Ай караган адам
Жаңы чыгып, окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган жазуучу Курманалы Сапарбаевдин «Кызыл китеп» аттуу училтигиндеги «Ай отурду» деген окуя мени катуу толкутуп, аябагандай таасир калтырды. Анда калмак баскынчылары Боомдон чыгып, Чүйдөгү кыргыздарды кысып, Талас өрөөнүнө чыккандагы окуялар сурөттөлөт. Ошондо Кайыңды тоосунун жанындагы бир айыл жаңы төрөлгөн бөбөккө той берип жатканда капыс Чүйдөн шашыла келген чабаганчы калмактардын Чүй өрөөнүнө чыккандыгын айтып келет. Заматта көтөрүлгөн коңул буулат. Жаккан от өчүрүлөт. Ошондо той дароо токтоп, бышырылган тамак уу ичкендей ичилет.
Кийинкиге калтырбай айта кете турган иш мен жазуучунун ушул чыгармасынын бет ачарына катышкам. Белгилүү адабиятчы, сынчы Эсенбей Нурушев, журналист, жазуучу, Алыкул Осмоновдун энциклопедиясынын автору Мундузбек Тентимишев, журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев, булбул үндүү ырчы, СССРдин эл артисти Дарыйка Жалгасынова ж. б. роман-үчилтик жөнундө көптөгөн жылуу сөздөрдү айтышты жана кийинки убакта жазылган мыкты чыгарма катары карашты. Бирок роман көлөмдүү, үч мезгилди кармаган окуялуу болгондуктан анда көптөгөн нерселер айтылбай калып калды. Аны мен китепти алгандан кийин окуп чыктым жана бир окуя жөнүндө өз оюмду айтууну туура көрдүм.
Ошондо айылдагы бир оорукчал кары кишинин акыркы күндөрү ашкере сүрөттөлөт. Жазуучу ушул кыска деп айтарлык бөлүмдө адам жанын терең түшүнгөндүк, байкам менен терең ачып берген. Карыя балдары урушка кетип, кемпири экөө жалгыз калган. Ал бул жерде акыркы күндөрүн өткөрүп жатканын билет. Өмүр бою ачка-токтон, ысык-сууктан жыйналган ооруу аны алкымдан алып тургандыктан акыркы күндөрүн сулуу айдан жаралган жаркын көрүнүш менен өткөрмөккө бекийт. Ал ушунда тоо аркасынан иймее, ороктой болуп көтөрүлө, адамды эңсете, мелтирене, табышмактуу чыккан айды кароо менен алек. Ал айдын сулуулугуна канбады. Карыя балдары урушка кетип, кемпири экөө жалгыз калган. Ага кемпири, деги эле айыл эли жардам берип, каралашып турат. Романдагы кыргыз кемпирлеринин бардык асыл сапаттарын алып жүргөн, бирок ырымчыл, санаалуу Санаа кемпир, келини Найдай экөө аларга коңшу.
Абышканын өлөр алдындагы жашоосу айды кароо менен өтөт. Ал айдан кубаныч жана кубат табат. Кесел чалган денеси андан кубат алып, жашоодо оору менен кармашып турат. Ай анын жашоосун узарткан көмөк, таяныч. Жылуу күндөрү ал айдын чыгышын чыдамсыздык менен күтөт. Ай олтурганда анын жашоосу солгун, суз болуп өтөт. Жылуу күндөрү ал боз уйдун босогосуна төшөк садырып, айды чыккандан батканга чейин карап олтура берет. Ал батыш жактагы тоодон адегенде ороктой иймее чыга бергенин жактырат. Аны адамдар менен саламдашып чыккан, түндү жарык кылган, чыгып, батып, сагынтып келе берген тирүү жандай көрөт. Ай олтурганда гана үйгө кирет. Ал караңгыны жаман көрүп, жарыкка умтулат. Ай деген адамды зарыктыра, күттүрө, караңгыны жарык кылган өзгөрүлмө, кушубак, сулуу асман заты закымдап чыга келгенде көңүлү тунукталып, барган сайын аны жактыра карайт.
Анын оорусу барган сайын күчөй берет. Ошондо ал жаңы тууган айдын чыгымын чымыркана күтө карап, отурганда өкүнүч менен үйгө кирет. Анан ал айдын эртеңки чыгышын үзүлө күтөт. Эгер ай жаркырап чыкса аны кубана карайт. Бирок ал айдын отурушу менен өмүрүнүн аякташына да ишене берет.
Карыянын ушул оюн жанындагы кемпири да түшүнбөйт. Эшикте жалгыз отурганда улам келип, үйгө кирүүнү талап кылат.
Күн өтө айдын жүзү ага түнөргөндөй сезилет. Абышка аны белги катары карады. Ошондо кары кишиден дем кете берди. Анткени ал айды сүйүп гана карабай, курдашы, жөлөгү катары карайт. Ошентип ал ай жарыгы менен жашап жүрдү. Бир да күндү кетирбей, аны карай турган болду.
Акыры ай караган адам ал отурары менен үзүлдү. Ай отурганда келет деп күткөн кемпири кечиккенден улам эшикке чыгып караганда ал бир капталына жумшак кулаганын көрө, андан айрылганын түшүнө басып жыгылды. Тоону жара үн салды. Тирүүндө билинбеген эле. Азыр ал оо дүйнөгө аттанганда өзүн дүйнөдө жалгыз калгандай сезди.
Кары, оорукчан адам канткен менен да дегенине жете аттанды. Ал айдын батышы менен бирге үзүлдү. Бул анын көксөөсү эле. Ага жаңы конуштан мүрзө буюрду. Ал ушул жердеги көчүп келгенден берки каза болгон алгачкы адам болду.
Ал эми кемпир ушунда өзүн башкача сезди. Карыганда жөлөксүз калды. Оорудан да өткөн кесел — жалгыздыкка кабылды. Урушса да, талашса да баары бир манасчылар айткандай «биттейинде бириккен, турмуштун ысык-суугун бирге көтөрүшө келген» чалынан ажырады. Кемпир ошондо баарын көтөрүүгө болот, бирок жалгыздыкты адам көтөрө албайт деген сөздүн тууралыгына ишенди. Оюнда «он балам болгончо, осурак чалым болсун» деген лакаптьн бекер жеринен айтылбаганын сезди.
Эми чалынын кайтып кеткенин элге угузуу керек эле. Кемпир ал ишти да аткарды. Анын барар жери өзүндөй эле коңшусу Санаа эле. Ал кабарды өтө кайгыруу менен укту жана ага көңүл айтты. Кыргызда адамдын көңүлүн ордуна келтире, көтөрө турган канчалаган сөздөр бар. Санаа кемпир коңшусуна «арты кайырлуу болсун» деп, көңүл айтты. Бул бирден-бир дал ушундай учурда айтыла турган сөз эле. Кошуна кемпир ушул сөздү кабылдады да кабылдабады. Сүйүп кошулбаса да бутундөй өмүрүн бирге өткөргөн абышкасынан кымбат эч ким жок экенин, ордун эч ким толтура албай турганын билип турду. Албетте жардамга айыл эли келди. Жеңилин жерден, оорун колдон алды. Аны жерге берүүнүн камылгасын көрө ырым-жырымдардын баарын жасашты. Бул арада чакырар эч ким жок болгондон улам эч жакка кабар берилбеди. Уруш учурунда антүүгө мүмкүн да эмес эле.
Ал эртеси журтту жоо чапты. Найдай баласынын бөлө чабылган денесин бириктире Санаа кемпир экөөнү жанына алып жатты. Жанында жайнаган өлүктөр. Ал ушул өзөндө кара түн менен гана калды. Оюна нелер келип, кетпеди. Кандай жагымсыз, аянычтуу, адамдын сай сөөгүн сыздата турган көрүнүш. Адамдын төбө чачын тик тургуза турган, тула боюн дүркүрөтө өткөн кунарсыз окуя.
Найдай түнү бою баласынын муздак денесин жыттап, бооруна ката таң атырды. Кече эле ушул арада тирилик жүрүп турбады беле? Кече эле ал кайын энеси экөө бала кумарына канбай, бири-биринен талаша баланы сүйүп жүрүштү эле го. Кече эле бири-бирин түшүнө жашаган кишилер, бири-бирине көз сала жүрбөдү беле? Кече эле денесинен өсүп чыккан жыттуу, бүтүндөй журттун эрмеги, сүйүнчүгү болгон баласы ийип берген эмчегин кана ээмп, ыраазылыгын жылмая, билдирбеди беле.
Журт кыйрады. Алардын арасында Санаа кемпир да бар эле. Ал эс тарткан өмүрүндө самаган, жаңыдан гана дүйнө тааный баштаган, журттун сүймөнчүгү болгон Эрмек бала менен бирге баскынчынын колунан көз жумду.
Найдай келин эсин жыйнап туруп, каршы-терши жыгылган элди көрдү. Айлана жымжырт. Тегерегинде эч ким көрүнбөйт. Жанында жакшы көргөн баласы, чоң энеси менен кошо жатат. Ал мындай адам чыдагыс көрнштн улам дүйнөгө жетер үнү менен жер жаңырта ыйлады. Ошол замат жашоонун кызыгы кетти. Өзүн ушул аймакта жалгыз калганын сезди. Өлгөндөрдүн артынан кошо кетүү жөнүндөгү ой келип, кете берди. Ушул учурда аны өлгөндөрдү жерге берүү жөнүндөгү ой гана кармап турду.
Ал ушул маалда адам көңүлүн уйгу-туйгу кылган, энтиктирген ээндикти жана жымжырттанган жалгыздыкты сезди. Анан өзүнө келгенде өлгөндөрдүн арасында жаткан кайын энесин жана баласын көрдү да кыйкыра жыгылды. Ушул учурда жерде жаткандарды көргөн жорулар келип калган экен. Алдыңкылары ылдый түшө баштады. Ушунда аларды аман калган иттер кууп, кишилерге тийгизбей жатканын көрүп, чынында эле алар адамга жолдош, карамдуу жан экенин сезди.
Аңгыча бадалдын арасына жашына аман калган өспүрүм кыз менен бала аны көрүп, көздөрүнүн жашын чуурута чуркап келишти. Ошондо Найдай кайрадан жарала, адамдыкка кайра кайрыла келген кишиге окшоду. Өспүрүм болсо да алар кишилер. Журттун эртеңкиси. Өзүнө жөлөк, тирек. Экөө аны жалгыздыктан алып чыгып жатпайбы.
Ооба, Найдай ошол замат тириле түштү. Кайра жаралгандай абалга кабылды. Ошол замат ал экөөн кучактай, бооруна кысты. Алардын жардамы менен өлгөндөрдүн жүздөрүн жууп, атка сүйрөтүп алып келип, үмүт дөбөгө коюп чыгышты. Ушул үч бечара делген жандар, үчөм деп айтылуучу кишилер ошончо кишилерди алып келип, бири-бирине тийгизе жаткырышып, үстүдөгү эшилме шагыл кумду кулата түшүрө көмүп, үстүн тегиздеп чыгышты. Үч бечара адам журттагылардын жүздөрүн аруу жууп, кепини жок жерге беришти. Алардын аракети менен каз болгон кишилер жерден жай тапты. Талаада калып, карга-кузгунга жем болбоду. Алар колдорунан келишинче өлгөндөрдү каада-салт боюнча жерге беришти. Алардын аракети менен каза болгондордун жүздөрү жуула, тазалана көмүлдү.
Үчөө өздөрүнүн улуу пенделик милдетин эң жогорку деңгээлде аткарышты.
Китепти окуганда окурмандын көңүлүнө жогоруда айтылган ойлор келип кетпей койбойт. Жазуучу дал ушул жазым менен баскынчылыктын убагында да адам деген бийик сөздү, туруктуулукту, сулуулукту, көркөмдүктү, түбөлүктүүлүктү, башка асыл адамдык сапаттарды алып жүргөн адамдарды, анын ичинде карыянын акыркы күндөрүндөгү өмүрүн чеберчилик менен чагылдыганына окуган адам ишенбей койбойт.
Ушул бөлүм романга аябай тирөөч боло, кубат берип турат. Жазуучу да дегенине жетти десек болот. Ал адам аттуунун өзү бара турган дүйнөгө канааттануу менен сапар алганын, ойлорун жетерине жеткире ачкан. Ал ушул окуя менен Гётенин, “Каждый человек это целый мир, под каждым надгробнъм камнем история целого мира” деген сөзүн бекемдей берет. Адам жана ай жөнүндө мынчалык кызыктуу, терең, орундуу ойлор айтыла элек десек жаңылышпайбыз. Жазуучу катылып жаткан ойлорду таап чыгып, окурмандарга тартуу кылды. Не бир жаңы боёктор менен сүртө ачык көрсөттү. Аны окуп чыккандан кийин бүтүндөй бир ойлордун коруна кабыласың.
Ооба, карыя дегенине жетти. Ал бара турган жакка, ай элесин, образын көңүлүнө түйө, кармана, өзү менен кошо ала кетти. Ал айдын отурумун көрүп, каза тапты. Бирок анын кайра чыгарын билет эле. Ай ошентип, атам замандан бери сагындыра чыга, зарыктыра отура берерин да билет болуучу. Ал эми өзү биротоло кетет. Ың-жыңсыз дегендей жоголот. Жер жүзүнө кайтып келбейт. Бирок ал ушунусуна ыраазы. Жараткан аны ай отурумун көргүлүк кылды. Карыя аны тагдырдын иши деп билди.
Ал эми ай антпейт. Кайрылып көрүнөт. Ай жадыр дүйнө. Кишиге жакын. Оо, ал чыгарда өңүн өзгөртө, кайра жаралгандай кутум, эңсөө, менен келет. Адамдарды сагына, куса болгондой түр көрсөтөт. Өзүнүн сын-сыпатына баа бере турган адамдар гана. Ошондонбу, адамдар көрсүн, көз кумарын кандырсын, жаңыдан туулуп, жаш абалында көзгө сүйүктүү көрүнө, кусаланта, жарк эте иймене чыгат. Анан да убагынан бир саамга кечикпейт. Неткен так жан. Ай эмгек этип, чарчагандай отурат деле эс алгандай боло жерди, адамдарды көрүүгө ашыккандай чыгат. Адам аны кусалана узатат да күтөт.
Карагылачы, автор романдын чакан бөлүгү менен абышка-кемпирдин жашоосундагы күтүрөгөн сезимдерди, ойлорду аңтара таап чыкты. Ушундай тубөлүктүү темалар анын бардык китептеринде бар жана аларды да ишнимдүү чечкен. Кадырман окурмандар ошол китептерди окуп чыкса ишенбей койбойт.
Абышка айдын жер жүзүнө тийгизген таасирин билбейт, ал жөнүндөгү түшүнүгү жок. Бирок ал айдын асманда салынган жолу менен чыгып, өсө берип, толо, анан кайра кемий бере отурганга чейинки абалын көрүп билет. Автор адам жана ай жөнүндө улам жаны ойлорду, боёкторду таап, ар тараптан сүрөттөйт.
Ал чыгармаларында ай жөнүндө көп жазат, бирок кайталанбайт. Ар бир чыгармада айдын башка, билине элек көрүнүштөрү жаркып чыга келет. Ал мейли ыр менен, кара сөз менен жазган чыгармаларында ай касиетин, кооздугун, өң өзгөртө кубулушун ага байланышкан эпизоддор, деталдар менен коштойт. Мисалга бизге анын «Азалуу жылдыздар» деген көлөмдүү поэмасынан айрым саптарды келтирүүгө туура келет. Анда автор бир нече сап, 1 түрмөк ыр менен ай келбетин, касиетин ачып берет.
Көл көрүндү, кара жерди жазданат,
Ай алдында шарпа салып назданат.
Айдын нуру ага узун жол салат,
Баскан сайын кызды ээрчип калышпайт.
Көлдүн жүзү нечен ирет өзгөрөт,
Жана көргөн кубулуштар алыстайт.
Өрдөк калкыйт ай жолунун үстүндө,
Майда толкун менен ага урунуп.
Бирде өйдө, бирде ылдый кылтылдап,
Кылтылдаган ай нуруна жуунуп.
Ат көл кечет, жүгөн менен суу ичет,
Андан толкун оонайт, селт деп бурунуп.
Ай калемгердин сонуркап, жазып бүтпөс дүйнөсү. Көргүсү келе берген, таркабаган кумары. Анын жаратылыштагы ашыгы. Ай анын бардьк чыгармаларында авторду коштоп жүрөт. Ошол эле китептен бир түрмөк ыр.
Аппак ай го анык адам күзгүсү,
Ал күзгүнүн ажырабас асты, үстү.
Дүнүйөгө сулуу өңдү жараткан,
Көрчү, көрчү табыяттын күчтүүсү.
Ай да кетти, көктө жанды жылдыздар,
Бийиктиктен өмүрлөргө көз салат.
Убагында келген кара түн менен,
Жарганаттай жетилет да көз жарат.
Калемгер ушул эле китебинде айдан өтө жылдыздарга кабылат. Жылдыздарды жандууларга чыгарат. Анда ал жөнүндө өтө терең айтылган бир түрмөк ыры бар.
Ай да кетти, көктө жанды жылдыздар,
Бийиктиктен өмүрлөргө көз салат.
Убагында келген кара түн менен,
Жарганаттай жетилет да көз жарат,
Кылым менен байкап адам өмүрүн,
Түшүнүккө келбесине таң калат.
Тилек тилеп, кайтышса деп ырайдан,
Өмүрлөрдүн ээрин алып каңтарат.
Ай, жылдыздар, аалам, күн жөнүндө калемгердин башка чыгармаларында да өтө ылайыктуу саптар бар экенин окурмандардын эсине салабыз. Ушулар жөнүндө өзгөчө “Добуш” аттуу роман-үчилтигинде жазылган түрмөктөр гана эмес, бөлүмдөр бар. Бирок макаланьн көлөмүн көбөйтпөйлү деген максатта ушул эле үзүндүлөр менен чектелдик.
Окуяны андан ары улантууга туура келет. Ай өзүн жактырган бир сүйүктүү пендесинен ажырады. Ал өз өмүрүндө ушундай ай караган канча адамдарды жоготту дейсиң. Ай, жылдыздар белгилүү убакка чейин жашодон кеткен адамдарга аза күтөт деле кайрадан чыгып, адам уругуна көз салат.
Ооба, карыя дегенине жетти. Бирок айыл эли анте албады. Ал эми ай чыкканда ушул өзөндөгү адамдардын арасынан Найдай келин менен калган бир кыз, баланы көрөт да капа болот.
Жазуучу ушул жана башка көрүнүштөр менен геноциддин жүзүн ача, көркөм көрсөткөн кьргыз адабиятындагы алгачкы иш десек жаңылышпайбыз.
Найдай эми өзүнө гана калган, жүктөлгөн, баатырлар Шербото, Кайыпназардын журтту кайра жаратуу деген керезди ишенимдүү мойнуна алды. Ал үчүн өлүп тирилерин билдирди да жолго чыкты. Анын ушул «болбос, аткарылбас» деп саналган иштин аткарылышына биз окурмандар эмнегедир ишене бердик. Себеби дегенде анын артында калдайган эл турат. Алар Найдайга жардамга келет.
Бир уруудан үчөө бар. Балдар өсүп, жетилет. Алар үй-бүлө күтөт, бирок бул узактанган иш. Ошентсе да керезди аткарыш үчүн чымырканыш керек. Ошондо тигилген бир түп дарактан көп дарак пайда болуп, тамырын жаят. Урук чыгат. Найдайга боюндагы баласы менен Айпери кошулат.
Найдайды баатырлардын керези, улуу милдет жана жоопкерчилик өлүмдөн алып калды. Ал журт эли тукум курут болуп кеткенден кийин жашоонун кызыгы кайсы деген сөзүнөн кайтты. Ал баатырларга берген убадасын аткаруу мындан аркы жашоодогу максатым деп эсептеди.
Мына ушул ойлорду жазуучу көмүскөдө калтырган. Окуянын артын бууп, түшүнөр деген ой менен бизге калтырган. А биз аны түшүндүк да туура чечмеледик. Ушул иш аткарылса ал көзү өтүп кеткен баатырлардан өткөн, дарамат чалган, өлбөс-өчпөс иш жасарын окурмандардын эсине салабыз.
Ушундан кийин керез деген улуу түшүнүктүн маани-маңызы кандай экени жөнүндөгү ой жарк эте чыга келет. Адам андан катуу таасирленет.
Окуяны андан ары улантпай, мурдагыдан өткөн, адамды силкиндире берген көрүнүштөрдү окурман өзү окуйт деген үмү менен биз кыска макалабызды аяктоону туура таптык.
Бегим Турдалиева