корсөтөөр эле. Ошол семинарларга катышкан журналисттердин эсинде болсо керек. Жаңычыл, изденип иштөөгө жаштарга жол көрсөтүп турган өзгөчө касиети бар эле. Өмүрүнүн аягына чейин “Кыргыз туусу” гезитинде Түштүк аймагы боюнча кабарчы, андан соң башкы редактордун Түштүк аймагы боюнча орун басары кызматын аркалап колунан калемин түшүрбөдү.

«А мен бала бойдон калгым келет»

Демекчи, Жыпардын жан дүйнөсү лирикага жакын болгондуктан жакшы чыгармаларды жазууга умтулчу. Ал бала чагы өткөн Нарын жергесинин таза абасын, кооздугун, салкындыгын айтып эскерээр эле. Түшкөн жерим Алай да ошондой кооз, салкын, окшош жактары көп. Ошондон уламбы эки жакты бөлүп карай албайм дечү. Чыгармачыл инсан болгондуктан ар дайым изденүү үстүндө иштеди. Ал көөдөнүндө сактаган көркөм лирикаларын чиймелеп, изденип иштеп олтурду. “Шок жылдыз”, “Каректе калган жаз”, “Дил чырак”, “Түштүккө түшкөн келин”,”Жүрөгүңө барчу жолду издепмин” аңгемелер жана ырлар жыйнактарынын автору. Белгилүү обончу Эгемберди Талипов Жыпар Акунованын ырларына обон жазган. Ал ырлар ыр ышкыбоздору тарабынан ырдалып жүрөт. Кыргыз Республикасынын Жазуучулар, Журналисттер союзунун мүчөсү, Кыргызстан-Өзбекстан жаш акындар фестивалынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын маданият министрлиги тарабынан “Маданияттын мыктысы” Төш белгиси, Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзу тарабынан “Алтын калем” сыйлыгын алган. Жыпар Акунованы эскерип жатып, анын ырларынан сунуштайбыз.

 

ОШПИРИМДЕ ТУМАР ТОО

Көөдөнүндө согуп турган солкулдап,
Сулайман Тоо Оштуктардын жүрөгү.
Ош шаарына тумар болуп тагылган,
Ош шаарына түнкү шамдай жагылган,
Сулайман Тоо – Ош шаарынын жүрөгү.

Дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн аты бар,
Жер жүзүндө не бир укмуш жерлер жок.
Асман тиреп кооз болсо да канчалык,
Чок ортого жүрөк болуп тагылган,
Сулаймандай ыйык, сулуу тоосу жок.

Тарам, тарам бүт денеге тараган,
Кан тамырдай Ак-Буурасы агылат.
Мажүрүм тал саамайлары самсаалап,
Үч кылымды уламыштай жашаган,
Ошпиримде достук шамы жагылат.

Ыйыктыгын уламыштар улаган,
Кереметиң алыс жерде сураган.
Сыйынууга келип алыс-жакындан,
Сыйкыр таштын сырын айтып бабалар,
Кылымдардан кылым сырын уга алган.

 

ЖЫЛДАР МЕНЕН КУСАЛЫГЫМ ЭСКИРИП…

Аска-зоодон так секирген улактай.
Теңиртоонун тентек кызы мен элем.
Шоктугумду апам гана кечирип,
Бой тартканда токтолосуң дечү элең.

Бой жеткенде көзүң албай көзүмдөн,
Перидейсиң, көз тийбесин дечү элең.
Көз мончокту тагып жатып колума,
Тынчың кетип, убайымды жечү элең.

Кеткенимде кыздар менен көчөгө,
Үйгө кирбей, сыртта күтүп турчусуң.
Алыс жактан кокус жаным ооруса,
Апакем ай, аны сезип, турчусуң.

Өксүп, өксүп ыйлап ие жаздаймын,
Апа, сени эстегенде эчкирип.
Жылдар гана жан дүйнөмдү дарылап,
Мезгил менен кусалыгым эскирип.

Динара Жусупбекова, КР Ардак грамотасынын ээси, “Ош жаңырыгы”, 10.10.2023

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.